Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 321
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик ишканаларды жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибинде:
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууда төлөөчү ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык эсептешүүлөрдү жөнөткөндөн кийин отуз календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануунун биринчи жылы үчүн жыйым төлөөгө милдеттүү, буга жер казынасынын участогун өнөр жайлык иштетүү башталганга жана долбоордук кубаттуулукка чыкканга чейин жыйымдын төлөө мөөнөтүн жылдыруу берилген мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер кирбейт.";
- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Өткөн жылдар үчүн жыйымдар боюнча 10000000 (он миллион) сомдон ашык карызы бар төлөөчүгө жер казынасынын участогун өнөр жайлык иштетүү башталганга чейин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясы менен макулдашуудан кийин жыйым боюнча карызды төлөөнүн төлөөчү тарабынан бекитилген графиги боюнча жыйымдын төлөө мөөнөтүн жылдыруу берилет.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясынын жыйналышынын протоколунан көчүрмө чечим кабыл алынгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде лицензиялык аянттын жайгашкан жери боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функциялык бөлүмүнө жиберилет.
Учурдагы жана кийинки жылдар үчүн жыйымдар төлөөчү тарабынан белгиленген тартипте төлөнөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
-19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Мамлекеттик органдарга өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон геологиялык маалыматтарды берүү акысыз жүргүзүлөт. Геологиялык маалымат мамлекеттик ишканаларга жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттерге төлөө мөөнөтүн көрсөтүп, тиешелүү келишимди түзүү аркылуу үч жылдан ашпаган мөөнөткө төлөө мөөнөтүн жылдыруу менен берилет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 04-июлундагы № 53 (3502)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |