Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-декабры № 678
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Калктын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган коомдук саламаттык сактоо көйгөйлөрүн чечүү боюнча координациялоону күчөтүү жана натыйжалуу чараларды көрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 403 буйругу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасы; |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин катчысы. |
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз коомдук саламаттык сактоо ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- ВИЧ/СПИД же кургак учук чөйрөсүндө иштеген, өкмөттүк эмес уюмдардын улуттук форумунда шайланган өкмөттүк эмес уюмдардын/коомчулуктардын өкүлү (макулдашуу боюнча).