Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 286
Автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын каттоо органдарында кайра каттоодон өткөрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерим аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 6-июнундагы №45 (3494) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүчү автотранспорт каражаттары
Автомобилдин маркасы | Чыгарылган жылы | Кузовунун номери | Кимге өткөрүлүп берилет |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA7PB032758 | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA1PB028902 | Сүлүктү шаарынын мэриясы |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA8PB031912 | Баткен шаарынын мэриясы |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA0PB033265 | Чолпон-Ата шаарынын мэриясы |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA7PB040083 | Түп районунун Карасаев айыл өкмөтү |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA5PB035741 | Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтү |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA5PB032791 | Түп районунун Михайлов айыл өкмөтү |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA9PB031899 | Түп районунун Сан-Таш айыл өкмөтү |
Chevrolet Captiva | 2023 | LZWADAGA8PB030159 | Түп районунун Түп айыл өкмөтү |