Сравнение редакций…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна) |
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Мекеме) ишинин тартибин аныктайт.
2. Мекеменин негизги иши "Манас" эпосунун үчилтигинде (мындан ары - "Манас" эпосу) жана кенже эпостордо камтылган руханий-философиялык жана адеп-ахлактык-этикалык баалуулуктарды изилдөө, сактоо, популярдаштыруу жана өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүү болуп саналат.
3. Мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Мекеме "улуттук" укуктук статуска ээ.
5. Мекеме ыкчам башкаруу укугуна негизделген, уюштуруунун уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Мекеме "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
6. Мекеменин өзүнүн бланктары, мөөрлөрү, штамптары, банктык эсептери жана башка эсептери болот.
7. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Национальная академия "Манас";
- англис тилинде: Government Institution "Manas" National Academy".
8. Мекеменин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Манас" улуттук академиясы;
- расмий тилде: Национальная академия "Манас";
- англис тилинде: "Manas" National Academy.
9. Мекеменин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1, Раззаков көчөсү, 8/2.
2. Мекеменин максаты, милдеттери жана функциялары
10. Мекеменин максаты болуп башка өлкөлөр менен маданияттар аралык диалогду түзүү жана өнүктүрүү, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө жана илгерилетүү саналат.
11. Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө "Манас" эпосунун үчилтигин, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө жана кеңири жайылтуу менен байланышкан маданий, илимий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- эл аралык жана республикалык катышуучулар үчүн стипендиялык программаларды жана гранттарды уюштуруу жана ыйгаруу;
- "Манас" эпосунун үчилтигин, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө, кеңири жайылтуу, сактоо жана популярдаштыруу;
- кыргыз элинин эпикалык мурасына комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, манасологияны жана эпостаанууну заманбап дүйнөлүк гуманитардык илимдин максаттуу багыты катары өнүктүрүү;
- кыргыз элинин материалдык эмес мурастарына байланышкан маданий өнүгүүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
- "Манас" эпосунун классикалык варианттарын, ар кандай деңгээлдеги окуу жайлары үчүн манастаануунун окуу-методикалык курсун сактоону, популярдаштырууну жана коргоону мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо жөнүндө чараларды иштеп чыгуу жана сунуштарды киргизүү.
12. Мекеменин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөөгө, маданиятын жана искусствосун дүйнөгө жайылтууга көмөктөшүүчү республикалык жана эл аралык илимий конференцияларды, форумдарды, конкурстарды, симпозиумдарды, конгресстерди уюштуруу жана өткөрүү, көргөзмөлүк, туристтик, креативдүү долбоорлорду жана башка илимий-практикалык жана окуу-методикалык иш-чараларды өткөрүү;
- кыргыз элинин маданияты, искусствосу, материалдык эмес маданий мурастары маселелери боюнча чет өлкөлүк уюмдар, илимий-изилдөө жана маданий мекемелер менен иштөө;
- "Манас" эпосунун гуманисттик идеяларын, ошондой эле кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде пропагандалоодо чыгармачыл бирикмелердин, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;
- кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун руханий баалуулуктарын, материалдык эмес маданий мурастарын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө, анын ичинде онлайн форматта жайылтуучу илимий, илимий-популярдуу, мезгилдүү, маалыматтык ресурстарды жарыялоо, тематикалык чыгармаларды, окуу-агартуучу жана этнографиялык материалдарды түзүү;
- адистер тарабынан ар кандай деңгээлдеги окуу жайларында манастаануу курсунун окуу-методикалык комплексин түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- кыргыз элинин "Манас" эпосун, кенже эпосторун жана материалдык эмес маданий мурастарын комплекстүү изилдөө максатында фольклордук, этнографиялык, этнологиялык илимий-талаа экспедицияларын уюштуруу жана өткөрүү;
- жарандык коомдогу айтуучулардын ролун сактоо, коргоо жана аныктоо максатында айтуучулардын туруктуу дүйнөлүк форумун уюштуруу жана өткөрүү;
- "Манас" эпосун, кенже эпосторду сактоо, коргоо, ар тараптан изилдөө максатында эпостаануучулардын туруктуу дүйнөлүк форумун уюштуруу жана өткөрүү;
- кыргыз элинин маданияты, искусствосу, материалдык эмес маданий мурасы жаатында ар кандай маалыматтык ресурстарды түзүүгө, мультимедиялык, чыгармачыл долбоорлорду иштеп чыгууга жана колдоого көмөк көрсөтүү;
-кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун салттуу варианттарынын кол жазмаларын, аудио-, видео-, санариптик жана башка материалдарын чогултуу жана бирдиктүү фонд түзүү;
- кыргыз элинин манасология, эпостаануу жана материалдык эмес маданий мурасы жаатындагы изилдөөлөрдүн натыйжалары чагылдырылган эпостордун варианттарынын кол жазмаларын, илимий, илимий-популярдуу жана илимий-публицистикалык материалдарды чогултуу, сактоо, санариптештирүү, кодификациялоо жана жарыялоо;
- кыргыз элинин "Манас" эпосу, кенже эпостору, материалдык эмес маданий мурастары боюнча маданияттын жана искусствонун ар кандай түрлөрүндөгү жана жанрларындагы чыгармаларды чогултуу, системалаштыруу;
- мыйзамдарда каралган башка функцияларды аткаруу.
3. Мекеменин ишин уюштуруу
13. Мекемени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу президент башкарат.
Мекеменин президентинин кызмат ордуна талапкер илимий даражага жана наамга, манасология тармагындагы олуттуу илимий жетишкендиктерге ээ болууга тийиш.
14. Мекемеде президент жок болгон учурда аны алмаштыруучу вице-президенттин кызмат орду каралат.
Вице-президент Мекеменин президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Мекеменин президенти:
- Мекеменин ишин жетектейт жана Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомдордо жана бирикмелерде Мекеменин атынан чыгат, Мекеменин кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерге, ишеним каттарга жана Мекеменин финансы-чарбалык документтерине кол коёт;
- консультациялык максаттарда консультациялык-кеңешүүчү орган түзүүгө укуктуу;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- чектүү штаттык сандын чегинде Мекеменин штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;
- Мекеменин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Жобо менен Мекеменин компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечет;
- жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
16. Мекеменин вице-президенти:
- орто мөөнөттүү келечекке Мекеменин ишинин стратегиясынын долбоорун, келерки жылга карата Мекеменин ишинин планынын долбоорун иштеп чыгат жана Мекеменин президентине бекитүүгө сунуштайт;
- Мекеменин ишинин стратегиясын жана бир жылга Мекеменин ишинин планын аткарууну уюштуруу жана контролдоо боюнча Мекеменин президентинин тапшырмаларын аткарат;
- Мекеменин аткарган иши боюнча жылдык отчетту Мекеменин Президентине белгиленген тартипте берет;
- Мекеменин президентинин айрым тапшырмаларын аткарат, белгиленген тартипте аны алмаштырат.
17. Мекемеде сунуш жана кеңеш берүүчү орган катары окумуштуулар кеңеши, убактылуу, максаттуу жана комплекстүү коомдук кеңештер, убактылуу чыгармачыл/жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
18. Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт.
19. Мекеменин кызматкерлеринин иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Эсепке алуу, пландоо, отчет берүү
20. Мекеме өз ишинин жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана статистикалык отчет жүргүзөт.
21. Мекеменин ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети контролдойт.
22. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Мекеменин карамагындагы каражаттардын эсебинен ички аудит жүргүзөт.
5. Мекеменин мүлкү
23. Мекеменин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат.
24. Мекеменин мүлкү негизги фонддордон, жүгүртүүдөгү каражаттардан, ошондой эле башка материалдык баалуулуктардан турат, алардын наркы Мекеменин балансында көрсөтүлөт.
25. Мекеменин мүлкүн түзүү булактары:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- гранттар, кайрымдуулук салымдары, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен тыюу салынбаган башка булактар.
6. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
26. Мекемени жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
27. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийин калган мүлк мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилет.
28. Мекеменин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна) |
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мекеме) ишинин тартибин аныктайт.
2. Мекеменин негизги иши "Манас" эпосунун үчилтигинде (мындан ары - "Манас" эпосу) жана кенже эпостордо камтылган, келечек муунга өткөрүп берилүүчү руханий-философиялык жана адеп-ахлактык-этикалык баалуулуктарды изилдөө, сактоо, популярдаштыруу жана коммуникация болуп саналат.
3. Мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Мекеме "улуттук" статуска ээ.
5. Мекеме оперативдүү башкаруу укугуна негизделген, уюштуруунун уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Мекеменин өзүнүн бланктары, мөөрлөрү, штамптары, банктык жана башка эсептери болот.
7. Мекеменин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Национальная академия "Манас";
- англис тилинде: Government Institution "Manas" National Academy".
8. Мекеменин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2/9.
2-глава. Мекеменин максаттары, милдеттери жана функциялары
9. Мекеменин негизги максаты кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы болгон "Манас" эпосунун жана кенже эпосторду сактоо, өнүктүрүү жана популярдаштыруу, ошондой эле башка өлкөлөр менен маданияттар аралык диалогду түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.
10. Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө "Манас" эпосун жана кенже эпосторду популярдаштыруу менен байланышкан маданий, илимий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) Кыргыз Республикасынан жана чет өлкөлөрдөн "Манас" эпосун жана кенже эпосторду популярдаштыруу боюнча иш-чаралардын катышуучулары үчүн стипендияларды, гранттарды уюштуруу жана берүү;
3) "Манас" эпосун жана кенже эпосторду ар тараптуу изилдөө, кеңири жайылтуу, сактоо жана популярдаштыруу;
4) кыргыз элинин эпикалык мурасына комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эпостаанууну заманбап дүйнөлүк гуманитардык илимдин максаттуу багыты катары өнүктүрүү;
5) кыргыз элинин материалдык эмес мурастарына байланышкан маданий өнүгүүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
6) "Манас" эпосунун классикалык варианттарын сактоону, популярдаштырууну жана коргоону мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо жөнүндө чараларды, ар кандай деңгээлдеги окуу жайлары үчүн манастаануунун окуу-методикалык курсун иштеп чыгуу жана сунуштарды киргизүү.
11. Мекеменин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) "Манас" эпосун, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөөгө жана аларды дүйнөгө жайылтууга көмөк көрсөтүүчү республикалык жана эл аралык илимий конференцияларды, форумдарды, конкурстарды, симпозиумдарды, конгресстерди, көргөзмө, туристтик, креативдүү долбоорлорду жана башка илимий-практикалык жана окуу-методикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) кыргыз элинин маданияты, искусствосу, материалдык эмес маданий мурастары маселелери боюнча чет өлкөлүк уюмдар, илимий-изилдөө жана маданий мекемелер менен иштөө;
3) "Манас" эпосунун жана кенже эпостордун гуманисттик идеяларын, ошондой эле кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде пропагандалоодо чыгармачыл бирикмелердин, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;
4) кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун руханий баалуулуктарын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө, анын ичинде онлайн форматында популярдаштырган илимий, илимий-популярдуу, мезгилдүү, маалыматтык ресурстарды жарыялоо, тематикалык чыгармаларды, окуу-агартуучу жана этнографиялык материалдарды жарыялоо;
5) кыргыз элинин "Манас" эпосун жана кенже эпосторун комплекстүү изилдөө максатында фольклордук, этнографиялык, этнологиялык илимий-талаа экспедицияларын уюштуруу жана өткөрүү;
6) жарандык коомдогу айтуучулардын ролун коргоо жана аныктоо максатында айтуучулардын туруктуу республикалык жана дүйнөлүк форумдарын уюштуруу жана өткөрүү;
7) "Манас" эпосун, кенже эпосторду сактоо, коргоо, ар тараптан изилдөө максатында эпостаануучулардын туруктуу республикалык жана дүйнөлүк форумдарын уюштуруу жана өткөрүү;
8) кыргыз элинин маданияты, искусствосу жаатында ар кандай маалыматтык ресурстарды түзүүгө, мультимедиялык, чыгармачыл долбоорлорду иштеп чыгууга жана колдоого көмөк көрсөтүү;
9) кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун салттуу варианттарынын кол жазмаларын, аудио-, видео-, санариптик жана башка материалдарын чогултуу жана бирдиктүү фонд түзүү;
10) кыргыз элинин "Манас" эпосу, кенже эпостору, материалдык эмес маданий мурастары боюнча маданияттын жана искусствонун ар кандай түрлөрүндөгү жана жанрларындагы чыгармаларды чогултуу, системалаштыруу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткаруу.
3-глава. Мекеменин ишин уюштуруу
12. Мекемени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу президент башкарат.
Мекеменин президентинин кызмат ордуна талапкер жогорку гуманитардык билимге, жетекчи кызмат орундарда 3 жылдан кем эмес иш стажына же маданият жаатында 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иш стажына, "Манас" эпосун, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, жайылтуу жана изилдөө боюнча компетенцияларга ээ болууга тийиш.
13. Мекемеде президент жок болгон учурда аны алмаштыруучу вице-президенттин кызмат орду каралат.
Вице-президент мекеменин президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Мекеменин президенти:
1) мекеменин ишин жетектейт жана мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда жана башка уюмдарда мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерге, ишеним каттарга жана мекеменин финансылык-чарбалык документтерине кол коёт;
3) консультациялык максаттарда консультациялык-кеңешүүчү орган түзүүгө укуктуу;
4) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) чектүү штаттык сандын чегинде мекеменин штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;
6) мекеменин кызматкерлеринин иш-милдеттерин аныктайт жана алардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
9) мекеменин милдеттерине жана функцияларына ылайык башка маселелерди чечет.
15. Мекеменин вице-президенти:
1) орто мөөнөттүү келечекке мекеменин ишинин стратегиясынын долбоорун, келе жаткан жылга мекеменин ишинин планынын долбоорун иштеп чыгат жана мекеменин президентине бекитүүгө киргизет;
2) мекеменин ишинин стратегиясын жана бир жылга мекеменин ишинин планын аткарууну уюштуруу жана контролдоо боюнча мекеменин президентинин тапшырмасын аткарат,
3) мекеменин президентине белгиленген тартипте мекеменин аткарган иши жөнүндө ар жылдык отчет берет;
4) мекеменин президентин белгиленген тартипте алмаштырат.
16. Мекемеде консультациялык-кеңешүүчү орган катары окумуштуулар кеңеши, убактылуу, максаттуу жана комплекстүү коомдук кеңештер, убактылуу чыгармачыл/жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
17. Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт.
18. Мекеменин кызматкерлеринин иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчет берүү
19. Мекеме Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана расмий статистика тууралуу мыйзамдарына ылайык эсеп жана отчеттуулук жүргүзөт.
20. Мекеменин ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүзөгө ашырат.
21. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мекеменин карамагындагы каражаттардын эсебинен аудит жүргүзөт.
5-глава. Мекеменин мүлкү
22. Мекеменин мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
23. Мекеменин мүлкү негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан жана башка материалдык баалуулуктардан турат, алардын наркы мекеменин балансында көрсөтүлөт.
24. Мекеменин мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) гранттар, кайрымдуулук салымдары, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
6-глава. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
25. Мекемени жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
26. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийин калган мүлк мамлекеттик менчикке өткөрүп берилет.
27. Мекеменин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат."