Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 424
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ата мекендик авиакомпанияларга көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул токтомдун 11-пунктунда каралган аба кемелеринен тышкары, чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацынын талаптары төмөнкүдөй аба кемелерине жайылтылбайт деп белгиленсин:
1) коммерциялык жүк ташууларды аткаруу үчүн арналган, чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашпаган;
2) коммерциялык жүргүнчүлөрдү ташууларды аткаруу үчүн арналган, төмөнкүдөй шарттар болгондо:
- Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн арыз арыз ээси тарабынан жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аба кемесинин курагы 25 жыл болгонго чейин жөнөтүлсө;
- Кыргыз Республикасынын аба кемелерин каттоо мындай арыз берилген күндөн тартып 12 айдан кечиктирбестен жүзөгө ашырылса.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |