Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-июну № 294
"Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет" мекемесин жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет" мекемеси жоюлсун.
2. "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет" мекемесин жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте:
- юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу юстиция органына жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберсин;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тартипте төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл болгон жоюлуучу мекеменин кызматкерлеринин жана кредиторлордун жалпы санын аныктасын;
- мекеменин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;
- мекеменин балансында турган же бекитилип берилген жайды, материалдык-техникалык базаны инвентаризациялоону жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын балансына кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
- документтерди инвентаризациялоону жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет" мекемесин жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясынын КУРАМЫ
Казаков Тугелбай Токтогулович | - | композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин төрагасы; |
Солтонова Айнагуль Амантаевна | - | Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин жооптуу катчысы; |
Айдаралиева Уулкелсин Эркебаевна | - | Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин бухгалтери; |
Абышев Урмат Талантович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн мамлекеттик сыйлыктар боюнча секторунун эксперти; |
Акулуев Урмат Шабынович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын начальниги; |
Стамалиев Талантбек Асаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Аманова Жазгуль Абдыкадыровна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы; |
Ведь Даниил Александрович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн референти; |
Джаныбеков Бекжан Джаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси. |