Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-майы № 293
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Мамлекеттик органдарга жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү боюнча.";
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги.".
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |