Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 291
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2024-жылдын 17-майындагы № 252, 2024-жылдын 28-майындагы № 276, 2024-жылдын 12-июлундагы № 375, 2025-жылдын 25-февралындагы № 87, 2025-жылдын 27-мартындагы № 157, 2025-жылдын 12-майындагы № 248 , 2026-жылдын 26-июнундагы № 441 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 69 "Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 276 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 1-пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик салык, бажы саясатын, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча.";
- 12-пункттун 1-пунктчасынын алтымыш алтынчы абзацындагы "жана ишке ашырат" деген сөздөр алып салынсын;
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 6, 7 жана 14-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пункттагы "589", "121", "327" жана "77" деген цифралар тиешелүү түрдө "497", "105", "235" жана "61" деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 193-пункт менен толукталсын:
"
193 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | 101 | 17 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 86 | 17 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 15 | - |
";
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамдарда белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2023-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабууга акча каражаттарын карасын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 , 2026-жылдын 26-июнундагы № 441 токтомунун редакциясына ылайык)
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
| |||||
|
|
| ||||
|
| |||||
| ||||||
|
| |||||
|
| |||||