Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-жылдын 2-майы № 202
Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 571, 2020-жылдын 25-февралындагы № 114, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 424 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин жарандык авиациянын Кыргыз Республикасында катталган аба кемелерин сертификаттоону, лицензиялоону жана алардын учууларынын коопсуздугун көзөмөлдөөнү жөнгө салуучу укуктук нормаларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Авиация департаментинин Як-40 ЕХ-901 аба кемесинде болгон авиациялык кырсыкты териштирүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын сунуштарын эске алуу менен, учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө тыюу салынсын:
- ушул токтомдун 1-1-пунктунда каралган аба кемелеринен тышкары, чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө;
- чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашкан жүк ташуучу аба кемелерин эксплуатациялоого;
- чыгарылган датасынан тартып 40 жылдан ашкан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 571, 2020-жылдын 25-февралындагы № 114, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 424 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-1. Ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацынын талаптары төмөнкүдөй аба кемелерине жайылтылбайт деп белгиленсин:
1) коммерциялык жүк ташууларды аткаруу үчүн арналган, чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашпаган;
2) коммерциялык жүргүнчүлөрдү ташууларды аткаруу үчүн арналган, төмөнкүдөй шарттар болгондо:
- Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн арыз арыз ээси тарабынан жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аба кемесинин курагы 25 жыл болгонго чейин жөнөтүлсө;
- Кыргыз Республикасынын аба кемелерин каттоо мындай арыз берилген күндөн тартып 12 айдан кечиктирбестен жүзөгө ашырылса.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 424 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай турган аба кемелери Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
31. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |