ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 340 «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-июну № 340

Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Уюмдарга жана жеке жактарга 2022-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү (жазуу жүзүндөгү арыз берүүсүз) узартылсын:

1) 2022-жылдын 1-январынан тартып 30-майына чейинки отчеттук мезгилдер үчүн салык агенти тарабынан берилүүчү кошумча нарк салыгы боюнча салыктык отчеттуулукту;

2) 2022-жыл үчүн мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров