Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 13-июнундагы № 300/7-1 токтомуна ылайк) |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү
2022-жыл тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн олуттуу өзгөрүүсү менен мүнөздөлдү, бул Кыргыз Республикасынын экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизди.
Түзүлгөн кырдаал COVID-19 пандемиясынын кесепеттери, геосаясий кырдаал, азык-түлүккө жана энергия булактарына дүйнөлүк баанын уланып жаткан өсүшү жана инфляциянын глобалдык мүнөзү менен байланышкан бир нече факторлордун таасири менен аныкталды.
Экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шарттарында айрым эл аралык институттар көңүл чөктүргөн баалоолорду жасашкан: Дүйнөлүк банк (мындан ары - ДБ) Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясынын (мындан ары - ИДП) 5,0%га төмөндөшүн, ал эми Эл аралык валюта фонду (мындан ары - ЭВФ) ИДПнын 0,9%га чейин басаңдоосун болжолдогон.
Пессимисттик күтүүлөргө карабастан, Кыргыз Республикасынын экономикасы экинчи натыйжалардын алдында экономикалык өсүштүн оң трендин жана туруктуулугун көрсөттү.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча 919,4 млрд. сом суммасында түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү (2021-жылы 106,2%), Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 105,9%ды (2021-жылы 106,8%) түздү.
Өсүштү экономиканын бардык секторлору камсыз кылды. Өнөр жай (112,2%), мында Кумтөр жана Жерүй кендеринде негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорку көрсөткүчтөрү белгиленди (121,5%), жагымдуу климаттык шарттардын жана мамлекеттик инвестициялардын эсебинен айыл чарбасы (107,3%), ошондой эле соода көлөмүнүн 7,7%га жогорулашынын жана мейманканалардын жана ресторандардын ишинин 23,8%га өсүшүнүн эсебинен кызмат көрсөтүү чөйрөсү (104,8%) экономикалык өсүштүн драйверлеринен болду.
2022-жыл бою Кыргыз Республикасында инфляциялык фон жогору бойдон калды. Керектөө бааларынын индекси 114,7%ды түздү (2021-жылдын декабрына карата 2022-жылдын декабры). Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2021-жылдын январь-декабрына карата 2022-жылдын январь-декабры) 113,9%ды түздү. Инфляциянын жогорку деңгээли негизинен тышкы мүнөздөгү факторлордун - бул азык-түлүк товарларына, отунга баалардын жалпы дүйнөлүк жогорулашынын, логистикалык жеткирүү чынжырындагы көйгөйлөрдүн таасиринен түзүлдү.
Макроэкономикалык жана социалдык кырдаалды турукташтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан кабыл алынган чаралар пакети жеңил эмес шарттарда тышкы таасирлерди жумшартууга жана экономиканы өнүктүрүүнүн жогорку темптерине жетишүүгө өбөлгө түздү. Терс таасирди минималдаштыруу максатында 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планы (Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 134-т тескемеси) ишке ашырылды, ал экономикалык өсүштү, мамлекеттин финансылык туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле экономикалык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү ж.б. боюнча чаралардын комплексин жүргүзүүгө багытталган.
Мындан тышкары дүйнөлүк экономика үчүн мүнөздүү болгон фундаменталдык өзгөрүүлөрдү, белгисиздиктин жогорку деңгээлин, валюта рыногундагы кырдаалды жана анын керектөө товарларынын наркына тийгизген таасирин эске алуу менен тышкы экономикалык соккуларды минималдаштыруу, бизнести жана калкты колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга кризиске каршы чаралар планы (Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы КПҮ № 133-т тескемеси) кабыл алынган, аны ишке ашыруунун эсебинен финансылык башаламандыкты болтурбоого мүмкүн болду. Чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген кредиттер, ишкерлерге пайызсыз кредиттер, экономиканын айрым тармактарын колдоо, салыктык текшерүүлөргө мораторий ж.б. сыяктуу чаралардын эсебинен реалдуу сектордо экономикалык активдүүлүктүн кыскарышы болжолдонгондон аз болду.
Жүргүзүлүп жаткан фискалдык реформалардын натыйжасында 2022-жылы салыктарды жыйноонун кыйла жогорулашына жетишүүгө мүмкүн болду. 2022-жылга алдын ала маалыматтар боюнча салыктык кирешелердин көлөмү 229,0 млрд. сомду түздү, мында пландык көрсөткүч 0,5%га ашыкча аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу салыктык кирешелер 77,8 млрд. сомго же 51,4%га өстү.
2022-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 1,1%ды түздү. 2022-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын ИДПга карата деңгээли 52,0%ды түздү.
2022-жылдагы экономикалык өсүштүн оң динамикасына карабастан, өткөн жылы Россия Федерациясы (мындан ары - Россия) жана Беларусь Республикасы (мындан ары - Беларусь) сыяктуу негизги өнөктөш өлкөлөргө каршы киргизилген санкциялардын кесепеттери толук көлөмдө байкала элек болушу мүмкүн. ЭВФ жана ДБ сыяктуу эл аралык институттардын баалоосу боюнча киргизилген санкциялардын терс таасири 2023-жылга туура келет деген кооптонуу бар. Ушуга байланыштуу 2023-жылы бир катар региондор рецессияга киргенде дүйнөлүк экономиканын басаңдашы күтүлүүдө. Глобалдык экономиканын өсүшүнүн үч негизги драйвери: Америка Кошмо Штаттары (мындан ары - АКШ), Кытай Эл Республикасы (мындан ары - Кытай) жана Европа бир убакта басаңдайт, ал эми бүткүл дүйнөдө инфляция жогору бойдон калууда. Энергияга болгон баанын өсүшү инфляциянын өсүшүнө кошумча салым кошуп, жаңы рецессиянын тобокелдигин жогорулатат. Бул шарттарда өсүп жаткан инфляциялык басымды ооздуктоо үчүн борбордук банктар тарабынан акча-кредит саясатынын катаалдашы белгиленген.
Учурда дүйнөдө уланып жаткан чыңалган геосаясий кырдаалдын тереңдиги жана узактыгы боюнча консенсус жок. Европа бирлиги (мындан ары - ЕБ) жана АКШ тарабынан Россия менен Беларуска каршы киргизилип жаткан кезектеги санкциялар негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалары үчүн ишенимдүүлүк бербейт жана олуттуу терс кесепеттерге алып келет.
Ошентип, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн негизги тобокелдиктер:
- геосаясий чыңалуунун күчөшүнөн улам негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү;
- финансылык рыноктогу волатилдүүлүк, анткени жогорку геосаясий чыңалуу өнөктөш өлкөлөрдүн акча-кредит системасына шок таасирин тийгизет;
- чийки зат, азык-түлүк рыногундагы волатилдүүлүк;
- санкцияларга туш болгон компаниялар менен кызматташуудан улам экинчи санкцияларга кабылуу коркунучу;
- бизнеске болгон ишенимдин төмөндөшүнөн улам инвестициялардын агымынын азайышы.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен 2023-жылы экономикалык саясаттын башкы максаты болуп экономикалык өсүштүн оң темпин сактоо, макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде керектөө бааларынын деңгээлинин өсүшүн ооздуктоо чаралары саналат.
Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын негизги милдети жогорку геосаясий чыңалуу жана экономикалык туруксуздук шарттарында тышкы таасирлерге каршы аракеттенүү үчүн таасирдүү чараларды көрүү аркылуу кризистик көрүнүштөрдүн таасирин алдын алуу жана минималдаштыруу болуп саналат.
Коюлган милдетти ишке ашыруу үчүн өлкөнүн экономикалык өсүшүн, финансылык туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин беш жылдык иш-чаралар планына киргизилген (Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому) бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууга жана стратегиялык багыттарга жана артыкчылыктарга жетишүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттеринин деталдаштырылган планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескеме) кабыл алынды.
2023-жылы Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу экономикалык саясат чараларынын пакети төмөнкүдөй артыкчылыктуу милдеттерге жетишүүгө багытталган:
1) экономикалык өсүш темптерин кармап туруу жана сактоо, орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууну камсыз кылуу үчүн экономиканы толук масштабдуу санариптештирүү, административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделинин негизинде региондорду комплекстүү өнүктүрүү;
2) тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун камсыз кылуу;
3) активдүү адилеттүү социалдык саясатты жүргүзүү.
1. Экономикалык өсүш темптерин кармап туруу жана сактоо, орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууну камсыз кылуу үчүн экономиканы толук масштабдуу санариптештирүү, административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделинин негизинде региондорду комплекстүү өнүктүрүү
Ички жана тышкы рыноктордогу суроо-талапты канааттандыруу үчүн экономикалык өсүштүн туруктуу темптерин сактоо жана жетишүү, өнүгүүнүн инновациялык жолуна ырааттуу өтүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өндүрүштүн натыйжалуулугун жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай сектору, энергетика, курулуш, кен казуу, транспорт жана жол сектору, туризм жана кызмат көрсөтүү индустриясы сыяктуу стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, бул жаңы жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикалык потенциалын толук ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Программалык документтерде белгиленген иш-чаралар жалпысынан 2023-жылы экономиканын өсүшүн камсыз кылууга жана тышкы соккуларды жумшартууга мүмкүндүк берет. Министрлер Кабинети экономикалык активдүүлүктү колдоого багытталган контрциклдик макроэкономикалык саясатты улантат. Ишканаларды жана жарандарды колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу (өзүн-өзү иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, ишкердиктин жаңы түрлөрү үчүн жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилөө, келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу), инвестицияларды тартуу менен ата мекендик бизнес үчүн бир топ жакшы шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөө, экспорттук потенциалы жогору артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү, энергетикада, ирригацияда, жол-транспорт чөйрөсүндө ири улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) жана Дүйнөлүк соода уюмунда мүчөлүгүн активдүү пайдалануу, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ишкердик жана калктын финансылык инструменттерге жетүүсү үчүн жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүү.
Мындан тышкары тездетилген экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн Министрлер Кабинети төмөнкү актуалдуу маселелерди чечүүгө басым жасайт:
- мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо, мамлекеттик органдардагы бюрократияны азайтуу;
- санариптик жана инновациялык технологияларды, нанотехнологияларды өнүктүрүүнү тездетүү;
- өлкөгө ири чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу;
- креативдүү экономиканы өнүктүрүү.
Республиканын өнөр жай өндүрүшүн интенсификациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 502 токтому менен бекитилген 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын (мындан ары - Стратегия) ишке ашыруунун алкагында улантылат.
Стратегия өнөр жайдын кластерлер боюнча адистешүүсүн эске алуу менен анын региондордо өсүшүн бекемдөөгө, каржылоого, инфраструктуралык жана адам ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен региондордо өнөр жайды колдоонун конкреттүү чараларын аныктоого багытталган.
Стратегияда заманбап ресурстарды үнөмдөөчү жана экологиялык таза технологияларды (жашыл өнөр жай) уюштуруунун механизмдери, энергетика, жеңил өнөр жай, туризм жана тамак-ашты кайра иштетүү сыяктуу артыкчылыктуу тармактарга инвестицияларды тартуу, ЕАЭБ алкагындагы өнөр жайдын артыкчылыктары каралган.
Ички керектөөнү жабуу үчүн электр энергиясын иштеп чыгуунун жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу, ошондой эле экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн энергетикалык кубаттуулуктарды өстүрүү актуалдуу маселе бойдон калууда. Бул маселени чечүү үчүн биринчи фазасы аяктаган Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иш-чаралар активдүү аткаруу стадиясында турат. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу боюнча иштер улантылууда (Камбар-Ата-1 ГЭСин, Күрмөнтү жана Tap дарыяларынын нугундагы чакан ГЭСти, Кара-Көл ГЭСин, Папан чакан ГЭСин куруу долбоорун ишке киргизүү боюнча иштерди активдештирүү). CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында иштер улантылууда, ошондой эле Бала-Саруу ГЭСинин курулушун аяктоо маселеси каралууда. Энергетика компанияларындагы бизнес-процесстер оптималдаштырылат, ERP-системаны киргизүү шартында кол менен чогултуу операцияларынын санын кыскартуунун эсебинен жалпы өндүрүмдүүлүк жогорулайт.
Учурда климаттын өзгөрүшү жана экологиялык коркунучтар дүйнө жүзү боюнча олуттуу көйгөйлөрдү жаратууда. Ошондуктан жашыл экономиканын туруктуу өсүшү үчүн заманбап технологияларды өнүктүрүү процесстерин тездетүү милдети турат. Кайра жаралуучу энергияга өтүү убакыттын талабы болуп саналат. Бул багытта энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу боюнча долбоорлорду бекитүүгө багытталган иштер жүргүзүлөт.
Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана алардын рыноктук жүгүртүүсүн жогорулатуу, ирригациялык тармакта сууну эсепке алууну жакшыртууга багытталган технологияларды киргизүүнүн негизинде ирригациялык иштерди жүргүзүүдө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле суу ресурстарын башкаруунун жаңы методдорун жана чарба жүргүзүүнүн кластердик методдорун киргизүү, ири жер пайдалануучулар үчүн айыл чарбасында кооперацияны өнүктүрүү жолу менен майда товардык өндүрүштү жоюу боюнча шарттарды түзүү, жазгы талаа жана күзгү оруп-жыюу иштерин жүргүзүү мезгилинде күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу үчүн өз убагында мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана каражат бөлүү, көп жылдык чөптөрдүн аянттарын которуштуруп айдоону көбөйтүү жана жайыттардын тоют потенциалын сарамжалдуу пайдалануу айыл чарбасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат, аларды ишке ашыруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эң чоң оң натыйжа берет.
Агрардык өнүктүрүүнүн негизги багыттары программалык документтерде аныкталган: 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 440 токтому), 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 320 токтому), 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча программа (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 321 токтому), 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 546 токтому), Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 токтому), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүү" программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 673 токтому).
Экономиканын агроөнөр жай секторун өнүктүрүү саясаты ички агроазык-түлүк рыногунун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин сактоо, өлкөнүн азык-түлүк туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле айыл чарба продукцияларын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү жана жаңы экспорттук орундарды издөө үчүн макулдашылган иш-аракеттерди кабыл алууга багытталат.
Мектептерди, өлкөнүн социалдык жана инфраструктуралык объекттерин куруу курулуш секторундагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынан болот.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу пландалууда, бул деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет, ал эми Кыргыз темир жолунун бөлүгү транзиттик жол болот. Бул келечекте чет элдик инвестицияларды тартуу менен өнүгүү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
2023-жылы жол тармагынын негизги багыттары жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоо жана күтүү, жолдордун ички тармактарын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу болот. Бул багытта негизги автожолдорду реабилитациялоо боюнча бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат (Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолу, Бишкек-Ош автожолунун 4-фазасы, Бишкек-Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана участогу жана Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма автожолунун долбоору ж.б.).
Кыргыз темир жолунда накталай эмес төлөм системасына толук өткөрүү жана аны киргизүү, "Кыргызтемир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өндүрүш процесстерин санариптештирүү, жүргүнчүлөрдү республика ичинде ташууга билеттерди сатуунун мобилдик тиркемесин ишке киргизүү боюнча иштер улантылат.
Учуулардын коопсуздугун жогорулатуу максатында эл аралык жана ички аэропортторду модернизациялоо, ошондой эле аба транспортунун системасынын туруктуу жана коопсуз иштөөсүн, транспорттук коопсуздукту, аба транспортунда калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.
Министрлер Кабинетинин чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү боюнча саясаты салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкерлердин өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ишкерлерди административдик кысымдан коргоону камсыз кылууга багытталат. Өлкөдө чет өлкөлүк IT-адистерди релокациялоо үчүн шарттарды түзүү, региондордогу ишкердикти колдоо системасын өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Республиканын экономикасына инвестицияларды тартуунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу экономикалык өсүштүн туруктуу темптерине жетишүүгө өбөлгө түзөт, бул Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын жана чет өлкөлөр менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программага (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 352 токтому) жана 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 токтому) ылайык инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө башкаруу системасын өркүндөтүүнүн маанилүү багыттары төмөнкүлөр болот:
- атаандаштыкка жөндөмдүү экспортко багытталган продукцияны өндүрүүнү көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө, тармактарына жана региондоруна инвестициялоого ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн жагымдуу инвестициялык климатты жана дем берүүлөрдү түзүү, ошондой эле ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвестицияларды активдүү тартууга көмөктөшүү боюнча милдеттерди сөзсүз аткаруу;
- өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин чечүү үчүн мамлекеттин финансылык каражаттарын, зайымдык ресурстарды жана эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдардын техникалык көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарын) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү борборлоштурулган инвестицияларды башкаруу системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын жакшыртууга, өлкөнүн экономикасынын тармактарын жана региондорун динамикалык өнүктүрүүнү, алдынкы технологиялардын трансферин камсыз кылуу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды, анын ичинде түз инвестицияларды кеңири тартууга, инвестициялык климатты ырааттуу өркүндөтүүгө.
Өнүктүрүү институттары мамлекет үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөргө жана долбоорлорго жеке капиталдын агымы үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет. Бул багытта инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана өнүктүрүү институттарынын ресурстарын консолидациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш иштейт.
Дүйнөдө фондулук рыноктордун иштеши мамлекеттик жана жеке компаниялар үчүн инвестициялык каражаттарды тартуунун натыйжалуу механизмин камсыз кыларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 376 "Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп фондулук рыноктун институционалдык инфраструктурасын чыңдоо, санариптик технологияларды киргизүү, финансылык инструменттердин спектрин кеңейтүү, инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эл аралык финансы рыногуна интеграциялоо жана өлкөнүн калкынын аманаттарынын деңгээлин жогорулатуу аныкталган. Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин "Фондулук рынокту жана биржалык ишти андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш чаралар планы иштелип чыккан (Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 80-т тескемеси), анда төмөнкүдөй чаралар камтылган:
- экономиканын реалдуу секторуна салым үчүн капиталдын ишенимдүү булагын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү ички аманаттарды жана инвестицияларды мобилизациялоо;
- каржылоо булактарын диверсификациялоого жана "узун" инвестициялык ресурстарды тартууга, эмитенттин репутациясын жогорулатууга, компаниянын учурдагы рыноктук наркына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттердин фондулук рынокко чыгышы жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда эл аралык стандарттарга багытталган жана заманбап баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинин иштеши жана анын ишин көзөмөлдөө жана контролдоо тартибине карата талаптарды иштеп чыгуу.
2023-жылы соода саясаты түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Араб Чыгыш, Америка өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык багыттарын диверсификациялоо боюнча чараларды ишке ашырууга, экспортко багытталган өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү финансылык ресурстар менен камсыз кылууга, ата мекендик продукцияны чектеш мамлекеттердин, ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрүнүн рынокторуна Европа Бирлигинин преференцияларынын жалпы системасынын статусунун негизинде экспорттоону илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Айыл чарбасын кредиттөөнүн калыптанган инструменттери менен катар айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү продукцияларын экспорттоону колдоо боюнча кошумча финансылык инструменттер иштелип чыгат, факторинг операцияларынын механизми өнүгөт.
Учурдагы геосаясий кырдаалдан, глобалдык жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашынан улам бир катар өлкөлөр тарабынан биринчи муктаждыктагы товарларга карата кабыл алынган бир тараптуу коргоо аракеттерин эске алганда, соода саясаты биринчи кезекте өлкөнүн ички рыногунун муктаждыктарын камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен, анын ичинде товарлардын айрым категорияларын экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү менен да түзөтүлөт.
Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча борборду түзүү болжолдонууда, анын максаты Кыргыз Республикасынын экспортун илгерилетүү боюнча кызматтарды колдоо чараларын көрсөтүү болуп саналат.
ЕАЭБдин алкагында экономиканын тармактарын атаандаш баалар боюнча чийки зат, материалдар жана инвестициялык товарлар менен камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен бажылык-тарифтик саясат боюнча иштер улантылат.
Соодадагы техникалык тоскоолдуктарды төмөндөтүү максатында ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилөө, Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин техникалык регламенттерин алып коюусуз колдонуу жана аткаруу, ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуунун экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүү деңгээлине шайкештиги боюнча иштер улантылат.
Санариптик технологияларды өнүктүрүүнү тездетүү Кыргыз Республикасынын Президенти койгон маанилүү милдет болуп саналат. Бул тармак 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында санариптик инфраструктураны башкарууну жана өнүктүрүүнү санариптештирүү боюнча кабыл алынган иш-чаралар планына (Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемеси) ылайык өнүгөт.
Жогоруда аталган программалык документтерде белгиленген иш-чаралар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөөнү эсепке алууга, мамлекеттик башкарууну оптималдаштырууга, Кыргыз Республикасынын жарандары жана ишкерлери үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.
Санариптик чечимдерди ишке ашыруу үчүн санариптик инфраструктураны магистралдык була-оптикалык байланыш линияларын куруу жана заманбап жабдууларды орнотуу бөлүгүндө өнүктүрүү зарыл. Бул өлкөнүн бардык региондорун кең тилкелүү телекоммуникациялык транспорт тармагы менен туташтырууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын социалдык объекттерин Интернет тармагына жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыгы региондорду өнүктүрүү болуп саналат. 2023-жылы аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өтүү максатында Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн жана региондорду өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын иштеп чыгуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын негизинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында администрациялык-аймактык реформаны этап-этабы менен жүргүзүү пландалууда.
Ошондой эле республиканын облустарын өнүктүрүү боюнча негизги багыттар белгиленген. Өлкөнүн электр энергиясын өндүрүүнүн үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад облусуна туура келгендигине байланыштуу, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу менен бириккен Жалал-Абад облусу борбордон кийинки Кыргыз Республикасынын экономикалык түйүнүнүн таянычы болуп калат. Нарын облусунда эркин экономикалык аймакты өнүктүрүү боюнча активдүү иштер анын бүткүл аймагында улантылат. "Нарын" эркин экономикалык аймагы "аймактык эркин бажы аймагы" катары аныкталган. Ушуга байланыштуу "Нарын" эркин экономикалык аймагынын субъекттери үчүн жеңилдетилген шарттар менен атаандаштык артыкчылыкка ээ ишканаларды түзүүгө инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ысык-Көл облусунда туризм, инвестициялар, айыл чарба, Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын сактоо чөйрөсүндө активдүү иштер улантылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2021-2035-жылдарга Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү программасында коюлган милдеттерди жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын (Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы КПҮ № 159 токтому) ишке ашыруу боюнча иштерди улантууга өзгөчө көңүл бурулат.
Бюджеттик-салыктык саясат өзүнө төмөнкүдөй багыттарды камтыйт:
- кыйла так артыкчылыктарды аныктоонун эсебинен мамлекеттик финансыларды башкарууну күчөтүү, бюджеттик тартипти чыңдоо, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жолу менен мамлекеттик финансыларды натыйжалуу жана ачык башкарууну камсыз кылуу;
- бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана даректүүлүктү күчөтүү жолу менен мамлекеттик жана социалдык секторлордо бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу;
- бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүү;
- тышкы булактардан каржылануучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун потенциалдуу оң натыйжасын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттик инвестицияларды башкарууну өнүктүрүү.
Жаңы карыздык милдеттенмелерди тартууда же кепилдөөдө кылдат мамиле кылуу аркылуу бюджеттин тартыштыгын азайтуу жана карыздын туруктуулугун сактоо максатында бюджетти консолидациялоо боюнча иштер улантылат.
Мамлекеттик карызды башкаруу карыздын жүгүн акырындык менен азайтуу багытында, анын ичинде тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн белгиленген графигин бир эле учурда сактоо менен тышкы карыз алууларды кыскартуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
2023-жылы салык саясаты эң аз убакыт жана эмгек чыгымдары бар салык төлөөчүгө өз милдеттенмелерин аткарууга, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына натыйжалуу администрациялоону жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталат. Өркүндөтүү республиканын аймагында жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү жана салык жол-жоболорун санариптештирүү аркылуу жүргүзүлөт, алар жооптуу жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоого багытталат.
Товарларды көзөмөлдөө жана жүгүртүү системасы үчүн улуттук компонентти түзүү, ошондой эле "Салык салуу" көрсөткүчү боюнча дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатуу боюнча иштер пландалууда.
Бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатында электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, онлайн-ККМди жана идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоону толук масштабдуу киргизүү, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү сыйлоо системасын жана кассалык чекте көрсөтүлгөн сумманын бир бөлүгүн калкка кайтарып берүү системасын киргизүү жолу менен салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлөт.
2. Тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун камсыз кылуу
Акча-кредит саясаты 2023-жылы кошумча соккулар болбогон шартта инфляциянын деңгээлин 10%дын тегерегинде кармап турууга багытталган. Мында тышкы чөйрөнүн потенциалдуу тобокелдиктери инфляцияны кармап туруу боюнча Улуттук банктын аракеттерин алсыратышы мүмкүн. Мүмкүн болгон тышкы тобокелдиктердин булактары геосаясий чыңалуу жана глобалдык энергия алып жүрүүчүлөр жана азык-түлүк рынокторунда баалардын жогору болушу мүмкүн, бул импорттолуучу товарларга баалардын өсүшүн, ошондой эле глобалдык финансылык шарттарынын катуулашын улантууга алып келиши мүмкүн. Ички тобокелдиктерге 2022-жылы ишке ашырылган фискалдык импульстун натыйжасы, тарифтердин жана акциздердин жогорулашы, ошондой эле ишканалардын жана үй чарбаларынын инфляциялык күтүүлөрүнүн сакталган жогорулашы кирет.
Инфляция боюнча билдирилген максатка жетүү үчүн Улуттук банк акча-кредит саясатынын колдо болгон бардык инструменттерин пайдаланат. Тобокелдиктер келип чыккан учурда кошумча инструменттер колдонулат жана тиешелүү чаралар ишке ашырылат.
Акча-кредит саясаты экономикалык саясаттын бөлүгү катары Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылат. Макроэкономикалык туруктуулукту колдоо үчүн макулдашылган салыктык-бюджеттик жана акча-кредит саясатын жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында түзүмдүк реформаларды жүргүзүү, анын ичинде инфляциянын монетардык эмес факторлорун төмөндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу артыкчылыктуу милдет болуп саналат.
Акча-кредит саясатынын жүргүзүлүп жаткан курсунун алкагында Улуттук банк күч-аракеттерин төмөнкүлөргө топтоштурат: (1) акча-кредит саясатынын чараларынын бүтүндөй экономикага таасир берүүсүн жакшыртуу; (2) акча-кредит трансмиссиянын пайыздык каналын күчөтүү; (3) акча-кредит саясатынын инструменттеринин натыйжалуулугун жана ийкемдүүлүгүн жогорулатуу, зарыл болгон учурда жаңы инструменттерди киргизүү; (4) аналитикалык-болжолдуу инструменттерди өркүндөтүү; (5) акча-кредит саясатынын коммуникациялык курамын күчөтүү.
Акча-кредит саясатынын тактикалык чечимдери банк системасындагы ликвиддүүлүк кырдаалдарын, акча жана валюта рынокторунун өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы экономикалык кырдаалдан анын өнүктүрүү келечектерине жараша кабыл алынат. Өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимине ылайык Улуттук банктын ички валюта рыногуна катышуусу жөнүндө чечим алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында гана кабыл алынат.
2023-жылы бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусу менен финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш 2022-2025-жылдарга банк жана микрофинансылык секторлорду өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашырууга багытталган. Бул программаларда максаттуу багыттар болуп финансы секторунда атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү, финансылык ортомчулуктун деңгээлин көбөйтүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү, анын ичинде банк жана микрофинансылык секторлордо инновацияларды киргизүү аркылуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана аларга жетүүнү кеңейтүү, жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптерин киргизүү, каржылоонун ислам принциптерин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө көмөктөшүү аныкталган.
Банк системасында туруктуулукту сактоо максатында банктын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди аныктоого жана азайтууга, коммерциялык банктарда тобокелдиктерди башкаруу системасын күчөтүүгө, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук системасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат.
Улуттук банк тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү, коммерциялык банктар тарабынан сооданы каржылоо боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу механизмдерин өнүктүрүү, депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү принциптерин илгерилетүү боюнча макулдашылган саясатты иштеп чыгуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча иштер улантылат. 2023-жылы Улуттук банк төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, өлкөнүн региондорунда төлөм инфраструктурасын кеңейтүү, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну улантат.
3. Активдүү адилеттүү социалдык саясатты жүргүзүү
Социалдык өнүктүрүү саясаты мурдагыдай эле, биринчи кезекте мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталат.
Иштин негизги артыкчылыктуу багыттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында, ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү тармактык программалык документтерде аныкталган.
Күч-аракеттер Кыргыз Республикасынын эмгек, эмгек мамилелери жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерин өркүндөтүүгө багытталат. Экономиканын келечектүү муктаждыктарынан улам эмгек рыногунда эмгек ресурстарына муктаждыкты болжолдоо методикасын кайра кароо пландалууда. Калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү жана жумушсуз жарандарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун жаңы моделин түзүү иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Социалдык контракттын негизинде жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылат. Бул долбоор 2022-жылы ийгиликтүү ишке ашырылган жана 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө чейин көбөйтүү пландалууда, аларга өз ишин өнүктүрүүгө 100 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз финансылык жардам бөлүнөт.
Ошону менен бирге эмгек мамилелерин санариптештирүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү маселелерине өзгөчө басым жасалат.
Негизги көңүл үй-бүлө, эне, ата жана балалык институтун чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген социалдык коргоонун минималдуу базалык деңгээлин камсыз кылуу маселелерине багытталат. Автоматташтырылган маалыматтардын негизинде муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу социалдык жардам көрсөтүү үчүн инструментти иштеп чыгуу пландалууда.
Миграция чөйрөсүндө күч-аракеттер 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 токтому) жана 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын биринчи этабын (2021-2025-жылдар) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 191-т тескемеси) ишке ашыруунун алкагында өлкөдөн тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо системасын өркүндөтүүгө багытталган. Тышкы миграция, анын ичинде коопсуз миграция маселелери боюнча жарандардын укуктук сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын комплекси ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун өнүктүрүү саясаты калктын саламаттыгын сактоого, дени сак жана активдүү узак жашоого дем берүүгө, саламаттык сактоо жаатында түп-тамырынан өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга, саламаттык сактоонун башкаруу жана кызмат көрсөтүүлөр системасын жакшыртууга, баштапкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө жана үй-бүлөлүк медицина борборлорун заманбап инновациялык жана маалыматтык мамилелерди колдонуу менен модернизациялоого жана жабдууга, эне жана баланы коргоону күчөтүүгө, профилактикалык кароолорду жүргүзүүгө, анын ичинде республиканын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондорунун капкын диагностикалык изилдөөлөргө, медициналык камсыздандыруунун жаңы механизмдерин киргизүүгө, саламаттык сактоо системасын каржылоонун принциптерин жана механизмдерин өзгөртүүгө багытталат.
2023-жылы билим берүү чөйрөсүндө негизги көңүл билим берүү системасын стратегиялык башкаруунун сапатын жакшыртуу, мектептик жана мектепке чейинки билим берүүнү камтуу деңгээлин жогорулатуу, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жан башына каржылоо принциптерин киргизүү, мектептик билим берүү стандарттарынын мазмунун жана түзүмүн кайра карап чыгуу, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү объекттерин куруу, иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен жумушчу кадрларды жана адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү билим берүү системасында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү, ЖОЖдордун ишинин илимий-изилдөө багыттарын күчөтүү ж.б. сыяктуу милдеттерди аткарууга багытталат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык жана тарифтик саясатты реформалоонун алкагында улгайган жарандардын жетиштүү жашоо деңгээлин камсыз кылууга, пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун колдоого, ошондой эле камсыздандыруу принциптерин күчөтүүгө жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүгө жөндөмдүү социалдык камсыздандыруунун жана пенсия менен камсыз кылуунун натыйжалуу жана таасирдүү системасын курууну караган чаралар мындан ары да жүргүзүлөт. Иштер төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- мамлекеттик эмес пенсиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, калкты пенсиялык камсыздандыруу менен кеңири камтуу үчүн жарандардын ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууга катышуусуна дем берүү;
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун жагымдуулугун жогорулатуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор үчүн пенсиялык топтоолорду инвестициялоо инструменттерин кеңейтүү, ошондой эле кесиптик пенсиялык фонддорду өнүктүрүү;
- бардык жарандардын милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык программалардын так, түшүнүктүү жана натыйжалуу механизмдерине жетүүсү үчүн кеңири маалыматтык программаны жүргүзүү.
Чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсия менен камсыз кылууну камтуу боюнча мындан аркы иштер жүзөгө ашырылат.
Ошентип, 2023-жылы Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын биргелешкен экономикалык саясаты өлкөдө макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн күч-аракеттер экономикалык өсүштүн оң темптерин сактоо, баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана экономикалык иштин субъекттери үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында программалык документтерде белгиленген бардык чараларды/иш-чараларды аткарууга багытталат.
Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан билдирилген чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденцияларына туруктуу мониторинг жүргүзүлөт. Дүйнөлүк экономикада жана тышкы экономикалык чөйрөдө ата мекендик экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон кошумча тең салмаксыздыктар/тобокелдиктер пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын 2023-жылга кабыл алынган экономикалык саясатына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет жана зарыл чаралар көрүлөт.
Өз кезегинде Министрлер Кабинети жана Улуттук банк программалык документтерде билдирилген негизги багыттарды ишкердик коомчулук менен биргеликте ишке ашырууга ишеним артат.