Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-июну № 302
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Адам укуктары чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ролун күчөтүү жана жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- тогузунчу абзацтагы "изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти" деген сөздөр "саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн эксперти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма экинчи абзацтагы "Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары" деген сөздөр "Акыйкатчысы (Омбудсмени)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма алтынчы абзацтагы "директорунун орун басары" деген сөздөр "директору" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 20-июнундагы № 49 (3498) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |