Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 449
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө
Жер казынасын пайдалануунун укуктук жөнгө салынышын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 31-главасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары 2-тиркемеге ылайык;
3) пайдалуу кендерди чалгындоодо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары 3-тиркемеге ылайык;
4) пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары 4-тиркемеге ылайык;
2. Лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларынын өлчөмдөрүн аныктоо үчүн мөөнөттү эсептөө лицензиянын алгачкы берилген күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы № 185 «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкаларын жана жыйымды эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 23-августунда № 76(3411) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| 2-тиркеме |
Пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчун жыйымдын ставкалары
|
|
| ЭК/кв.км, жылдар боюнча | ||||||
| № | Пайдалуу кендердин түрлөрү | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 жана андан ары |
|
| Пайдалуу металл кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
| 1 | Асыл металлдар (алтын, күмүш, платиноиддер). Сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтер (сейрек топурак, тантал, ниобий, гафний, цирконий, цезий, литий). Кара металлдар (темир, марганец, хром, титан, ванадий), түстүү металлдар (алюминий, рубидий, жез, никель, кобальт, коргошун, цинк), сейрек кездешүүчү металлдар (калай, вольфрам, мышьяк, молибден, бериллий, висмут, сымап, сурьма, стронций). Уран, торий жана радиоактивдүү чийки зат | 10 | 10 | 10 | 50 | 100 | 200 | 50 % га көбөйтүлөт |
| 2 | Чачыранды кендер (алтын) | 200 | 200 | 200 | 500 | 1000 | 2000 |
|
|
| Металл эмес пайдалуу кендер (рудалык эмес): |
|
|
|
|
|
|
|
| 3 | Баалуу, жарым-жартылай баалуу, зергерлик жана жасалгалоочу таштар (ташка айланган жыгач, мрамор оникси, альмамдин), пьезооптикалык жана оптикалык материалдар (исландия шпаты, оптикалык флюорит, пьезооптикалык кварц). Айнек, керамика, отко чыдамдуу чийки заттар (фарфор ташы, кварц-полевошпаттык тектер, каолин, карапа жасалуучу чопо, чопо жана кыш куюлуучу топурак, кварц кумдары, кумдак таш, кварцит, тальк, пирофиллит, волластонит, акиташ теги), абразивдүү чийки зат (корунд, наждак, кайрак таш, трепел), туздар жана туздардын эритиндиси (ташка айланган туз, натрий сульфаты). | 100 | 100 | 300 | 500 | 1000 | 2000 | 50 % га көбөйтүлөт |
| Агрохимиялык чийки заттар (тоют тузу, агроруда, апатиттер, фосфориттер, селитра, глауконитгер, уюган күкүрт, чым көң), химиялык чийки заттар (барит, бор, күкүрт колчеданы), металлургия үчүн рудалык эмес чийки заттар (серпентинит, магнезит, жер кремний чийки заты, андалузит, флюс флюорита, флюс акиташ теги, доломит). Кынама таш жана дубал ташы (кумдак таш жана конгломераттар, мрамор, акиташ теги, доломиттер, роговиктер) каптама таш (мрамор, үлүл-акиташ теги, доломит-акиташ теги, гранит, магма тектери, роговиктер), акиташ жана цемент үчүн чийки заттар (акиташ үчүн акиташ теги, цемент үчүн акиташ теги жана доломиттер, мергелдер, ылай жана чопо топурак, цементке, гипске активдүү кошулмалар, гипс), чополуу сланецтер, сланецтер, вулканомиктуу конгломерат, туфоалевролит, кварц катмары, граносиенит, глиеж, кынаматаш, курулуш ташы, вулканиттер, гранодиорит, ангидрит, кой таштар жана гранитоиддердин чоң кесеги, мраморлошкон акиташ теги, базальт. Бетон жана курулуш аралашмасы үчүн чийки заттар (кум-шагыл аралашмасы, курулуш куму, кычкыл эффузивдер, керамзит жана аглопорит өндүрүшү үчүн чийки зат), башка металл эмес кендер (петролургиялык чийки зат, озокерит, слюда, кремнийи көп чийки зат, бентонит чопосу, асбест, графит, гипс) |
|
|
|
|
|
|
| |
| Күйүүчү кендер: |
|
|
|
|
|
|
| |
4 | Көмүр | 50 | 50 | 50 | 100 | 250 | 300 | 50 % га | |
5 | Мунай жана газ | 5 | 5 | 5 | 7 | 10 | 15 | көбөйтүлөт | |
* ЭК - «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептешүү көрсөткүчү.
3-тиркеме
Пайдалуу кендерди чалгындоодо жер казынасын пайдалануу укугуна лицеyзияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары
№ | Пайдалуу кендердин түрлөрү | ЭК*/га, жылдар боюнча | |||||||
|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 жана андан ары |
| Пайдалуу металл кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
1 | Асыл металлдар (алтын, күмүш, платиноиддер). Сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтер (сейрек топурак, тантал, ниобий, гафний, цирконий, цезий, литий). Кара металлдар (темир, марганец, хром, титан, ванадий), түстүу металлдар (алюминий, рубидий, жез, никель, кобальт, коргошун, цинк), сейрек кездешүүчү металлдар (калай, вольфрам, мышьяк, молибден, бериллий, висмут, сымап, сурьма, стронций). Уран, торий жана радиоактивдүү чийки зат | 3 | 3 | 5 | 7 | 10 | 20 | 30 | 40 |
| Чачыранды кен чыккан жерлер (алтын) | 5 | 5 | 10 | 30 | 40 | 50 | 60 | 80 |
| Металл эмес пайдалуу кендер (рудалык эмес): |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баалуу, жарым-жартылай баалуу. зергерлик жана жасалгалоочу таштар (ташка айланган жыгач. мрамор оникс, альмандин), пьезооптикалык жана оптикалык материалдар (исландия шпаты, оптикалык флюорит, пьезооптикалык кварц). Айнек, керамика, отко чыдамдуу чийки заттар (фарфор ташы, кварц-полевошпаттык тектер, каолин, карапа жасалуучу чопо, чопо жана кыш куюлуучу чопо топурак, кварц кумдары, кумдак таш, кварцит, тальк, пирофиллит, волластонит, акиташ теги), абразивдүү чийки зат (корунд, наждак, кайрак таш, трепел), туздар жана туздардын эритиндиси (туз, натрий сульфаты), агрохимиялык чийки зат (тоют тузу, глауконит, агроруда). | 3 | 3 | 7 | 10 | 15 | 20 | 25 | 30 |
| Кынама таш жана дубал ташы (кумдак таш жана конгломераттар, мрамор, акиташ теги, доломиттер, роговиктер) каптама таш (мрамор, акиташ-ракушечник, доломит-акиташ, гранит, магма тектери, роговиктер), акиташ жана цемент үчүн чийки заттар (акиташ үчүн акиташ теги, цемент үчүн акиташ теги жана доломиттер, мергелдер, ылай жана чопо топурак, цементке активдүү кошулмалар, гипс), чополуу сланецтер, сланецтер, вулканомиктүү конгломерат, туфоалевролит, жилалуу кварц, граносиенит, глиеж, кынама таш, курулуш ташы, вулканит, гранодиорит, ангидрит, кой таштар жана гранитоиддердин чоң кесеги, мраморлошкон акиташ теги, базальт. Бетон жана курулуш эритмеси үчүн чийки заттар (кум-шагыл аралашмасы, курулуш куму, кычкыл эффузивдер, керамзит жана аглопорит өндүрүшү үчүн чийки зат), башка металл эмес кендер (петролургиялык чийки зат, озокерит, слюда, кремнийи көп чийки зат, бентонит чопосу, асбест, графит, гипс) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Күйүүчү кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
4 | Көмүр | 5 | 5 | 10 | 15 | 25 | 35 | 40 | 50 |
5 | Мунай жана газ | 0,5 | 0,5 | 1 | 1,5 | 2 | 3 | 4 | 5 |
* ЭК - «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептешүү көрсөткүчү.
Пайдалуу кендерди чалгындоодо төлөнүүчү жыйым ставкасынын өлчөмү сегизинчи жылдан кийинки ар бир жылга 8-жыл үчүн ставкасы боюнча белгиленет.
4-тиркеме
Пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары
|
| ЭК/га, жылдар боюнча | ||||||||||
№ | Пайдалуу кендердин түрлөрү | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 жана андан ары | |
| Пайдалуу металл кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
1 | Асыл металлдар (алтын, күмүш, плати ноиддер). Сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтер (сейрек топурак, тантал, ниобий, гафний, цирконий, цезий, литий) | 5 | 7 | 15 | 30 | 40 | 45 | 50 | 55 | 60 | 80 | |
2 | Кара металлдар (темир, марганец, хром, титан, ванадий), түстүү металлдар (алюминий, рубидий, жез, никель, кобальт, коргошун, цинк), сейрек кездешүүчү металлдар (калай, вольфрам, мышьяк, молибден, бериллий, висмут, сымап, сурма, стронций). Уран, торий жана радиоактивдүү чийки зат | 1 | 3 | 5 | 7 | 10 | 15 | 18 | 20 | 25 | 30 | |
3 | Чачыранды кендер (алтын) | 10 | 20 | 40 | 50 | 60 | 80 | 100 | 150 | 200 | 300 | |
| Металл эмес пайдалуу кендер (рудалык эмес): |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
4 | Баалуу, жарым-жартылай баалуу, зергерлик жана жасалгалоочу таштар (ташка айланган жыгач, мрамор оникс, альмандин), пьезооптикалык жана оптикалык материалдар (исландия шпаты, оптикалык флюорит, пьезооптикалык кварц). Айнек, керамика, отко чыдамдуу чийки заттар (фарфор ташы, кварц-полевошпаттык тектер, каолин, карапа жасалуучу чопо, чопо жана кыш куюлуучу чопо топурак, кварц кумдары, кумдак таш, кварцит, тальк, пирофиллит, волластонит, акиташ теги), абразивдүү чийки зат (корунд, наждак, кайрак таш, трепел), туздар жана туздардын эритиндиси (туз, натрий | 5 | 10 | 15 | 20 | 25 | 30 | 40 | 50 | 100 | 200 | |
| сульфаты), агрохимиялык чийки заттар (тоют тузу, глауконит). Кынама таш жана дубал ташы (кумдак таш жана конгломераттар, мрамор, акиташ теги, доломит, роговик) каптама таш (мрамор, акиташ-ракушечник, доломит-акиташ теги, гранит, магма тектери, роговик), акиташ жана цемент үчүн чийки заттар (акиташ үчүн акиташ теги, цемент үчүн акиташ теги жана доломиттер, мергелдер, ылай жана чопо топурак, цементке, гипске активдүү кошулмалар), чополуу сланецтер, сланецтер, вулканомиктүү конгломерат, туфоалевролит, жилалуу кварц, граносиенит, глиеж, кынама таш, курулуш ташы, вулканит, гранодиорит, ангидрит, кой таштар жана гранитоиддердин чоң кесеги, мраморлошкон акиташ теги, базальт. Бетон жана курулуш эритмеси үчүн чийки заттар (кум-шагыл аралашмасы, курулуш куму, кычкыл эффузивдер, керамзит жана аглопорит өндүрүшү үчүн чийки зат), башка металл эмес кендер (петролургиялык чийки зат, озокерит, слюда, кремнийи көп чийки зат, бентонит чопосу, асбест, графит, гипс) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
| Күйүүчү кендер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
5 | Көмүр | 4 | 6 | 8 | 10 | 15 | 20 | 25 | 35 | 40 | 50 | |
6 | Мунай жана газ | 0,5 | 1 | 2 | 2 | 3 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | |
*ЭК - «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептешүү көрсөткүчү.
Пайдалуу кендерди чалгындоодо төлөнүүчү жыйым ставкасынын өлчөмү онунчу жылдан кийинки ар бир жылга 10-жылдын ставкасы боюнча белгиленет.