Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 29-мартындагы № 143, 2024-жылдын 29-мартындагы № 146, 2024-жылдын 28-майындагы № 276, 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Маммүлк) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоочу, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Маммүлк өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Маммүлк өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
4. Маммүлк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекетгик мүлктү башкаруу боюнча фонддун укук улантуучусу болуп саналат.
5. Маммүлк мамлекеттик жер фондунун объекттерин мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте башкарууну жүргүзөт.
6. Маммүлк юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
Маммүлктүн уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Маммүлктүн толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
8. Маммүлктүн кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Маммүлк";
- расмий тилде: "Госимущество".
9. Маммүлктүн юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
2. Максаты
10. Маммүлктүн ишинин максаты мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, башкаруу жана менчиктештирүү болуп саналат.
3. Милдеттери
11. Маммүлктүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) мамлекеттик мүлктү эсепке алуу;
3) мамлекеттик ишканаларда жана уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
5) мамлекеттик мүлктү түздөн-түз жана электрондук аукциондор жана тооруктар механизми аркылуу ижарага берүү жолу менен аны натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу.
4. Функциялары
12. Маммүлк төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- мамлекеттик турак жай жана жер фонддорунан жана жаратылыш ресурстарынан тышкары, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
- мамлекеттик мүлктү эсепке алууну уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды бекитүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү жана андан ары колдонууга берүү;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн мотивациясын жана жоопкерчилигин күчөтүү менен типтүү келишимди бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн мүлктү кабыл алуу боюнча практикалык чараларды жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик ишканалардын жана менчиктин мамлекеттик формасындагы мекемелердин негизги каражаттарын эсепке алууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбооруна киргизүү үчүн мамлекеттик менчик объекттердин тизмегин түзүү;
- инвестициялык жана коммерциялык долбоорлорду демилгелөө үчүн мамлекеттик менчик объекттердин тизмегин түзүү;
- мамлекеттик ишканаларды, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча белгиленген тартипте чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берүү;
- төмөнкүлөр боюнча практикалык чараларды жүзөгө ашыруу:
мамлекеттик менчик объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү;
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү;
мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүү;
- мамлекеттик турак жай жана жер фонддорунан жана жаратылыш ресурстарынан тышкары, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартибинин методикасын аныктоо;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү процессин уюштуруу;
- конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү эсепке алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу;
– мамлекеттик мүлктүн ижара акысынан түшкөн каражаттарды которууну баланс кармоочулар менен салыштырып текшерүүнү жүргүзүү жана төлөө боюнча кийин чараларды көрүү менен карызды аныктоо;
2) жөнгө салуу функциялары:
- төмөнкүлөрдүн реестрин жүргүзүү:
мамлекеттик мүлктүн;
чарбакер субъекттердин жооптуу сактоосунда турган социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттердин;
менчиктештирилген объекттердин;
муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо уюштуруучунун, катышуучунун (акционердин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо корпоративдик башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрүн жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин тандоонун жана көрсөтүүнүн ачык-айкын уюштуруусун камсыздоо;
- мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөргө макулдук берүү:
негизги каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууга;
чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга;
чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон жер участогун бөлүүгө;
- мамлекеттик ишканалардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
- мамлекеттик ишканалардын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчеттун бекитүү;
- республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиштүү мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин ишин баалоо;
- мамлекеттик ишканалардын директорлоруна жана алардын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын типтүү уставын бекитүү;
- мамлекеттин бийлик органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик мекемелерге кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга макулдук берүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун, реестрин жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктү акысыз убактылуу пайдалануу жана ишенимдүү башкаруу келишимдеринин реестрин жүргүзүү;
- ведомстволук уюмдардын ишин контролдоо жана координациялоо;
- чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укугун жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарды координациялоо;
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана ведомстволук уюмдардын финансы-чарбалык ишине мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун иши жөнүндө мезгилдүү жыйынды отчетторун түзүүнүн жана даярдоонун методологиясын аныктоо;
- мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик башкаруу органдын функциясын жана акционердин укугун Маммүлк жана бийликтин башка органдары жүзөгө ашырган уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдордун иштери жөнүндө мезгилдүү жыйынды отчетторун топтоо, даярдоо жана ачуу;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- төмөнкүлөрдү эсепке алууну жүргүзүү:
мамлекеттик ишканалардын пайдасынын бөлүгүн чегерүүлөрдү, алардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшүнө таандык дивиденддерди, алардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшүүлөрдү, алардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- республикалык бюджетке ижара төлөмдөрүнүн өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгына ижара акы эсептөө тартибин аныктоо жөнүндө долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн ижаранын базар баасына мониторинг жүргүзүү;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо, аталган көрсөткүчтөргө жетүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- андан ары натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү үчүн пайдаланылбаган жана токтоп турган мамлекеттик кыймылсыз мүлк объекттерин табуу;
- мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттин менчик формасындагы мекемелер ижара келишимин Маммүлктөн каттоодон өткөрбөй туруп, мамлекеттик мүлктү ижарага берген учурларды табуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруу маселелерин координациялоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруунун натыйжалары жөнүндө жыйынды отчетторду даярдоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
- юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилүүгө тийиш болгон мамлекеттик имараттардын, жайлардын, курулмалардын, кыймылдуу мүлктүн жана жер участокторунун бирдиктүү реестрин түзүү;
- мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестрин жүргүзүү жана эсепке алуу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө макул же каршы болуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) колдоо көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу жана эсепке алуу маселелерин маалыматтык чагылдыруу;
- мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарга (мыйзам менен корголуучу коммерциялык жана башка сырларга тиешелүү маалыматтарды кошпогондо) ачык жетүүнү камсыздоо;
- инвестициялык жана коммерциялык долбоорлор үчүн сунушталган мамлекеттик менчик объекттердин тизмегине ишкерлердин ачык жетүүсүн камсыздоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, ижарага берүү жана эсепке алуу процесстерин автоматташтыруу;
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун жана ведомстволук уюмдардын отчеттуулугун санариптештирүү;
- Маммүлктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча экономикалык жана укуктук билимдерди жайылтуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында практикалык курстарды, форумдарды, семинарларды, конференцияларды башка маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлар резервин түзүү;
- Маммүлктүн жана ведомстволук уюмдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- кураторлук кылган иш багыттары боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
- Маммүлктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 29-мартындагы № 143, 2024-жылдын 29-мартындагы № 146, 2024-жылдын 28-майындагы № 276 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Укуктары
13. Маммүлк өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын билдирүүгө;
2) чет мамлекеттерге таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган, ошондой эле Кыргыз Республикасына таандык жана башка өлкөлөрдүн аймагында турган мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун аныктоого башка мамлекеттер менен келишимдерди даярдоодо катышууга;
3) мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар, башкаруучулар же пайдалануучулар тарабынан тиешелүү келишимдерде аныкталган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;
4) мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга;
5) уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды акционерлердин жалпы чогулушуна киргизүүгө;
6) мамлекеттик ишканалардын жетекчилери, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрү катары канааттандырарлык эмес иши үчүн ыйгарым укуктары токтотулган же иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес баа алган адамдардын реестрин жүргүзүүгө;
7) Маммүлктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешүү жана башка органдарды түзүүгө;
8) Маммүлктүн ишине таандык маселелер боюнча консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык, коргоочу жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү тартууга;
9) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Маммүлктүн маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суроого жана алууга;
10) мамлекеттик мүлк реестринин маалыматтары менен эсепке алынган объекттердин иш жүзүндө бар экендигин жана абалын тандоо жолу менен салыштырып текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
11) мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана ишканаларга мамлекеттик имараттарды жана жайларды берүү жөнүндө чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алууга;
12) мамлекеттик органдардан, мамлекет катышкан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
13) мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана ведомстволук уюмдардын финансы-чарбалык ишине белгиленген тартипте аудит жүргүзүүгө;
14) мамлекеттик ишкананын жетекчиси убактылуу жок болгон же ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда мамлекеттик ишкананын жетекчисинин милдеттерин аткарууну мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басарына жүктөөгө;
15) маалыматтык жана басма иштерин жүзөгө ашырууга;
16) мамлекеттик мүлктү башкаруу органдары системасынын кызматкерлерин сыйлоо үчүн Маммүлктүн ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга, бул сыйлыктар жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитүүгө;
17) Маммүлктүн компетенциясынын чегинде мамлекеттин мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо коюуга;
18) Маммүлктүн компетенциясына кирген маселелерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын гранттарын жана донорлордун каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча саясатты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгууга илимий мекемелер, окуу жайлар, окумуштуулар менен келишимдерди түзүүгө;
20) мамлекеттик мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана башка уюмдардын аймагына текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана аларга барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө;
21) мамлекеттик мекемеге же мамлекеттик ишканага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген ашыкча, пайдаланылбаган же багыты боюнча пайдаланылбаган мамлекеттик мүлктү алып коюуга жана аларды өз каалоосу боюнча тескөөгө;
211) ижара келишими Маммүлктө катталбаган мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик менчик формасындагы мекемелер тарабынан мамлекеттик мүлктү ижарага берүү учурларын аныктоо боюнча иш-чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
212) ижара мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдар бузулган учурда мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
213) өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар тарабынан максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
22) мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жана эсепке алуунун натыйжалары толук эмес жана анык эмес деп табылган учурларда мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
23) сатып алуу-сатуу, тартуулоо келишиминин же башка бүтүмдөрдүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, сот органдардын актыларынын негизинде мүлктөрдү алууга;
24) менчик ээси жок мүлккө, менчик ээси белгисиз мүлккө же болбосо менчик ээси баш тарткан же башка негиздер боюнча менчик укугун жоготкон мүлккө жарандык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик менчик укугун алууга;
25) өз ара пайдалуу негизде чет элдик мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмдары менен өз ара аракеттешүүгө жана кызматташууга;
25-1) конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү эсепке алууну, анын ичинде башка мамлекеттик органдарды, жеке жана юридикалык жактарды тартуу менен жүргүзүү;
26) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 29-мартындагы № 143 2024-жылдын 29-мартындагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Укуктары
13. Маммүлк өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын билдирүүгө;
2) чет мамлекеттерге таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган, ошондой эле Кыргыз Республикасына таандык жана башка өлкөлөрдүн аймагында турган мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун аныктоого башка мамлекеттер менен келишимдерди даярдоодо катышууга;
3) мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар, башкаруучулар же пайдалануучулар тарабынан тиешелүү келишимдерде аныкталган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;
4) мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга;
5) уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды акционерлердин жалпы чогулушуна киргизүүгө;
6) мамлекеттик ишканалардын жетекчилери, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрү катары канааттандырарлык эмес иши үчүн ыйгарым укуктары токтотулган же иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес баа алган адамдардын реестрин жүргүзүүгө;
7) Маммүлктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешүү жана башка органдарды түзүүгө;
8) Маммүлктүн ишине таандык маселелер боюнча консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык, коргоочу жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү тартууга;
9) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Маммүлктүн маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суроого жана алууга;
10) мамлекеттик мүлк реестринин маалыматтары менен эсепке алынган объекттердин иш жүзүндө бар экендигин жана абалын тандоо жолу менен салыштырып текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
11) мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана ишканаларга мамлекеттик имараттарды жана жайларды берүү жөнүндө чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алууга;
12) мамлекеттик органдардан, мамлекет катышкан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
13) мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана ведомстволук уюмдардын финансы-чарбалык ишине белгиленген тартипте аудит жүргүзүүгө;
14) мамлекеттик ишкананын жетекчиси убактылуу жок болгон же ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда мамлекеттик ишкананын жетекчисинин милдеттерин аткарууну мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басарына жүктөөгө;
15) маалыматтык жана басма иштерин жүзөгө ашырууга;
16) мамлекеттик мүлктү башкаруу органдары системасынын кызматкерлерин сыйлоо үчүн Маммүлктүн ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга, бул сыйлыктар жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитүүгө;
17) Маммүлктүн компетенциясынын чегинде мамлекеттин мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо коюуга;
18) Маммүлктүн компетенциясына кирген маселелерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын гранттарын жана донорлордун каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча саясатты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгууга илимий мекемелер, окуу жайлар, окумуштуулар менен келишимдерди түзүүгө;
20) мамлекеттик мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана башка уюмдардын аймагына текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана аларга барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө;
21) мамлекеттик мекемеге же мамлекеттик ишканага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген ашыкча, пайдаланылбаган же багыты боюнча пайдаланылбаган мамлекеттик мүлктү алып коюуга жана аларды өз каалоосу боюнча тескөөгө;
22) мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жана эсепке алуунун натыйжалары толук эмес жана анык эмес деп табылган учурларда мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
23) сатып алуу-сатуу, тартуулоо келишиминин же башка бүтүмдөрдүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, сот органдардын актыларынын негизинде мүлктөрдү алууга;
24) менчик ээси жок мүлккө, менчик ээси белгисиз мүлккө же болбосо менчик ээси баш тарткан же башка негиздер боюнча менчик укугун жоготкон мүлккө жарандык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик менчик укугун алууга;
25) өз ара пайдалуу негизде чет элдик мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмдары менен өз ара аракеттешүүгө жана кызматташууга;
251) конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү эсепке алууну, анын ичинде башка мамлекеттик органдарды, жеке жана юридикалык жактарды тартуу менен жүргүзүү;
26) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишти уюштуруу
14. Маммүлктү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
15. Маммүлктө директордун биринчи орун басары жана директордун орун басарлары кызмат орундары каралат.
16. Директордун биринчи орун басары жана директордун орун басарлары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Маммүлктүн ишин уюштурат.
Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.
17. Маммүлктүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Маммүлктүн директору:
1) Маммүлктүн, ведомстволук уюмдардын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Маммүлккө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Маммүлктүн атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Маммүлктүн башка кызмат адамдарынын Маммүлктүн компетенциясына кирген ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүш-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Маммүлктүн кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
5) ведомстволук мекемелердин жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Маммүлктүн ички иш тартибин аныктайт;
7) айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Маммүлктүн кызматкерлерине жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
9) Маммүлктүн кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
10) Маммүлктүн атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Маммүлктүн мүлкүн жана каражаттарын башкарат жана тескейт;
11) Маммүлктүн милдеттерине жана функцияларына ылайык уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзөт;
12) белгиленген эмгек акы төлөөнүн фондунун жана штаттык санынын чегинде Маммүлктүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
13) ведомстволук уюмдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
131) контролдоону жүзөгө ашырат жана коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Маммүлктү башкаруу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Маммүлк өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жалпы жетекчилиги астында, ошондой эле Маммүлктүн директорунун түздөн-түз жетекчилиги астында жүргүзөт.
20. Маммүлк жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өткөн отчеттук жылдагы иштердин жыйынтыктары тууралуу отчет берет.
21. Маммүлктө 7 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына Маммүлктүн директору, директордун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, ошондой эле Маммүлктүн борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы жана Маммүлктүн коллегиясы жөнүндө жобо Маммүлктүн директору тарабынан бекитилет.
22. Жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын козгогон Маммүлктүн жана ведомстволук уюмдардын чечимдерин жокко чыгаруу же кайра кароо кызыкдар жактардын доолору боюнча сот тартибинде жүргүзүлөт.
7. Финансы жана чарбалык иши
23. Маммүлк өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү колдонот:
1) оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мамлекеттик менчиктеги мүлктү;
2) финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасында пайда болгон интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктусу түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
24. Маммүлктүн ишин каржылоо чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык жүргүзүлөт.
25. Маммүлктүн финансылык каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
2) гранттык негизде алынган каражаттар жана юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
8. Корутунду жоболор
26. Маммүлк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
27. Маммүлктү кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Маммүлктүн ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.