Загрузка документа…
"Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө" ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-ноябрындагы N 738, 2005-жылдын 28-июнундагы N 263, 2006-жылдын 19-сентябры N 682, 2013-жылдын 13-мартындагы N 131, 2013-жылдын 23-майындагы N 279, 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288, 2024-жылдын 4-июлундагы № 362, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. "Ысык-Көл биосфералык аймак" - "Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-сентябрындагы N 623 токтому менен түзүлгөн өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы, анын максаты: - жаратылыштык, жана маданий бай мурастары менен табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу; - аймактарды узак мөөнөттүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнү, анын ичинде жаратылыш ресурстарын сактоону жана калыбына келтирүүнү эске алуу менен рекреациялык пайдаланууну колдоо; - узак мөөнөттүү экологиялык контроль, мониторинг жана экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо. 2. "Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө" 42 град., 59-1, 00" - 41 град., 08-1, 30", сш. жана 75 град., 38-1, 00-11-80 град ., 18 град., 00" в.д. координаттарында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын административдик-аймактык чек арасынын чегинде жайгашып, жалпы аянты 43,1 миң кв. км ээлейт жана биом тибиндеги тоолуу Памир - Тянь-Шань провинциясын эл аралык биогеографиялык райондоштурууда - татаал зоналуу тоолуу жана бийик тоолуу геосистеманы билдирет. 3. Биосфералык аймактын жерлери мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка менчик формаларында болот. Ээлик кылуунун аймактык структурасынын өзгөрүшү, жер ээлеринин өз укуктары менен гарантияларын ишке ашыруусунун тартиби жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жер участокторун которуу (трансформациялоо), жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Биосфералык аймактын чек араларын, анын функционалдык структурасын, белгиленген зоналаштырууну жана жаратылышты пайдалануунун тиешелүү режимдерин өзгөртүү, ошондой эле биосфералык аймакты жоюу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Функциясы жана милдеттери 5. Кыргыз Республикасында биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" (МАБ), Программаларынын чектеринде эл аралык стандарттарга ылайык "Ысык-Көл биосфералык аймагы" төмөнкүдөй функциялардын аткарылышын камсыз кылат: - жаратылыштык ландшафтарды, экосистеманы, генетикалык ар жактуулугун сактоо; - региондун экономикалык жана маданий өнүгүшүнө көмөктөшүү, адамзаттын экологиялык жактан коопсуз туруктуу өнүгүшү менен айлана-чөйрөнүн байланышын камсыз кылуу; - айлана-чөйрөнүн абалын узак мөөнөттүү изилдөө жана анын мониторингин жүргүзүү жана региондо жаңы технологияларды стандартташтырууну, өткөрүп берүүнү сыноо үчүн жаратылышты пайдалануунун жана базалык кызмат кылуунун адис-менежерлеринин квалификациясын жогорулатууда, экологиялык жактан тарбиялоодо регионго көмөктөшүү. 6. Биосфералык аймактын фунциясына ылайык ага төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу жүктөлөт: - региондун келечектеги биологиялык, ландшафтык ар жактуулугун сактоону жана кайталангыс экосистеманы, ошондой эле Ысык-Көлдү коргоону камсыз кылуу; - региондун айлана-чөйрөнү коргоо системасын башкарууну пландаштырууну жана координациялоону иштеп чыгуу жана өркүндөтүү; - жаратылыш процесстеринин узак мөөнөттүү мониторингинин динамика системасын өнүктүрүү жана ресурстарды узак пайдалануу адамды омоктуу өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу максатында адамдар менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы өз ара аракетин изилдөөлөр; - адамды омоктуу өнүктүрүүнүн негизги катары ар кандай зоналардын жана жаратылышты пайдалануунун экологиялык жактан багытталган системасынын ортосундагы шайкештикти жана өз ара аракетти камсыз кылуу; - жаратылыш ресурстарын сактоо, жайлаштыруунун жана жаратылышты туруктуу пайдалануунун типтүү формаларын эске алуу менен чарба жүргүзүүнүн салт болуп калган түрүндө экологиялык багыттагы жер жерди пайдалануунун практикалык моделин ишке киргизүү жана өнүктүрүү аркылуу жаратылышты пайдалануунун экологиялык жактан коопсуз системасын өркүндөтүү; - адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында жаратылышты пайдаланууну пландаштыруу жана башкаруу тармагында жергиликтүү жана республикалык уюмдар менен бирдикте кооперацияларды камсыз кылуу: - региондун жергиликтүү, чарбалык, маданий жана этникалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаратылыш менен адамдын шайкеш жашоосунун моделин түзүү максатында жаратылышты пайдалануунун экологиялык жактан перспективалуу жаңы технологияларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү: - жаратылышты пайдалануу жана башкаруу, экономикалык актан өнүктүрүү тармагында экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшүү жана ага жергиликтүү тургундар менен тиешелүү топтордун өкүлдөрүн катыштырууну камсыз кылуу; - экологиялык критерийлердин негизинде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн илимий жактан негизделген долбоорлорун ишке ашыруу үчүн инвестициялар менен гранттарды тартуу; - жаратылыш ресурстарын коргоо жана узакка пайдалануу үчүн стимулдоо чараларын иштеп чыгуу: - буфердик жана өткөөл зоналарда жүргүзүлүүчү өндүрүштүк иш-аракетте индикаторлордун узак мөөнөттүүлүгүн иштеп чыгуу үчүн биосфералык аймакты пайдалануу: - дисциплинар аралык изилдөөлөрдү, айрыкча бузулган экосистемаларды калыбына келтирүүнү, кыртышты жана сууну коргоону камтуучу жергиликтүү проблемаларды чечүүчү долбоорлор үчүн изилдөө базаларын өнүктүрүү; - калкты экологиялык жактан тарбиялоо: жаратылышты башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча регионалдык окуу жайлары менен бирдикте окутуу программаларын иштеп чыгуу; - биосфералык аймактын келүүчүлөрүн жаратылыш ресурстарын коргоонун маанилүүлүгүн, анын социалдык-маданий аспекттерин, рекреациялык жана окутуу программаларын чагылдыруучу маалыматтар менен камсыз кылуу; - маалымат алышууга жана Биосфералык Резерваттардын Дүйнөлүк тармактарынын эл аралык программаларына, анын ичинде маалыматтык менеджменттин эл аралык системасын өнүктүрүү тармагында жаңы технологиялар менен кооперацияларды сыноого жана ишке киргизүүгө катышуу: - биосфералык аймакты колдоого жеке фонддорду, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) III. Аймактык түзүлүшү жана зоналаштыруу 7. "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык стандарттарга ылайык "Ысык-Көл биосфералык аймагы" коргоо жана пайдалануунун ар кандай режимдери менен төрт зонага бөлүнөт. 8. Жалпы аянты 729 220 га өзөк зонасы төмөнкүдөй участокторду камтыйт: - сууда сүзүүчү канаттуулардын жашоочу жери катарында эл аралык мааниси бар (Рамсар конвенциясы) Ысык-Көл коругунун аймагынын жана акваториясынын участокторунун чегиндеги жалпы аянты 18 420 га суулуу-саздак жерлерди; - Тескей Ала-Тоо кыркаларынын токой тилкесинин капталдарынын экосистемасы болуп эсептелген аянты 22 426 га "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын корук режиминдеги зонасынын аймагын; - сырттагы тоолуу экосистема болуп эсептелген аянты 149 118 га "Сарычат-Эрташ" мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагын; - сырттагы тоолуу экосистема болуп эсептелген аянты 201 755 га "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш коругунун зонасынын аймагын; - аянты 337 501 га мөңгүлөрдү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жалпы аянты 2577995,38 га буфердик зона төмөнкүдөй участокторду камтыйт: 1) аянты 623929 га Ысык-Көл акваториясын, пансионаттардын портторундагы жана причалдарындагы 1 километрдик зонаны кошпогондо; 2) аянты 460 га Орто-Токой суу сактагычын; 3) Тескей Ала-Тоо жана Күңгөй Ала-Тоо кыркаларындагы аянты 319980 га мамлекеттик токой фондунун аймагын; 4) Тескей Ала-Тоо кыркасынын токой тилкесинин капталдарынын экосистемасы болуп эсептелген, аянты 14753 га "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын (корук режиминдеги зонаны кошпогондо); 5) аянты 61472 га мамлекеттик корукчаларды; 6) мамлекеттик токой фондунан жогору жана Күңгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо кыркаларынын чокуларына чейин жайгашкан, аянты 607226,38 га мамлекеттик жер запасынын аймагын жана аянты 876149 га айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди; 7) сырт бийик тоолор экосистемасынан турган, аянты 74026 га "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын (корук режиминин зонасын кошпогондо).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 362, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Жалпы аянты 647000,62 га болгон өткөөл зона айыл чарба жерлерин жана өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жерлерин жана башка багыттагы жерлерди, ошондой эле калктуу конуштардын аймактарын жана долбоорлонуп жаткан Асман экологиялык шаарынын, пансионаттардын аянтын жана Ысык-Көл ойдуңунун буфердик зонага кирбеген калган аймагын камтыйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 296 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жалпы аянты 360 184 га санациялык зонада регенерациялык жана рекультивациялык иш-чараларды талап кылган антропогендик бузулган аймактарды (пайдалуу кендер чыккан жерлер, калдыктар сакталуучу жерлер, автотрассалардын тилкелери, калктуу конуштар, деградацияланган жерлер, мал жүрүүчү трассалар жана мал токтогон аянтчалар) камтыйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Жаратылышты пайдалануу режими 12. Биосфералык аймактагы чарбалык жана башка иш, жерлерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдаланууга берүү, рекреациялык ишти жана өнөр жай объекттерин өнүктүрүү биосфералык аймакты зоналаштырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жер участокторун которуу (трансформациялоо), жер жана суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте иштелип чыгуучу жерге жайгаштыруу жана райондук пландоо схемаларына жана долбоорлоруна ылайык, тарыхый-маданий мурас объекттеринин белгилүү бир зоналарынын жана коргоо зоналарынын режимдерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Биосфера аймагынын зоналарынын жана участкаларынын аймагында жаратылышты пайдалануу, чарба жүргүзүү жана башка иш жаратылышты пайдаланууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдык жана башка нормативдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 14. Жаратылышты пайдалануунун нормативдерин иштеп чыгуу жана бекитүү колдонулуп жаткан мыйзамдар менен жөнгө салынат. 15. Экологиялык талаптар, курчап турган чөйрөнүн сапатынын нормативдери, таштандылардагы, саркындылардагы, калдыктардагы зыяндуу заттардын, анын ичинде өзгөчө коркунучтуу категорияга кирген заттардын, ошондой эле биосфера аймагынын экологиялык системаларына зыяндуу технологиялардын жана өндүрүштөрдүн тизмеси курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. 16. Биосфера аймактарында жаратылышты пайдалануу маселелерине айрым чектөөлөр киргизилген учурда, жергиликтүү калк тарткан чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулат. 17. Ядронун аймагында бардык чарба иштерине тыюу салынат. "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10, 13-статьяларына ылайык ядронун зонасында илим-изилдөө жана жаратылышты коргоо иштерин жүргүзүүгө, корголуучу шериктештикке мүмкүн болушунча эң аз таасир этүү менен мониторингге уруксат берилет. 18. Буфердик зонада ядронун экосистемасынын абалына терс таасир этпей турган ар кандай формадагы төмөнкүдөй иштер жүргүзүлөт: - илимий изилдөө; - курчап турган чөйрөнүн мониторинги жана экосистеманын өзгөрүүлөрүнө контролдук кылуу; - токой чарба иштери жана токой массивдерин коргоо; - ядронун биологиялык ар түрдүүлүгүн узак мөөнөттүү сактоону жана анын бузулбастыгын камсыз кылуунун чектеринде жерди демейкидей пайдалануу; - экологиялык жактан жол берилген нормативде кылдат контролдонгон жана жөнгө салынган рекреациялык пайдалануу, жаратылышта эс алуу, туризм; - демейкидей пайдалануу тартибинде спорттук-ышкыбоздук аңчылык жана спорттук балык уулоо, ошондой эле аң-мех чийки заттарын жана балык ресурстарын өнөр жайлык даярдоо; - минералдык ичүүчү сууларды жана дары ресурстарын пайдалануу; - экологиялык жактан агартуу, демонстрациялык участкаларды уюштуруу. Буфердик зонада (токойду калыбына келтирүү тартибинде кыюуну, багуу үчүн кыюуну жана санитардык кыюуну кошпогондо) жаңы конуштарды түзүүгө, өнөр жай объекттерин жайгаштырууга жана пайдаланууга, өндүрүштүк объекттерди курууга жана эксплуатациялоого, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кендерди иштетүүгө, токойду башкы пайдалануу тартибинде кыюуга, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн жайгаштырууга (климатташтырууга), өзөктүн гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана бүтүндөй экосистемага, ошондой эле тарыхый-маданий мурастардын объекттерин сактоого жана пайдаланууга таасир этүүгө жөндөмдүү башка иштерге тыюу салынат. Токой фондуна кирген аймактардагы мамилелер Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары менен жөнгө салынат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 19. Өткөөл зонада өндүрүштүк иштин ар кандай түрлөрүнө жол берилет, анда экономикалык жактан таламдаш топтор жана тиешелүү аймакта жашаган граждандар аймактын экологиялык жана экономикалык туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуучу экологаялык талаптарды сактоо менен жаратылыш ресурстарын өндүрүүгө жана узак мөөнөттүү пайдаланууга биргелешип катышат. Өткөөл зонада айдоолор, айыл чарбалык, өндүрүштүк жана дарылоо - ден соолукту чыңдоо комплекстери, минералдык суу булактары, ошондой эле өндүрүштүк борбору бар эксперименттик участкалар жайгашат. 20. Санация зонасында регенерациялык, рекультивациялык эрозияга каршы, жайыттарды кайрадан калыбына келтирүүчү жана токой отургузуучу иш чаралар жүргүзүлөт. V. Илим-изилдөө иши жана мониторинг 21 Биосфера аймагындагы илимий-изилдөөлөр жана мониторинг жартылышты коргоо жана жаратылышты узак мөөнөттүү пайдалануу боюнча улуттук жана региондук саясат үчүн сунуштарды иштеп чыгууга багытталган. 22. "Ысык-Көл биосфера аймагы" региондук жана улуттук илимий мекемелерди тартуу менен ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" деген программасынын чектеринде изилдөөлөрдүн жана мониторингдин эл аралык программаларына катышат. 23. Изилдөөлөрдүн негизги багыттары: - экосистеманын структураларын, функцияларын жана динамикасын изилдөө, жаратылыш ресурстарын сан жана сапат жагынан инвентарлаштыруу; - жаратылыш экосистемасына адамдын ишинин таасирине баа берүү, экосистемага коркунуч келтирген жаратылыштык жана антропогендик факторлорду талдоо жана туруктуу мониторинги; - антропогендик иш аракеттин айынан начарлап кеткен процесстерди оңдоо жана экосистеманын өкүм сүрүшүн камсыз кылуу, токой массивдерин, өсүмдүк жана жаратылыш дүйнөсүн кайрадан калыбына келтирүү боюнча эксперименттик иштер; - экологиялык багыттагы жер пайдалануунун ар кандай ыкмаларынын жардамы менен жаратылыш экосистемаларын сарамжалдуу башкарууну негиздөө; - контролдук участкалардагы тажрыйба иштеринин негизинде бузулган жаратылыш ландшафттарын эксперименттик жактан кайрадан калыбына келтирүү; - адамдар тарабынан өзгөргөн жана бузулган ландшафттарды жалпы экологиялык тең салмактуулукту сактоонун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн талаптарын эске алуу менен эксперименттик рекультивациялоо жана санациялоо. VI. Экологиялык багыттагы жер пайдаланууну башкаруу жана пландаштыруу 24. Экологиялык багыттагы жер пайдаланууну башкаруу "Ысык-Көлдүн биосфера аймагында жерди пайдаланууну экологиялык багытта пландаштыруунун негизги багыттары" деген долбоордун негизинде жүзөгө ашырылат. 25. Пландаштыруу региондун жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттерине баа берүү маанилүүлүк жана сезимдүүлүк категориялары (экологиялык категориялар), жаратылышты пайдалануу режими жана жогоруда көрсөтүлгөн долбоордо белгиленген аймакты келечектүү өнүктүрүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 26. Эл аралык принциптерге, стандарттарга жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мыйзамдарга негизделген биосфера аймагын түзүү жана пландаштыруу долбоору, жерди экологиялык жактан туруктуу пайдалануу схемасы 10 жылда текшерүү мезгили менен кайра каралат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 27. Биосфера аймагында жерди туруктуу пайдалануу принциби долбоорду улуттук өнүктүрүү программаларына жана жерди пайдаланууну пландаштыруунун региондук долбоорлоруна милдеттүү түрдө кошуу аркылуу камсыз кылынат. VII. Коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу режимдери сакталышына контролдук кылуу кызматтары 28. Коргоо жана жаратылышты пайдалануу режимдеринин сакталышын контролдоо биосфералык аймактын зоналык бөлүнүшүнө жана башкаруу структурасына мамлекеттик жана коомдук контролдун ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 29. Жаратылыш ресурстарынын пайдаланылышына коомдук контролду жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. 30. Биосфералык аймактын кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курчап турган чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын укуктарынан пайдаланат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 31. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-майындагы N 279 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 32. Биосфера аймагынын зонасындагы режимди, жаратылышты пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн күнөөлүү юридикалык жактар жана адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик, тартипке салуучу, кылмыш жана материалдык жоопкерчилик тартат. 33. Мекемелер, ишканалар жана граждандар биосфера аймагынын жаратылыш комплекстерине жана курчап турган чөйрөсүнө келтирген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурууга милдеттүү. VIII. Ысык-Көл биосфера аймагын башкаруу 34. "Ысык-Көл" биосфералык аймагын өнүктүрүү боюнча пландарды жана программаларды аткарууну координациялоочу орган болуп "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясы саналат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 35. Биосфера аймагынын дирекциясы юридикалык жак болуп саналат, республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен күтүлөт жана курчап турган чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органы бекиткен ал жөнүндөгү жобонун негизинде аракеттенет. 36. "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органынын чечимдерин жана ушул Жобону, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдерин жетекчиликке алат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 37. "Ысык-Көл биосфера аймагынын" Дирекциясы Мыйзамда белгиленген тартипте ага атайын бекитилген же берилген мүлккө жана каражаттарга ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт. Биосфера аймагынын колунда болгон жана кабыл алынган мүлкү менен каражаттары Дирекциянын балансында чагылдырылат. 38. Биосфера аймагынын өзгөчөлөнгөн ээлигинде төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес фонддор; - башка дөөлөттөр. 39. Таламдарды бириктирүү жана "Ысык-Көл биосфера аймагынын" программаларын ишке ашыруу максатында Директорлор кеңеши түзүлөт, ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, илим-изилдөө мекемелеринин жана коомдук уюмдардын жетекчилери кирет. Директорлор кеңешине кирген мүчөлөрдүн саны 5 адамдан кем болушу мүмкүн эмес жана дайыма так санда болууга тийиш. Персоналдык курамды курчап турган чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгилейт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) 40. "Ысык-Көл биосфера аймагынын" консультативдик кеңеши кеңешүү статусуна ээ, программаларды жүзөгө ашыруу боюнча отчетторду угат, стратегияны жана иш аракеттердин программасын аныктайт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 288 токтомунун редакциясына ылайык) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||