Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-майы № 269
Майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Майыптыгы бар адамдарга карата эл аралык ченемдерди жана стандарттарды сактоо максатында, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси" мамлекеттик мекемеси майыптыгы бар адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыз кылуу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бюджеттик каражаттарынын алкагында майыптардын кресло-коляскаларын, анын ичинде көп функциялуу кресло-коляскаларды жана алардын запастык бөлүктөрүн сатып алууну каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Уставында:
- 10-пункт "буюмдарды" деген сөздөн кийин "жана майыптардын кресло-коляскаларын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пункт "буюмдар" деген сөздөн кийин "жана майыптардын кресло-коляскалары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- майыптыгы бар адамдарды жана таяныч-кыймыл аппаратынын ооруларынан жана бузулгандыгынан жабыркаган республиканын башка жарандарын протездик-ортопедиялык буюмдар жана майыптардын кресло-коляскалары, реабилитациялоонун техникалык каражаттары жана тиричилик шаймандары менен өз убагында жана даректүү камсыздоо;
- протездөө технологиясын, майыптардын кресло-коляскаларын оңдоону өркүндөтүү.";
- 14-пунктта:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү" деген сөздөр "майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- майыптардын кресло-коляскаларын сатып алууну, чогултууну, оңдоону, сактоону жана берүүнү жүргүзөт. Майыптардын кресло-коляскаларын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин разнарядкасы боюнча жүзөгө ашырылат;".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндө жободо:
- 6, 7-пункттарда "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр "майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта:
төртүнчү абзацта "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр "майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- санаториялык-курорттук дарыланууга берилген жолдомолор жана майыптыгы бар адамдар үчүн ары-бери жүрүүгө техникалык каражаттар (кресло-коляскалар) боюнча Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн отчетторун чогултат жана жыйындылайт;".
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 13-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 45-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомунун 16-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |