Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-майы № 267
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасындагы ведомстволук мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карамагында турган мамлекеттик ишканалар жана мекемелер тиркемеге ылайык бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги белгиленген тартипте:
1) жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканалардын уставдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 353 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар үчүн типтүү уставга ылайык бекитсин;
2) кайра уюштурулуучу мамлекеттик ишканалардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
3) жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте кайра уюштурулуучу мамлекеттик ишканалардын активдерине инвентаризация жүргүзсүн;
5) үч айлык мөөнөттө жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыксын жана бекитсин;
6) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
7) ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 30-майындагы № 43 (3492) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Бириктирүү жолу менен кайра уюштурулууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасындагы мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык)
I | II | III |
№ | Кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын учурдагы аталышы | Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жактардын аталышы (биригүүдөн кийин) |
1 | "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы | "Кыргыз балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы |
2 | "Талас балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы | |
3 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин "Тоң балык өстүрүү заводу" мамлекеттик ишканасы | |
4 | "Базар-Коргон балык чарбасы" мекемеси | |
5 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин "Токтогул балык чарбасы" мекемеси | |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин "Соң-көл балык чарбасы" мекемеси | |
7 | "Оргочор" кой өстүрүү боюнча тажрыйба станциясы" мамлекеттик ишканасы | "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасы |
8 | "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
9 | "М.Н.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
10 | "Катта-Талдык" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
11 | "Кочкор" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
12 | "Талас" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
13 | "Нарын" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
14 | "Көк-Бел" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
15 | "Тегирмен-Башы" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
16 | "Сокулук" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
17 | "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин "Элита" республикалык асыл-тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси | |
18 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Бакай-Ата комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мамлекеттик ишканасы | "Кыргыз сорт сыноо станциясы" мамлекеттик ишканасы |
19 | "Ак-Суу" мамлекеттик сорт сыноо станциясы" мамлекеттик ишканасы | |
20 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Октябрь жер-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мамлекеттик ишканасы | |
21 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Өзгөн кайрак мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
22 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Кара-Суу комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
23 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Лейлек кайрак мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
24 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Токмок жер-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
25 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Кызыл-Кыя жер-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
26 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Сокулук комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
27 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Өзгөн мамлекеттик сорт сыноо станциясы" мекемеси | |
28 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Ысык-Көл мөмө-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мамлекеттик ишканасы | |
29 | "Кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйбалык-селекциялык станциясы" мамлекеттик ишканасы | "Дыйканчылык боюнча Кыргыз илимий-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы |
30 | "Кыргыз агрардык академиясынын пахтачылык боюнча Кыргыз тажрыйбалык станциясы" мамлекеттик ишканасы | |
31 | "Ысык-Көл тажрыйба-селекциялык станциясы" мамлекеттик ишканасы | |
32 | "Бүргөндү таяныч пункту" мамлекеттик ишканасы | |
33 | "Атай" үрөнчүлүк чарбасы" мекемеси | |
34 | "Жаңы-Пахта" үрөнчүлүк чарбасы" мамлекеттик ишканасы | |
35 | "Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун Нарын тажрыйба станциясы" мекемеси | |
36 | Чарба жүргүзүү укугуна негизделген "Ак-Алтын" үрөнчүлүк кооперативи" мамлекеттик ишканасы | |
37 | Чарба жүргүзүү укугуна негизделген "Кызыл-Сеңир" үрөнчүлүк чарбасы" мамлекеттик ишканасы |