Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-ноябры № 616
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасынын ведомстволук мамлекеттик ишканаларынын жана мекемелеринин маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин карамагынан төмөнкүлөр чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун карамагына өткөрүлүп берилсин:
- "Кант кызылчасы боюнча кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясы" мамлекеттик ишканасы;
- "Кыргыз агрардык академиясынын пахта боюнча тажрыйба станциясы" мамлекеттик ишканасы;
- "Бүргөндү таяныч пункту" мамлекеттик ишканасы;
- "Жаңы-Пахта" үрөнчүлүк чарбасы" мамлекеттик ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана төмөнкүлөрдүн карамагына өткөрүлүп берилсин:
- "Талас балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин;
- Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун "Нарын тажрыйба станциясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун.
3. "Атай" үрөнчүлүк чарбасы" мекемеси Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун карамагына өткөрүлүп берилсин.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 2-пункттун 10, 12, 18, 24-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 38-пунктча менен толукталсын:
"38) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 353 "Мамлекеттик ишканалар үчүн типтүү уставды бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар үчүн типтүү уставга ылайык асыл тукум мал чарбасы, балык чарбасы, дыйканчылык, сорттук жана себүү сапаттары чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын уставдарын.".
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасындагы ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы жана преамбуласы "ишканалардын" деген сөздөн кийин "жана мекемелердин" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-пункт "ишканалар" деген сөздөн кийин "жана мекемелер" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) Жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин асыл тукум иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 7-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.Жапаров |
|
| 5-тиркеме |
|
|
|
|
| "Тиркеме |
Бириктирүү жолу менен кайра уюштурулууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасындагы мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ТИЗМЕГИ
I | II | III |
№ | Кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын учурдагы аталышы | Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жактардын аталышы (биригүүдөн кийин) |
1 | "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы | "Кыргыз балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы |
2 | "Талас балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы | |
3 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин "Тоң балык өстүрүү заводу" мамлекеттик ишканасы | |
4 | "Базар-Коргон балык чарбасы" мекемеси | |
5 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин "Токтогул балык чарбасы" мекемеси | |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин "Соң-көл балык чарбасы" мекемеси | |
7 | "Оргочор" кой өстүрүү боюнча тажрыйба станциясы" мамлекеттик ишканасы | "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасы |
8 | "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
9 | "М.Н.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
10 | "Катта-Талдык" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
11 | "Кочкор" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
12 | "Талас" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
13 | "Нарын" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
14 | "Көк-Бел" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
15 | "Тегирмен-Башы" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
16 | "Сокулук" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасы | |
17 | "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин "Элита" республикалык асыл-тукум станциясы" мамлекеттик мекемеси | |
18 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Бакай-Ата комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мамлекеттик ишканасы | "Кыргыз сорт сыноо станциясы" мамлекеттик ишканасы |
19 | "Ак-Суу" мамлекеттик сорт сыноо станциясы" мамлекеттик ишканасы | |
20 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Октябрь жер-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мамлекеттик ишканасы | |
21 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Өзгөн кайрак мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
22 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Кара-Суу комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
23 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Лейлек кайрак мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
24 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Токмок жер-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
25 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Кызыл-Кыя жер-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
26 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Сокулук комплекстүү мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мекемеси | |
27 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Өзгөн мамлекеттик сорт сыноо станциясы" мекемеси | |
28 | "Өз алдынча теңдемге коюлган Ысык-Көл мөмө-жемиш мамлекеттик сорт сыноо тилкеси" мамлекеттик ишканасы | |
29 | "Кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйбалык-селекциялык станциясы" мамлекеттик ишканасы | "Дыйканчылык боюнча Кыргыз илимий-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы |
30 | "Кыргыз агрардык академиясынын пахтачылык боюнча Кыргыз тажрыйбалык станциясы" мамлекеттик ишканасы | |
31 | "Ысык-Көл тажрыйба-селекциялык станциясы" мамлекеттик ишканасы | |
32 | "Бүргөндү таяныч пункту" мамлекеттик ишканасы | |
33 | "Атай" үрөнчүлүк чарбасы" мекемеси | |
34 | "Жаңы-Пахта" үрөнчүлүк чарбасы" мамлекеттик ишканасы | |
35 | "Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун Нарын тажрыйба станциясы" мекемеси | |
36 | Чарба жүргүзүү укугуна негизделген "Ак-Алтын" үрөнчүлүк кооперативи" мамлекеттик ишканасы | |
37 | Чарба жүргүзүү укугуна негизделген "Кызыл-Сеңир" үрөнчүлүк чарбасы" мамлекеттик ишканасы |
".