Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 288
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ландшафттык жана биологиялык түрдүүлүктү коргоону күчөтүү, Ысык-Көл облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында, "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобого ылайык жерге ээлик кылуунун жана пайдалануунун учурдагы структурасын сактоо менен биосфералык аймакта 4 зона бөлүнсүн.
№ | Зонанын аталышы | Аянт (га) |
1 | Өзөк зонасы | 729220 |
2 | Буфердик зона | 2717083 |
3 | Өткөөл зона | 507913 |
4 | Санация зонасы | 360184 |
| Баары: | 4314400 |
";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жободо:
- 3, 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Биосфералык аймактын жерлери мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка менчик формаларында болот. Ээлик кылуунун аймактык структурасынын өзгөрүшү, жер ээлеринин өз укуктары менен гарантияларын ишке ашыруусунун тартиби жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жер участокторун которуу (трансформациялоо), жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.
4. Биосфералык аймактын чек араларын, анын функционалдык структурасын, белгиленген зоналаштырууну жана жаратылышты пайдалануунун тиешелүү режимдерин өзгөртүү, ошондой эле биосфералык аймакты жоюу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.";
- 6-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- региондун айлана-чөйрөнү коргоо системасын башкарууну пландаштырууну жана координациялоону иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;";
- 8-12-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Жалпы аянты 729 220 га өзөк зонасы төмөнкүдөй участокторду камтыйт:
- сууда сүзүүчү канаттуулардын жашоочу жери катарында эл аралык мааниси бар (Рамсар конвенциясы) Ысык-Көл коругунун аймагынын жана акваториясынын участокторунун чегиндеги жалпы аянты 18 420 га суулуу-саздак жерлерди;
- Тескей Ала-Тоо кыркаларынын токой тилкесинин капталдарынын экосистемасы болуп эсептелген аянты 22 426 га "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын корук режиминдеги зонасынын аймагын;
- сырттагы тоолуу экосистема болуп эсептелген аянты 149 118 га "Сарычат-Эрташ" мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагын;
- сырттагы тоолуу экосистема болуп эсептелген аянты 201 755 га "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш коругунун зонасынын аймагын;
- аянты 337 501 га мөңгүлөрдү.
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га |
1 | Ысык-Көл МТК | 18 420 |
2 | "Каракол" УЖП | 22 426 |
3 | "Хан-Теңири" МТК | 201 755 |
4 | "Сарычат-Эрташ" МТК | 149 118 |
5 | Мөңгүлөр | 337 501 |
| Баары: | 729 220 |
9. Жалпы аянты 2 717 083 га буфердик зона төмөнкүдөй участокторду камтыйт:
- аянты 623 929 га Ысык-Көл акваториясын, пансионаттардын портторундагы жана причалдарындагы 1 километрдик зонаны кошпогондо;
- аянты 460 га Орто-Токой суу сактагычын;
- Күңгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо кыркаларындагы аянты 319 980 га мамлекеттик токой фондунун аймагын;
- Тескей Ала-Тоо кыркаларынын токой тилкесинин капталдарынын экосистемасы болуп эсептелген, аянты 14 753 га "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын (корук режиминдеги зонаны кошпогондо);
- аянты 61 472 га мамлекеттик корукчаларды;
- мамлекеттик токой фондунан жогору жана Күңгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо кыркаларынын чокуларына чейин жайгашкан, аянты 624 628 га мамлекеттик жер запасынын аянтын жана аянты 997 835 га айыл чарба багытындагы жана башка жерлерди;
- сырт бийик тоолуу аймактарынын экосистемасынан турган, аянты 74026 га "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын (корук режиминин зонасын кошпогондо).
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га менен |
1 | Ысык-Көл | 623 929 |
2 | Орто-Токой суу сактагычы | 460 |
3 | Мамлекеттик токой фондунун жерлери | 319 980 |
4 | "Каракол" УЖП (корук режиминдеги зонаны кошпогондо) | 14 753 |
5 | 11 корукча | 61 472 |
6 | Мамлекеттин жер запасынын жерлери | 624 628 |
7 | Айыл чарба багытындагы жерлер жана башка жерлер | 997 835 |
8 | "Хан-Теңири" МЖП (корук режиминдеги зонаны кошпогондо) | 74 026 |
| Баары: | 2 717 083 |
10. Жалпы аянты 507 913 га өткөөл зона айыл чарба жерлерин жана өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлерди, ошондой эле калктуу конуштардын аймактарын жана долбоорлонуп жаткан Асман экологиялык шаарынын, пансионаттардын аянтын жана Ысык-Көл ойдуңунун буфердик зонага кирбеген калган аймагын камтыйт.
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га менен |
1 | Калктуу конуштардын жерлери | 15 613 |
2 | Асман экологиялык шаары | 3 143 |
3 | Айыл чарба багытындагы жерлер жана башка жерлер | 485 091 |
4 | Жалпы жайылган кендерге лицензиялык аянттар | 4 069 |
| Баары: | 507 916 |
11. Жалпы аянты 360 184 га санациялык зонада регенерациялык жана рекультивациялык иш-чараларды талап кылган антропогендик бузулган аймактарды (пайдалуу кендер чыккан жерлер, калдыктар сакталуучу жерлер, автотрассалардын тилкелери, калктуу конуштар, деградацияланган жерлер, мал жүрүүчү трассалар жана мал токтогон аянтчалар) камтыйт.
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га менен |
1 | Республикалык маанидеги жолдор | 329 900 |
2 | "Кумтөр Голд Компани" ЖАК | 10 073 |
3 | Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарлары | 4 635 |
4 | Лицензиялык кендер | 15 576 |
| Баары: | 360 184 |
12. Биосфералык аймактагы чарбалык жана башка иш, жерлерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдаланууга берүү, рекреациялык ишти жана өнөр жай объекттерин өнүктүрүү биосфералык аймакты зоналаштырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жер участокторун которуу (трансформациялоо), жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте иштелип чыгуучу жерге жайгаштыруу жана райондук пландоо схемаларына жана долбоорлоруна ылайык, тарыхый-маданий мурас объекттеринин белгилүү бир зоналарынын жана коргоо зоналарынын режимдерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.";
- 18-пунктта:
сегизинчи абзац "минералдык" деген сөздөн кийин "ичүүчү" деген сөз менен толукталсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Буфердик зонада (токойду калыбына келтирүү тартибинде кыюуну, багуу үчүн кыюуну жана санитардык кыюуну кошпогондо) жаңы конуштарды түзүүгө, өнөр жай объекттерин жайгаштырууга жана пайдаланууга, өндүрүштүк объекттерди курууга жана эксплуатациялоого, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кендерди иштетүүгө, токойду башкы пайдалануу тартибинде кыюуга, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн жайгаштырууга (климатташтырууга), өзөктүн гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана бүтүндөй экосистемага, ошондой эле тарыхый-маданий мурастардын объекттерин сактоого жана пайдаланууга таасир этүүгө жөндөмдүү башка иштерге тыюу салынат. Токой фондуна кирген аймактардагы мамилелер Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
- 26-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Коргоо жана жаратылышты пайдалануу режимдеринин сакталышын контролдоо биосфералык аймактын зоналык бөлүнүшүнө жана башкаруу структурасына мамлекеттик жана коомдук контролдун ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Биосфералык аймактын кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курчап турган чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын укуктарынан пайдаланат.";
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" 34. "Ысык-Көл" биосфералык аймагын өнүктүрүү боюнча пландарды жана программаларды аткарууну координациялоочу орган болуп "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясы саналат.";
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органынын чечимдерин жана ушул Жобону, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдерин жетекчиликке алат.";
- 39-пунктта "областтык мамлекеттик администрация" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги 40-пунктта "Директорлор" деген сөз "консультативдик" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын иштөө режимдерин белгиленген тартипте сактоону камсыз кылсын;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 13-июнундагы № 47 (3496) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |