Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 222, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча беш жылдык мөөнөткө дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
3. Бош кызмат орду пайда болгон күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадр кызматы үч жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жетекчинин бош кызмат ордунун милдеттерин аткаруу конкурстук процедуралар аяктаганга чейин ушул орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорунун орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчинин бош кызмат ордунун милдеттерин аткарууну жүктөө жөнүндө бир жолудан ашык эмес чечим кабыл алынат, жетекчинин милдетин аткаруучу баш тарткан же андан ары кызмат ордун ээлөөгө жөндөмсүз болгон учурлардан тышкары.
6. Жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө конкурс орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну конкурсту жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына же гезитке жетекчинин бош кызмат орду пайда болгон күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбестен жарыялоо;
2) конкурска катышууга каалоосун билдирген адамдардан документтерди кабыл алуу;
3) талапкерлердин документтеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин кароо;
4) талапкерлерди тестирлөө;
5) орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылга перспективалуу планын кароо менен ыйгарым укуктуу органдын конкурстук комиссиясы тарабынан талапкерлер менен аңгемелешүү (мындан ары - аңгемелешүү).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кулактандыруунун тексти төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) конкурс жарыяланган кызматтын аталышы;
3) жайгашкан жерин көрсөтүү менен орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун толук аталышы, анын ишинин кыскача баяндамасы;
4) директордун кызмат ордуна талапкерге коюлуучу квалификациялык талаптар;
5) директордун кызматтык милдеттери;
6) конкурс өтүүчү дата жана жер, конкурска катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү жана кабыл алуучу жер;
7) маалыматты тактоо үчүн байланыш телефондору, электрондук даректер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Документтерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
10. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматына төмөнкүдөй документтерди берет:
- паспорт ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жердин дарегин жана телефонду көрсөтүү менен);
- резюме;
- билими жөнүндө документ жана анын тиркемелери ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - эмгек китепчесинин түп нускасы;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кагаз түрүндө);
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Документтерди кабыл алуу конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматынын жооптуу кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Талапкер билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин түп нускаларын аларды электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана берет. Билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин берилген түп нускалары кадрдык кызматтын ыйгарым укуктуу (жооптуу) кызматкери тарабынан алар текшерилгенден жана күбөлөндүрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Талапкерлердин документтеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин кароо ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматы тарабынан документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу орган бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо үчүн конкурстук комиссия түзөт.
13. Конкурстук комиссия коомдук башталышта иш алып барат.
14. Конкурстук комиссия кеминде жети адамдан турат, комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары саналат. Ал жок болгон учурда төраганын функциясын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн, орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жетекчиси эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Конкурстук комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат;
- комиссиянын жыйналыштарында төрагалык кылат;
- комиссиянын ишин уюштурат;
- комиссия кабыл алган чечимдердин ишке ашырылышына жалпы контролдоо жүргүзөт.
16. Конкурстук комиссиянын курамына орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кадрдык, юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле жарандык коомдун, коомдук кеңештин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирет. Ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын конкурстук комиссиясынын курамына жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Көз карандысыз эксперттер катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери, башка мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчылары болуп эсептелбеген адамдар болушу керек.
18. Конкурстук комиссиянын жооптуу катчысы болуп конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадр кызматынын өкүлү эсептелет. Конкурстук комиссиянын жооптуу катчысы конкурстук комиссиянын жыйналышын уюштурат жана добуш берүү укугуна ээ эмес.
19. Конкурстук комиссиянын катышпаган мүчөлөрүнүн ордуна катышууга жол берилбейт.
20. Комиссиянын ар бир жыйналышы төрага, жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана катчы кол койгон протокол менен таризделет.
21. Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссиянын жалпы курамынын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, жыйналыш өттү деп эсептелет, ал эми анын чечими укуктуу болуп саналат.
22. Конкурстук комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
23. Конкурстук комиссиянын жыйналышы видео жазуу менен коштолот. Видео жазуулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадр кызматында жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында биринчи жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып бир жыл бою сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Ушул Жободо белгиленген талаптарга жана ушул Жобого тиркелген Жетекчинин кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлерге конкурска катышууга жол берилбейт.
25. Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичинде талапкерлерди тестирлөөнү уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Тестирлөөгө катышууга квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлерге жол берилет. Тестирлөөнүн тартиби билим жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Тестирлөө бирдиктүү система боюнча электрондук форматта өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Талапкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билүүгө, ошондой эле башкаруу компетенциялары, педагогиканын жана психологиянын негиздери боюнча, логикалык суроолор жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун профили боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Тестирлөө 100 суроодон турат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча - 70 суроо;
- башкаруучулук компетенциялар - 10 суроо;
- педагогика жана психологиянын негиздери, логика боюнча - 10 суроо;
- орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун профили боюнча - 10 суроо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Тесттен өтүү үчүн босого деңгээл ар бир багыт боюнча 50 пайызды түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Тестирлөөнүн босого деңгээлине жетпеген талапкерлерге конкурстук комиссиянын чечими менен конкурстун кийинки этаптарына катышууга жол берилбейт.
31. Конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматы тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин документтерин конкурстук комиссиянын кароосуна 2 жумуш күндүн ичинде жиберет.
32. Конкурстук комиссия документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде талапкерлерге аңгемелешүүдөн өтүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө билдирет.
3. Аңгемелешүүдөн өтүү тартиби
33. Аңгемелешүүдө комиссия талапкерлерди билим жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен критерийлерге ылайык он баллдык шкала боюнча баалайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими талапкер жокто кабыл алынат. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы ал аяктагандан кийин түздөн-түз жарыяланат жана дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.
35. Аңгемелешүүдө эң көп балл алган жетекчинин кызмат ордуна талапкер кызматка дайындоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине комиссия тарабынан сунушталат.
Талапкерлер бирдей сандагы балл алган учурда комиссия жыйналыштын протоколун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине ошол талапкерлердин арасынан орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жиберет. Бирдей сандагы балл алган талапкерлерди тандоо критерийлери жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде кызматка дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
37. Талапкер тандоонун жыйынтыгы менен макул болбогон учурда маселе административдик иш жана административдик жол-жобо чөйрөсүндө белгиленген тартипте каралат.
38. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен окуу жайдын дайындалган жетекчисинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишими түзүлөт.
381. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку натыйжаларды көрсөткөн, бирок аңгемелешүүдөн кийин дайындоого сунушталбаган талапкерлер орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине 1 жылдык мөөнөткө киргизилет. Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордун ээлөө конкурсуна кийинки жолу катышканда кадрлар резервинде турган талапкерлер тестирлөөдөн өтүүдөн бошотулат, аңгемелешүүдөн жалпы негизде өтөт.
Кадрлар резервине киргизүүнүн жана анын иштешинин тартиби башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу тартиби
39. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисинин ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин, ошондой эле төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийин токтотулат:
1) жеке арыз бергенде;
2) ал тарап болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди жасабаганда;
3) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү болгон учурда;
4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылганда;
5) аны каза болду же дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
8) институционалдык же программалык аккредитациялоодо (2 же андан көп программалар боюнча) аккредитациялоодон баш тартылганда;
9) орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун билим берүү ишине лицензия жокко чыгарылганда;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясы тарабынан бул орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун иши канааттандыраарлык эмес деп таанылганда;
11) аттестациядан өтпөй калса.
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин аттестациядан өтүү тартиби
41. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери үч жылда бир жолу аттестациядан өтүшөт. Окуу жайлардын жетекчилерин аттестациялоону аттестациялык комиссия жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Аттестациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин (өкүлдөрүнүн), коомдук кеңешинин өкүлдөрүнүн арасынан тогуздан кем эмес адамдан турат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Комиссиянын иштөө регламенти жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары саналат.
44. Аттестация он баллдык шкала боюнча бааланат. Баалоо критерийлери жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Аттестация аңгемелешүү, иштин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчетту, орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун келечекке карай ишинин программасын кароо формасында жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин документтерин кароонун жана алар менен аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
- ээлеген кызматына ылайык келет;
- ээлеген кызматына ылайык келбейт;
- кайрадан аттестацияланууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Комиссиянын жетекчинин ээлеген кызматына ылайык келбегендиги жөнүндө чечим кабыл алышы ал аттестациядан өткөн жок деп эсептелет жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Кайра аттестациялоо алгачкы аттестация өткөрүлгөн учурдан тартып алты айдан кийин өткөрүлөт. Комиссия кайрадан аттестациялоодо төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат;
- ээлеген кызматына ылайык келет;
- ээлеген кызматына ылайык келбейт.
49. Чечим Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
Добуштардын саны тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Эгерде Комиссиянын жыйналышына Комиссиянын жалпы курамынын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим укуктуу деп эсептелет.
Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коет.
|
| Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даярдалган.
2. Орто кесиптик билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билиминин деңгээлине, иш стажына жана кесиптик компетенцияларына карата белгиленет.
3. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген адам дайындалат:
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- билим берүү чөйрөсүндө же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун профили боюнча 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы.
4. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү, билим берүү мекемелеринин билим берүү, илимий, өндүрүштүк-чарбалык жана финансы-экономикалык ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;
- билим берүү системаларын башкаруунун теориясын жана методдорун;
- орто кесиптик билим берүү жаатындагы чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин илимий жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаларын.
5. Соттуулугу бар, соттун чечими боюнча белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси боло албайт.