Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 272
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасын тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары, курал-жарагы, ок-дарылары, атайын каражаттары, имараттары жана курулмалары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат;
2) "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине, анын ичинде тейлөөдө иштеген кызматкерлерге (техникалык тейлөөчү персоналга) эмгек акы төлөө колдонуудагы белгиленген эмгек акы төлөө шарттары боюнча жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) алты айлык мөөнөттө:
- түзүмүн жана штаттык расписаниесин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бөлүү балансын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
2) ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруучулук иш-чараларды өткөрүү боюнча комиссия түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүнү уюштурсун;
3) штатты өткөрүп берүүдө ушул токтом күчүнө кирген датага карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жана жумушчулары эмгек ишинин түрлөрүн өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн сактоону эске алуу менен өткөрүлүп берилүүчү функцияларды аткаруу үчүн которулууга тийиш экендиги эске алынсын;
4) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
5) "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;
6) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |