Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 312
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220, 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329, 2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Орто кесиптик билим берүү жаатында ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган мамлекеттик органдын бюджеттик каражаттарынын чегинде борбордоштурулган негизде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ушул токтом күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин, директордун кызмат ордун бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген мамлекеттик окуу жайларында конкурс өткөрүүнү уюштурсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |