Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 280
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелерин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61, 324-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелерин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 3-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкттарга жана субъекттерге;”;
Төмөнкүдөй мазмундагы 10, 11-пунктчалар менен толукталсын:
“10) курулушчунун ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
11) жылуулук энергиясын, электр энергиясын жана газ берүүчү субъекттерге.”;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
“5) товарларды экспорттоодо Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте эсеп-фактураны тариздөөгө.”;
- 13,14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары катталганын ырастоодон кийин салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасындагы акча каражаттарын (депозитти) бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте бажы органынын депозиттик эсебине төлөйт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчү үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.
14. Салык төлөөчү,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынын кийин ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмени берет.”;
-16-18-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, товарлар чыгарылган күндөн кийинки 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына салык төлөөчүнүн ИСНин, товарларга декларациянын номерин жана КНСтин шарттуу эсептелген суммасын камтыган маалыматтарды жиберет.
17. Салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдогон салык төлөөчүнү кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо КНСтин шарттуу түрдө эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине товарлар импорттолгон айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөйт.
Салык төлөөчү тарабынан товарларды импорттоого КНСтин шарттуу эсептелген суммасы депозиттик эсепке өз убагында киргизилбеген учурда, салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте депозиттик эсепке сумманы киргизүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып депозиттик эсепке сумманы салуу боюнча милдеттенмени аткаруунун кечиктирилген ар бир календардык күн үчүн туум чегерет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчү товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 320-беренесине ылайык импортко КНСти бюджетке төлөйт.
18. Салык органына кыйыр салыктар боюнча отчет берилген учурда салык төлөөчү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнү кошпогондо, КНСтин шарттуу эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн берет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 45 (3494) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |