Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 678 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар тарабынан Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин (2005-жыл) сакталышына багытталган натыйжалуу чараларды көрүү максатында түзүлгөн.
2. Координациялык кеңешти төрага - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жетектейт, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри эсептелет. Координациялык кеңеш коомдук башталышта иштейт.
3. Координациялык кеңештин курамына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери, өзгөчө кооптуу оорулар менен ооруган же андан жабыр тарткан адамдар же алардын өкүлү болгон адамдар, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлдөрү кирет.
Координациялык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы бекитет.
Зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин жыйналыштарына анын төрагасынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Координациялык кеңештин курамына кирбеген аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери, эл аралык, донордук жана башка уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
4. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Координациялык кеңештин ишинин принциптери, негизги милдеттери жана функциялары
5. Координациялык кеңештин ишинин негизги принциптери:
- иштин ачык-айкындуулугу;
- Кыргыз Республикасында өзгөчө кооптуу эпидемияларга (ВИЧ/СПИД, кургак учук жана башкалар) каршы күрөшүүдө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун кызматташтыгы жана өнөктөштүгү;
- анын ишине өзгөчө кооптуу оорулар менен ооруган же жабыр тарткан адамдардын катышуусу;
- кабыл алынуучу чечимдерди жамааттык, эркин жана ачык талкуулоо;
- коллегиалуулук жана анын мүчөлөрүнүн теңчилиги;
- кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо.
6. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коомдук саламаттык сактоо жана Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди сактоо жаатындагы саясаттын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана практикалык чараларды иштеп чыгуу;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, коомдук уюмдардын, бизнес-коомдоштуктардын жана оорулардын алдын алуу, калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо боюнча башка өнөктөштөрдүн ишин координациялоо;
- калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
7. Координациялык кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- калктын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган иш-чаралардын аткарылышына, ошондой эле эл аралык жана донордук уюмдардын ушул максаттарга багытталган финансылык жана башка каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү;
- коомдук саламаттык сактоо көйгөйлөрүн чечүүдө алдынкы дүйнөлүк тажрыйбаны Кыргыз Республикасында колдонуу боюнча маселелерди кароо;
- калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун багыттарын жана артыкчылыктарын аныктоо;
- жалпыга маалымдоо каражаттары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар аркылуу калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча калкты кеңири маалымдоону камсыз кылуу;
- калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү менен байланышкан башка актуалдуу маселелерди кароо;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, тармактык программаларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жылдын жыйынтыгы менен кароо.
3. Координациялык кеңештин укуктары
8. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча жыйналыштарга чакырууга жана угууга жана Координациялык кеңештин чечимдеринин натыйжалуу аткарылышына талдоо жүргүзүүгө;
- Координациялык кеңештин жыйналыштарда кароо зарылдыгын негиздөө менен кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
- Координациялык кеңешке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча), коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, илимий кызматкерлердин, башка көз карандысыз эксперттердин арасынан координациялык түзүмдөрдү (комитеттерди) түзүүгө, алардын курамын жана алар жөнүндө жоболорду бекитүүгө;
- өлкөнүн артыкчылыктуу муктаждыктарынын негизинде эл аралык жана донордук уюмдарга улуттук өтүнмөлөрдү жөнөтүү боюнча Координациялык кеңештин комитеттеринин чечимдерин бекитүүгө, бекитилбеген учурда - конкреттүү сунуштамаларды көрсөтүү менен кайра карап чыгуу үчүн комитеттерге кайтарууга.
4. Координациялык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
9. Координациялык кеңешке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Координациялык кеңештин төрагасы:
- Координациялык кеңештин жыйналышын чакырат жана жүргүзөт, жыйналышта каралууга тийиш болгон маселелерди аныктайт;
- аткаруу бийлигинин органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардын коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча макулдашылган аракеттерин камсыз кылат;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча маалыматтарды сурап алат;
- коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
- Координациялык кеңештин атынан чыгат жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышта иштейт;
- Координациялык кеңешти жетектөө боюнча башка функцияларды аткарат.
10. Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
5. Координациялык кеңештин уюштуруу иши
11. Координациялык кеңештин иши зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес чакырылуучу жыйналыштарды өткөрүү формасында жүзөгө ашырылат. Координациялык кеңештин жыйналышы эгерде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн төрттөн үч бөлүгүнөн кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
Координациялык кеңештин иш планы Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан берилген сунуштардын негизинде жыл сайын түзүлөт жана аны төрага ар жылдын 25-январына чейин бекитет.
12. Координациялык кеңештин чечими Координациялык кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Ар бир чечим боюнча өзгөчө пикир жыйналыштын протоколуна киргизилет. Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколуна төрага кол коёт.
13. Координациялык кеңештин кезексиз жыйналышы анын каалаган мүчөсүнүн сунушу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү тарабынан колдоого алынган учурда чакырылышы мүмкүн.
14. Координациялык кеңештин кезектеги жыйналышынын күн тартиби жана чечимдердин (сунуштардын) долбоорлору катчы тарабынан Координациялык кеңештин жыйналышы башталган күнгө чейин 7 күндөн кечиктирбестен анын мүчөлөрүнө жиберилет.
6. Координациялык кеңештин жумушчу органы
15. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саналат. Жумушчу органдын милдеттерине: Координациялык кеңештин жыйналышына материалдарды даярдоо, Координациялык кеңештин мүчөлөрүн маалыматтык-аналитикалык материалдар менен камсыз кылуу, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, Координациялык кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүү, Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо кирет.
16. Координациялык кеңештин катчысы болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы эсептелет.