Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31- майы № 292
Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы N 625 токтомунун редакциясына ылайык)
Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6 жана 8-беренелерин, "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы N 625 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери (мындан ары – Эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жашоого маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине (мындан ары – Тизме) киргизилген дары каражаттарына Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген бардык дозаларды жана фасовкаларды кошуп алганда Тизмеде каралган аталыштар боюнча бааларды жөнгө салуу киргизилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментине (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча функциялар жүктөлсүн.
4. Дары каражаттарын каттоо күбөлүктөрүн кармоочулар ыйгарым укуктуу органга ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык баалары жөнгө салынуучу төмөнкү дары каражаттарына бааларды каттоо жөнүндө арыз берүүгө тийиш деп белгиленсин:
– жүгүртүүдөгү дары каражаттарына – ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып үч ай өткөнгө чейин;
– биринчи жолу катталган дары каражатына – биринчи ташылып келген учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде.
Бааны каттоо жөнүндө арыз белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган дары каражатынын баасын өз алдынча эсептейт жана каттайт.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине ылайык каталогго киргизилген дары каражаттарына катталган баалар, чектелген дүң жана чектелген чекене баалар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Эрежелердин талаптарына ылайык катталган баалар өзгөргөнгө чейин колдонулат.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жободо:
9-пункттун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:“9) дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга бааларды жөнгө салууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;”.
7. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 “Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Админис
трациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |