Загрузка документа…
2-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 260 токтомуна) |
Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1.1. Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Бул өрт коопсуздугунун талаптары (мындан ары - ӨКТ) жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарына карата колдонулат.
1.2. Бул ӨКТ өрт коопсуздугунун колдонуудагы ченемдерине жана эрежелерине ылайык иштелип чыккан жана жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда турак үйлөргө жана жайларга карата колдонулат.
1.3. Ушул Талаптардын жоболору жеке турак үйлөрдө, көп батирлүү турак үйлөрдүн биринчи жана экинчи кабаттарында жайгашкан чакан сандагы үй-бүлө топторунун жана мектепке чейинки курактагы балдардын башка топторунун жайларына алардын өрт коопсуздугун жана өрткө каршы жабдуулар менен камсыз кылуу талаптарын эске алуу менен колдонулат.
2. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкерлердин жеке жана көп батирлүү турак үйлөрүнүн аймактарына карата колдонулуучу өрт коопсуздугунун талаптары
2.1. Жеке ишкерлер тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн аймагынын абалына карата колдонулуучу талаптар өрт чыгуу коркунучун жана өрттүн терс кесепеттерин азайтууга багытталган.
2.2. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкерлердин жеке жана көп батирлүү турак үйлөрүнүн аймагы дайыма тазалыкта кармалышы жана калдыктардан, күйүүчү таштандылардан, түшкөн жалбырактардан, кургак чөптөн дайыма тазаланып турушу зарыл.
2.3. Бардык имараттарга жана курулмаларга, өрткө каршы суу булактарына, ошондой эле өрт өчүрүү шаймандарына эркин кирүү камсыз кылынууга тийиш.
2.4. От жагууга жана калдыктарды, таңгактарды өрттөөгө тыюу салынат.
2.5. Имараттардын жер төлөсүндөгү терезелериндеги жарык киргизүүчү чуңкурчалары таштандылардан жана башка нерселерден тазаланып турушу керек.
2.6. Корголуучу объекттин аймагында таштанды челектери, суу куюлган идиштери менен жабдылган жана тиешелүү жазуулар жана белгилер менен белгиленген атайын бөлүнгөн жайларда гана тамеки чегүүгө жол берилет.
2.7. Отун (көмүр, отун) сактоого, ачык от менен тамак даярдоого бөлүнгөн жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн участоктору (курулмалары) обочо болууга, тосмолор менен тосулууга жана балдардын оюн аянтчасынан бөлүнүп турууга тийиш.
3. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкерлердин жеке жана көп батирлүү турак үйлөрүнүн жайларына карата колдонулуучу өрт коопсуздугунун талаптары
3.1. Өрт чыккан учурда адамдарды эвакуациялоо пландары имараттын көрүнүктүү жерине илинет, планда эвакуациялоочу чыгуулар жана аларга баруучу жолдор, өрт чыккан учурда кызматкерлердин аракеттери боюнча нускамалар, балдар жана кызматкерлер чогулуучу жерлер, өрт өчүрүүчү жабдуулар жана сигнализация орнотулган жерлер көрсөтүлүп турат.
Ошондой эле балдардын өрт коопсуздугу боюнча туруктуу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында бөлмөнүн көрүнүктүү жерине "Өрт коопсуздук бурчу" жасалат.
3.2. Эвакуациялоочу чыгууларга авариялык жарыктандырууга (эгерде бар болсо) туташтырылган тиешелүү "ЧЫГУУ" белгиси коюлууга тийиш.
3.3. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- синтетикалык күйүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана килемчелерди колдонууга;
- терезелерди темир торчолор менен тосууга;
- күйгөндө уулуу заттарды бөлүп чыгаруучу материалдардан жасалган асма шып жабууларын жана дубал шыбактарын колдонууга;
- өтмөктөрдөгү жолду кичирейтүүгө жана балдарды коопсуз эвакуациялоого тоскоол болгон кошумча кресло, отургучтарды же башка эмеректерди коюуга;
- тез күйүүчү суюктуктарды жана пиротехникалык буюмдарды, анын ичинде чатырларда, жер төлөлөрдө сактоого;
- бензин, керосин жана башка тез күйүүчү суюктуктар менен бөлмөлөрдү тазалоо жана кийимдерди жуу, ошондой эле тоңуп калган түтүктөрдү күйгүзүүчү шамдар жана башка ыкмалар менен ачык от менен эритүүгө болбойт. Тоңуп калган түтүктөрдү, жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жылытуу ысык суу, буу жана ысытылган кум менен жүргүзүлөт;
- изоляциясы бузулган электр зымдарын жана кабелдерин иштетүүгө;
- бузулган розеткаларды, өчүргүчтөрдү жана башка электр орнотмолорун колдонууга;
- электр лампаларын жана шам чырактарды кагаз, кездеме жана башка күйүүчү материалдар менен таңууга, ошондой эле шам чырактарды түзүлүшүндө каралган капкактарын (жарык чачыраткычтарын) алып салуу менен пайдаланууга;
- жылуулукту коргоочу түзүлүштөрү жок электр үтүктөрүн, электр мештерин, электр чайнектерин жана башка электр жылыткычтарын, ошондой эле түзүлүшүндө каралган терможөндөгүчү жок же бузулган учурда пайдаланууга;
- стандарттуу эмес (өз алдынча жасалган) электр жылыткычтарын, жылытуу элементтери ачык болгон приборлорду колдонууга;
- өндүрүүчү заводдун көрсөтмөсүнө ылайык күнү-түнү иштөөгө тийиш болгон электр приборлорун кошпогондо, электр тармагына туташтырылган электр жылыткычтарын, ошондой эле башка тиричилик электр приборлорун, анын ичинде күтүү режиминде турган электр приборлорун сайылган бойдон кароосуз калтырууга;
- от жагылып жаткан мештерди кароосуз калтырууга, ошондой эле аларды көзөмөлдөөнү балдарга тапшырууга;
- эвакуациялоочу чыгуу жолдорунда босоголорду (эшиктердин босоголорун кошпогондо), чыныгы эшиктерге окшош жасалма эшиктерди, ошондой эле күзгүлөрдү коюуга.
3.4. Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтары балдардын саны төмөнкүдөй болгон учурда жүзөгө ашырылууга тийиш:
- жеке турак үйлөрдө балдардын саны бир кызматкерге 8 бала эсебинде белгиленет;
- көп батирлүү турак үйлөрдө - 10 баладан ашык эмес, мында жаш (наристе) курактагы балдар көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына гана жайгаштырылышы керек.
Жеке менчигиндеги же ижарага алынган, 2-кабаттан жогору эмес жайгашкан, даярдоо курагындагы балдар үчүн авариялык чыгуулар болгон эки жактуу багыты менен балкондору, лоджиялары бар батирди пайдаланууга жол берилет.
3.5. Балдардын уктоочу жайлары башка максаттар үчүн колдонулган бөлмөлөрдөн өрткө каршы тосмолор (дубалдар, тосмолор) менен бөлүнгөн өзүнчө бөлмөлөргө жайгаштырылат.
3.6. Жылытуу системалары менен жабдуу үчүн бөлүнгөн жайлар (мештердин бөлмөлөрү, отканалар) обочо жана өзүнүн кире бериши болууга жана курулуш конструкциялары күйбөгөн материалдар менен курулууга тийиш.
3.7. Жылытуу мезгили башталганга чейин мештерди (морлорду жана мештерди көөдөн тазалоо), отканаларды, жылуулук генераторлорун, аба жылыткычтарын жана каминдерди, ошондой эле башка жылытуучу, жылуулук берүүчү түзүлүштөрдү жана системаларды текшерүү жана оңдоо зарыл.
Мештерди жана башка жылытуучу приборлорду күйүүчү конструкциялардан өрткө каршы тосмо (аралык) калтырбастан, 0,5 х 0,7 метрден кем эмес өлчөмдөгү күйбөөчү материалдан жасалган мештин алдында (жыгач же күйүүчү материалдан жасалган башка полдо) коргоочу темирсиз, ошондой эле тосмо (аралык) жана мештин алдындагы коргоочу темир күйгөн жана бузулган учурда колдонууга тыюу салынат.
Газ жабдуулары (отказандар, мештер ж.б.) каралган жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн жайларында газ сигнализаторлорун жана электромагниттик клапандарды орнотууну камсыз кылуу зарыл.
3.8. Мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн жайлары өрт башталган стадиясында локалдаштыруу жана толук өчүрүү үчүн колдонулуучу алгачкы өрт өчүрүүчү жабдуулар менен камсыз болушу керек.
3.9. Алгачкы каражаттардын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык, бирок 2 бирдиктен кем эмес аныкталат.
3.10. Жайларда эмеректерди жана жабдууларды жайгаштырууда балдарды тоскоолсуз эвакуациялоо жана өрт өчүрүү каражаттарына жетүү камсыз кылынат.
3.11. Окуу бөлмөлөрүндө окуу-тарбиялоо процессин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон гана эмерек, приборлор, моделдер, керек-жарактар, көрсөтмө куралдар шкафтарда, текчелерде же туруктуу орнотулган текчелерде сакталат.
3.12. Чатырлар таза кармалып, ар дайым кулпуга бекитилип турушу керек. Чатырдын ачкычтары сутканын каалаган убагында алуу үчүн жеткиликтүү болгон белгилүү бир жерде сакталышы керек.
3.13. Балдардын күнү-түнү калган мектепке чейинки билим берүү кызматтары көрсөтүлүүчү жеке жана көп батирлүү турак үйлөрдүн жайларында телефон байланышын камсыз кылуу менен тейлөөчү персоналдын күнү-түнү кезмети уюштурулат.
Мында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү объект тейлөө районунда жайгашкан өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдөрүнө ушул объектте болгон адамдардын (балдардын) саны тууралуу маалыматты күн сайын берип турууга милдеттүү.
3.14. Электр энергиясы өчүп калган учурда ачык отту колдонуу менен жарыктандырууларды (шамдар, керосин лампалары ж.б.) колдонууга болбойт.
3.15. Иш-чараларды (кечелерди, чогулуштарды, спектаклдерди, концерттерди, киносеанстарды, жаңы жылдык балатыларды) өткөрүүдө коргоо объекттеринин жетекчилери же бул иш-чараларды өткөрүүгө жооптуу адамдар бардык жайлардын, эвакуациялоочу жолдорду жана чыгуучу жерлердин өрт режимин ушул ӨКТ талаптарына ылайык келишин текшериши керек, ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттардын, телефон байланыштын жана өрт автоматикасынын (болгон учурда) бар экендигине, оң абалда экендигине ынануу керек.
Бул учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- дого прожекторлорун, шамдарды жана хлопушкаларды колдонууга, фейерверктерди жана башка өрт чыгуу коркунучуна алып келүүчү жарык берүүчү эффекттерди уюштурууга;
- бөлмөлөрдү караңгылатуу үчүн терезелерге тосмолорду колдонууга;
- оюн коюлган учурда бөлмөнүн жарыгын толугу менен өчүрүүгө;
- жайларды мектепке чейинки билим берүү кызматтарын албаган адамдар менен толтурууга;
- үй шартында жасалган электр гирляндаларын, жарык жана музыкалык орнотмолорду, электромузыкалык аппаратураларды, жаңы жылдык балатыны айлантуу үчүн түзүлүштөрдү колдонууга жана балатыга колдонулуучу гирляндалардын жылтылдаган эффекттерин түзүүгө.
4. Турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү персоналга жана жетекчилерге талаптар
4.1. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкер - жетекчи мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу жана ушул ӨКТнын толук аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
4.2. Өрт коопсуздугуна техникалык чаралардан тышкары, өрт учурунда аракет көрүү эрежелери жана өрттүн келип чыгуу ыктымалдыгын болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө персоналды, ата-энелерди жана балдарды маалымдоо чаралары кирет.
4.3. Балдарды багуу боюнча кызмат көрсөтүүчү ар бир кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришер алдында өрт коопсуздугу боюнча нускамалар менен милдеттүү тартипте таанышып чыгышы керек.
4.4. Нускама менен таанышуу персоналдын өрт чыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө үйрөтүүгө багытталган. Өрт учурунда аракет көрүү эрежелерине үйрөтүү, өрт болгон учурда балдарды бөлмөдөн ыкчам тартипте эвакуациялоого багытталган.
4.6. Жетекчи жыл сайын алгачкы (жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер үчүн), экинчи (жарым жыл сайын) жана максаттуу (бош убакытты уюштуруу иш-чараларын өткөрүүнүн алдында) тартипте атайын журналга жазуу менен нускамалар менен тааныштырып турат.
4.7. Бардык кызматкерлер ушул ӨКТны билүүгө жана аткарууга, өрт өчүрүүчү каражаттарды колдоно билүүгө милдеттүү.