Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-июнунудагы № 307 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу
“Жалал-Абад көчмө механизациялаштырылган отряды”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакциядарына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Жалал-Абад көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Жалал-Абад көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы;
– расмий тилде – Государственное предприятие “Джалал-Абадский передвижной механизированный отряд” при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – “Жалал-Абад КМО” МИ;
– расмий тилде – ГП “Джалал-Абадский ПМО”.
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.
10. Ишкана өзүнүн бардык милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кызыл-Туу айыл округу, Мундуз айылы, Раззаков көчөсү, н/ж.
2. Негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– баланстагы атайын техникалык жана инженердик автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштердин комплексин жүргүзүү.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында пайдаланылуучу товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу, сактоо, ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– Министрлик үчүн зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды даярдоо жана сактоо;
– өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучунда потенциалдуу кооптуу объекттерде курулуш, авариялык-калыбына келтирүү жана жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы финансылык каражаттарды тартуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
– жалпы негиздерде пайдаланылуучу негизги фонддорду (анын ичинде оңдоо устаканаларын жана башкаларды) пайдалануу;
– калктуу конуштарды коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
– Ишкананын чарба жүргүзүүсүнө берилген Министрликтин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
– өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу максатында пайдаланылуучу Жарандык коргонуунун материалдык-техникалык каражаттарын сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана кесепеттерин жоюуда эвакуациялоо, куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү иштерине катышуу;
– калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
– айрым келишимдер боюнча оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү.
14. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
– мүмкүн болгон табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча инженердик жана башка алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
– табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар шарттарында жана зоналарында оперативдүү чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
– жоопкерчилик зоналарында оперативдүү которуу жана авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды дайыма даярдыкта кармоо;
– өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык ресурстардын резервин түзүү;
– Министрликтин жана калктын муктаждыктары үчүн өнөр жай жана курулуш материалдарын (товарларды) өндүрүү;
– юридикалык жана жеке жактарга (анын ичинде чет өлкөлүк жактарга) колдонуудагы мыйзамдарда уруксат берилген акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
– Ишкананын эксплуатациялык чыгымдарынын ордун толтуруу жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү максатында чарба жүргүзүү укугунда берилген негизги фонддорду убактылуу пайдаланууга берүү;
– транспорттук кызматтарды көрсөтүү;
– инфраструктура объекттерин куруу, Министрликтин инфраструктурасынын болгон материалдык-техникалык базасын натыйжалуу пайдалануу жана чыңдоо;
– гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана берүү;
– өзгөчө кырдаалдар районуна, ошондой эле КМШ жана ШКУ чек арага чектеш өлкөлөрүнө гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыздоо;
– өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан объекттерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдерине ылайык курулуш жана башка товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу;
– Ишкананын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү;
– күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо жана сактоо, ошондой эле Министрликтин бөлүмдөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо үчүн автомай куюучу станциялардын жана пункттардын тармактарын түзүү жана пайдалануу;
– жолдорду жана көпүрө курулмаларын куруу;
– гидрокурулмаларды куруу;
– эл керектөөчү товарларды жеткирүү боюнча ишти жүргүзүү;
– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ишке ашыруу ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун атайын уруксатынын (лицензиясынын) болушун талап кылган иштин айрым түрлөрүн Ишкана тиешелүү уруксатты (лицензияны) алгандан кийин жүзөгө ашырат.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
– обочолонгон мүлккө ээ болууга;
– Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
– Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жоопкерчилик тартууга;
– сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
– чарба жүргүзүүсүндөгү мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
– эл керектөөчү товарларды чыгарууну уюштурууга, коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга;
– күйүүчү-майлоочу материалдарды дүң жана рыноктук сатууну уюштурууга;
– Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык Министрлик менен макулдашуу боюнча өндүрүштүк-курулуш участокторун түзүүгө;
– көмөкчү чарбаны түзүүгө жана күтүүгө, айыл чарбасынын продукциясын кайра иштетүүгө;
– юридикалык жана жеке жактар менен келишим түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча келишимдик негизде кызматтарды көрсөтүүгө;
– атайын иштерди жана киреше алып келүүчү иштерди аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
17. Ишкананын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
– ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу аткарууну камсыздоо;
– Ишкананын кызматкерлерин камсыздандыруу милдеттенмелеринин социалдык, медициналык жана башка түрлөрүн камсыз кылуу, ошондой эле эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу;
– зарылчылыкка жараша Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу, ошондой эле расмий иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан ишти жүргүзүү;
– зарылчылыкка жараша Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Министрлер Кабинети, Министрлик, мамлекеттик бийликтин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү кайрымдуулук акцияларын уюштурууга көмөк көрсөтүү;
– зарылчылыкка жараша Министрликтин чечими боюнча Министрликтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган көмөк көрсөтүү.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
18. Министрлик Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, анын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын директору кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
9) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтердин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
19. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өз компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга да ээ.
20. Министрлик төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Министрлик ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сыйакы төлөөнүн тартибин бекитүү;
8) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн максаты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисинин орун басарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга, аларга сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктүн максаты боюнча натыйжалуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге текшерүү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.
6. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
24. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Ал Министрликтин жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Ишкананын директору Министрликтин жетекчиси менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
– ишине канааттандырарлык эмес деген бааны алган учурда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
– ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
– эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
– Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттер;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– Ишкананын күндөлүк финансы-чарбалык ишин башкаруу;
– Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
– Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
– тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
– эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
– кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
– Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
– бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;
– Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
– Министрликке жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
– Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө,
– Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
– чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Министрликтин кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
– Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
– Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун өзүнө белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
– коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын Директору:
– Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, сот органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыгын билдирет;
– Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
– Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
– компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
– Ишкананын кызматкерлерине Ишкананын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним каттарды берет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
– Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган, алар Министрликтин жетекчисинин макулдугу менен Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
38. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
7. Ишкананын жетектөөчү курамы
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
– директор, директордун орун басарлары;
– башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетектөөчү курамына кире албайт:
– чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
– менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде жоюлган соттуулугу бар адамдар;
– канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
– менчигинин түрүнө карабастан мурда чарба жүргүзүүчү субъектте жетекчи кызмат орундарын ээлеген, аны банкроттука алып келген адамдар;
– мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар.
43. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле учурда жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
44. Ишкана өз ишин жылдык иш пландын негизинде же Министрлик менен макулдашылган узак мөөнөттүү 3 же андан ашык жылга иш пландын негизинде жүргүзөт.
45. Ишкананын иш пландарынын негизин жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин эркин тандайт, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин ар кандай башка шарттарын эркин аныктайт.
47. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт.
Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
– ички аудиторго (эгерде бар болсо, ички аудит кызматына);
– мамлекеттик башкаруу органына;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
49. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Министрлик тарабынан бекитилет.
50. Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– ишкананын максаттарын жана ишинин негизги багыттарын баяндоо;
– тармактын жана рыноктун сыпаттамасы, Ишкана өндүрүүчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
– ишкана өндүрүүчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин болушунун зарылдыгын негиздөө;
– Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
– товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
– уюштуруу планы;
– финансылык план;
– тобокелдиктерди талдоо.
51. Ишкананын директору жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Министрлик менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
52. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча жалпы мамлекеттик системаны жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
53. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
54. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
55. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугу берилген эмес.
Мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп эсептелет.
56. Ишкананын мүлкүн негизги каражаттар жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
57. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
– мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, мөмөлөр, продукциялар;
– чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
– гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
– юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
58. Өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
59. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
60. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
61. Бир жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени Ишкана толук өлчөмдө стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырууга жумшайт.
10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган жоопкерчилиги чектелген коомго кайра уюштурулат (акционерлөө).
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын мураскери болуп саналат.
64. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) Министрликтин же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, Министрликтин, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
66. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
67. Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
68. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
11. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр
69. Ушул Уставда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн Ишкана мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн аймактарында жана анын чегинен тышкары жерлерде филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана өндүрүштүк аянтчаларды түзө алат жана алардын иши үчүн зарыл болгон тиешелүү мүлк менен аларды камсыздай алат.