Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынЫн токтому
2023-жылдын 13-июну № 300/7-1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2023-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 13, 34, 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-июнундагы № 50 (3499) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
К.К. Боконтаев |