Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна) |
Майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө ЖОБО
Бул Жобо майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо максатында иштелип чыкты жана майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1.1. Майыптардын кресло-коляскаларын алуу укугу эгерде жарандардын бул категориясы оор мертинүүнүн же оорунун кесепетинен протездөөгө мүмкүн болбогон учурларда майыптыгы бар адамдарга, Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.
1.2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык майыптардын кресло-коляскаларын, анын ичинде көп функциялуу кресло-коляскаларды жана алардын запастык бөлүктөрүн мамлекеттик сатып алуу жол-жобосун жүргүзөт.
1.3. Майыптыгы бар адамдарга үйдө жана сыртта туруктуу колдонуу үчүн стандарттык же көп функциялуу майыптардын кресло-коляскалары 3 жашынан баштап бекер берилет.
Майыптардын кресло-коляскасын бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) корутундусу негиз болот.
1.4. Майыптардын кресло-коляскалары 5 жылдык мөөнөткө берилет.
1.5. Майыптыгы бар адамдарга майыптардын кресло-коляскаларын берүү жана алмаштыруу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
Майыптардын кресло-коляскасын мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу майыптыгы бар адамдын арызынын жана майыптардын кресло-коляскасынын жараксыздыгы жөнүндө аймактык бөлүмдөрдүн актысынын негизинде жүргүзүлөт.
Пайдаланууга жараксыз, бузулгандыгынын себеби боюнча оңдолбой турган майыптардын коляскасы аймактык бөлүмдөр тарабынан РПОБМге кайтарылууга тийиш.
РПОБМге пайдаланууга жараксыз болуп кайтарылган майыптардын кресло-коляскалары ажыратылып, жарактуу бөлүктөрү майыптардын кресло-коляскаларын оңдоо үчүн пайдаланылат.
1.6. Майыптардын кресло-коляскасын бекер алган майыптыгы бар адам каза болгон учурда ал берилген жери боюнча аймактык бөлүмгө кайтарылып берилүүгө тийиш.
Майыптыгы бар адам майыптардын кресло-коляскасын башка адамга берген учурда өткөрүп берген тарап анын наркын төлөп берет.
2. Майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби
2.1. Майыптардын кресло-коляскаларын сатып алуу, чогултуу, сактоо, берүү жана оңдоо РПОБМ тарабынан жүргүзүлөт.
2.2. 85 жашка толгон муктаж жарандарга майыптардын кресло-коляскаларын акысыз берүү тартиби эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2.3. Сатып алынуучу майыптардын кресло-коляскаларын пландоо, түрүн аныктоо майыптыгы бар адамдар менен иштеген, дене боюнун бузулуусу бар адамдар менен иштөөгө адистешкен жана тажрыйбасы бар уюмдардын катышуусу менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Келерки отчеттук жылга майыптардын кресло-коляскаларына республика боюнча керектөөнү (өтүнмөнү) түзүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан ишке ашырылат.
2.4. Майыптардын кресло-коляскасын алуу үчүн майыптыгы бар адам аймактык бөлүмгө төмөнкү документтерди берет:
- арыз;
- МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсү.
Арыз Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жазуу жүзүндө да, электрондук түрдө да таризделиши мүмкүн.
Аймактык бөлүм арыз ээсинин катталган жери жөнүндө маалыматты "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алат. Майыптыгы бар адам иш жүзүндө жашаган жери боюнча кайрылган учурда аймактык бөлүм тарабынан акт түзүлөт жана арыз ээсинин катталган жери боюнча тиешелүү маалыматтар суралат.
2.5. Майыптыгы бар адамдын майыптардын кресло-коляскасын алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын журналына катталат.
2.6. РПОБМ төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- майыптардын кресло-коляскаларын мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун;
- майыптардын кресло-коляскаларын, анын ичинде көп функциялуу кресло-коляскаларды жана алардын запастык бөлүктөрүн Департаменттин керектөө өтүнмөсүнө ылайык сатып алууну;
- Департаменттин разнарядкасы боюнча аймактык бөлүмдөргө кресло-коляскаларды бөлүштүрүүнү жана берүүнү;
- майыптардын кресло-коляскаларын чогултууну жана оңдоону.
2.7. Майыптардын кресло-коляскаларын аймактык бөлүмдөргө жеткирүү, майыптардын пайдаланууга жараксыз кресло-коляскаларын РПОБМге жеткирүү боюнча чыгымдар аймактык бөлүмдөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2.8. РПОБМ бөлүштүрүлгөн жана кайтарылган майыптардын кресло-коляскалары жөнүндө аймактык бөлүмдөр боюнча квартал сайын Департаментке отчет берет.
3. Каржылоо булактары
3.1. Майыптардын кресло-коляскаларын жана алардын запастык бөлүктөрүн сатып алууга кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.