Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-июну № 306
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Сот өндүрүшү тутумун өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технология боюнча мекемесинин ишинин сапатын арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технология боюнча мекеме үчүн 2024-жылдан тартып ведомствонун кодун карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн жана эки айлык мөөнөттө бардык уюштуруу документтерин жана локалдуу ченемдик актыларын шайкеш келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундун аталышы | Кызматтык маянанын өлчөмү (сом) |
1 | Директор | 100000 |
2 | Архитектор | 120000 |
3 | Маалыматтык коопсуздук боюнча адис | 80000 |
4 | Башкы юрист | 55000 |
5 | Башкы бухгалтер | 55000 |
6 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн начальниги | 80000 |
7 | Бизнес-аналитик | 90000 |
8 | Башкы программист | 100000 |
9 | Программист | 90000 |
10 | Кенже программист | 65000 |
11 | Маалыматтык системаларды башкаруу бөлүмүнүн начальниги | 70000 |
12 | Тармактык администратор | 70000 |
13 | Системалык администратор | 70000 |
14 | Техникалык орнотуу, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис | 50000 |
15 | Техникалык колдоо адиси | 40000 |
16 | Техникалык колдоонун региондук адиси | 40000 |