Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 285
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын айрым пункттарынын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрүн узартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
1) "Ишке ашыруу мөөнөттөрү" графасында:
- 1-пунктта:
1-пунктчада:
экинчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-февралына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи саптагы "2022-жылдын 1-октябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктчадагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-февралына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктчада:
биринчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи саптагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктчадагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2023-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта:
7-пунктчанын экинчи сабындагы "2023-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2024-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-пунктчанын биринчи сабындагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктчада:
биринчи саптагы "2022-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
10-пунктчада:
биринчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи саптагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө, "2023-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи саптагы "2023-жылдын 1-июнуна" деген сөздөр "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы саптагы "2023-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
12-пунктчадагы "2023-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-майына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
13-пунктчанын экинчи сабындагы "2023-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15-пунктчадагы "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2023-жылдын 1-мартына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) "Күтүлүүчү натыйжа" графасынын 1-пунктунун 4-пунктчасынын экинчи сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүүдө укук бузуулар боюнча тобокелдиктер азайтылды";
3) төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи сабы:
- 1-пункттун 6-пунктчасы;
- 2-пункттун 8-пунктчасынын экинчи сабы.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 6-июнундагы №45 (3494) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |