Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна) |
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мекеме) ишинин тартибин аныктайт.
2. Мекеменин негизги иши "Манас" эпосунун үчилтигинде (мындан ары - "Манас" эпосу) жана кенже эпостордо камтылган, келечек муунга өткөрүп берилүүчү руханий-философиялык жана адеп-ахлактык-этикалык баалуулуктарды изилдөө, сактоо, популярдаштыруу жана коммуникация болуп саналат.
3. Мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Мекеме "улуттук" статуска ээ.
5. Мекеме оперативдүү башкаруу укугуна негизделген, уюштуруунун уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Мекеменин өзүнүн бланктары, мөөрлөрү, штамптары, банктык жана башка эсептери болот.
7. Мекеменин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Национальная академия "Манас";
- англис тилинде: Government Institution "Manas" National Academy".
8. Мекеменин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2/9.
2-глава. Мекеменин максаттары, милдеттери жана функциялары
9. Мекеменин негизги максаты кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы болгон "Манас" эпосунун жана кенже эпосторду сактоо, өнүктүрүү жана популярдаштыруу, ошондой эле башка өлкөлөр менен маданияттар аралык диалогду түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.
10. Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө "Манас" эпосун жана кенже эпосторду популярдаштыруу менен байланышкан маданий, илимий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) Кыргыз Республикасынан жана чет өлкөлөрдөн "Манас" эпосун жана кенже эпосторду популярдаштыруу боюнча иш-чаралардын катышуучулары үчүн стипендияларды, гранттарды уюштуруу жана берүү;
3) "Манас" эпосун жана кенже эпосторду ар тараптуу изилдөө, кеңири жайылтуу, сактоо жана популярдаштыруу;
4) кыргыз элинин эпикалык мурасына комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эпостаанууну заманбап дүйнөлүк гуманитардык илимдин максаттуу багыты катары өнүктүрүү;
5) кыргыз элинин материалдык эмес мурастарына байланышкан маданий өнүгүүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
6) "Манас" эпосунун классикалык варианттарын сактоону, популярдаштырууну жана коргоону мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо жөнүндө чараларды, ар кандай деңгээлдеги окуу жайлары үчүн манастаануунун окуу-методикалык курсун иштеп чыгуу жана сунуштарды киргизүү.
11. Мекеменин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) "Манас" эпосун, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөөгө жана аларды дүйнөгө жайылтууга көмөк көрсөтүүчү республикалык жана эл аралык илимий конференцияларды, форумдарды, конкурстарды, симпозиумдарды, конгресстерди, көргөзмө, туристтик, креативдүү долбоорлорду жана башка илимий-практикалык жана окуу-методикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) кыргыз элинин маданияты, искусствосу, материалдык эмес маданий мурастары маселелери боюнча чет өлкөлүк уюмдар, илимий-изилдөө жана маданий мекемелер менен иштөө;
3) "Манас" эпосунун жана кенже эпостордун гуманисттик идеяларын, ошондой эле кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде пропагандалоодо чыгармачыл бирикмелердин, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;
4) кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун руханий баалуулуктарын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө, анын ичинде онлайн форматында популярдаштырган илимий, илимий-популярдуу, мезгилдүү, маалыматтык ресурстарды жарыялоо, тематикалык чыгармаларды, окуу-агартуучу жана этнографиялык материалдарды жарыялоо;
5) кыргыз элинин "Манас" эпосун жана кенже эпосторун комплекстүү изилдөө максатында фольклордук, этнографиялык, этнологиялык илимий-талаа экспедицияларын уюштуруу жана өткөрүү;
6) жарандык коомдогу айтуучулардын ролун коргоо жана аныктоо максатында айтуучулардын туруктуу республикалык жана дүйнөлүк форумдарын уюштуруу жана өткөрүү;
7) "Манас" эпосун, кенже эпосторду сактоо, коргоо, ар тараптан изилдөө максатында эпостаануучулардын туруктуу республикалык жана дүйнөлүк форумдарын уюштуруу жана өткөрүү;
8) кыргыз элинин маданияты, искусствосу жаатында ар кандай маалыматтык ресурстарды түзүүгө, мультимедиялык, чыгармачыл долбоорлорду иштеп чыгууга жана колдоого көмөк көрсөтүү;
9) кыргыз элинин "Манас" эпосунун жана кенже эпосторунун салттуу варианттарынын кол жазмаларын, аудио-, видео-, санариптик жана башка материалдарын чогултуу жана бирдиктүү фонд түзүү;
10) кыргыз элинин "Манас" эпосу, кенже эпостору, материалдык эмес маданий мурастары боюнча маданияттын жана искусствонун ар кандай түрлөрүндөгү жана жанрларындагы чыгармаларды чогултуу, системалаштыруу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткаруу.
3-глава. Мекеменин ишин уюштуруу
12. Мекемени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу президент башкарат.
Мекеменин президентинин кызмат ордуна талапкер жогорку гуманитардык билимге, жетекчи кызмат орундарда 3 жылдан кем эмес иш стажына же маданият жаатында 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иш стажына, "Манас" эпосун, кенже эпосторду жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, жайылтуу жана изилдөө боюнча компетенцияларга ээ болууга тийиш.
13. Мекемеде президент жок болгон учурда аны алмаштыруучу вице-президенттин кызмат орду каралат.
Вице-президент мекеменин президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Мекеменин президенти:
1) мекеменин ишин жетектейт жана мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда жана башка уюмдарда мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерге, ишеним каттарга жана мекеменин финансылык-чарбалык документтерине кол коёт;
3) консультациялык максаттарда консультациялык-кеңешүүчү орган түзүүгө укуктуу;
4) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) чектүү штаттык сандын чегинде мекеменин штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;
6) мекеменин кызматкерлеринин иш-милдеттерин аныктайт жана алардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
9) мекеменин милдеттерине жана функцияларына ылайык башка маселелерди чечет.
15. Мекеменин вице-президенти:
1) орто мөөнөттүү келечекке мекеменин ишинин стратегиясынын долбоорун, келе жаткан жылга мекеменин ишинин планынын долбоорун иштеп чыгат жана мекеменин президентине бекитүүгө киргизет;
2) мекеменин ишинин стратегиясын жана бир жылга мекеменин ишинин планын аткарууну уюштуруу жана контролдоо боюнча мекеменин президентинин тапшырмасын аткарат,
3) мекеменин президентине белгиленген тартипте мекеменин аткарган иши жөнүндө ар жылдык отчет берет;
4) мекеменин президентин белгиленген тартипте алмаштырат.
16. Мекемеде консультациялык-кеңешүүчү орган катары окумуштуулар кеңеши, убактылуу, максаттуу жана комплекстүү коомдук кеңештер, убактылуу чыгармачыл/жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
17. Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт.
18. Мекеменин кызматкерлеринин иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчет берүү
19. Мекеме Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана расмий статистика тууралуу мыйзамдарына ылайык эсеп жана отчеттуулук жүргүзөт.
20. Мекеменин ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүзөгө ашырат.
21. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мекеменин карамагындагы каражаттардын эсебинен аудит жүргүзөт.
5-глава. Мекеменин мүлкү
22. Мекеменин мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
23. Мекеменин мүлкү негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан жана башка материалдык баалуулуктардан турат, алардын наркы мекеменин балансында көрсөтүлөт.
24. Мекеменин мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) гранттар, кайрымдуулук салымдары, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
6-глава. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
25. Мекемени жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
26. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийин калган мүлк мамлекеттик менчикке өткөрүп берилет.
27. Мекеменин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат."