Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 токтомуна) |
Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) ишинин укуктук негиздерин, функцияларын жана компетенциясын аныктайт.
2. Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши Креативдүү индустриялар паркын (мындан ары - КИП) башкаруунун жогорку органы болуп саналат, КИПтин ишин жалпы контролдойт, креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыз кылат.
2. Байкоочу кеңештин курамы
3. Байкоочу кеңеш 7 мүчөдөн турат жана төмөнкүдөй курамда түзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен:
- экономикалык өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын экономика жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар өкүлү;
- бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын мамлекеттик финансы жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар өкүлү;
2) Кыргыз Республикасынын креативдүү индустрияларынын кесипкөй бирикмелеринин беш өкүлү.
4. Экономикалык өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен сунушталган жана Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриялар кесиптик бирикмелери тарабынан дайындалган КИП Байкоочу кеңешинин курамын киргизет.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен үч жылдык мөөнөткө бекитилет. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү алар жумуштан бошотулган, жарандык укуктук мамилелер жана креативдүү экономика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же ушул Жобонун ченемдерин бузган учурда көрсөткөн орган тарабынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Байкоочу кеңештин курамына креативдүү индустриялардын кесиптик бирикмелеринин өкүлдөрүн дайындоонун тартиби "Креативдүү Индустриялар Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин ички актылары менен аныкталат.
3. Байкоочу кеңештин компетенциясы
6. КИП Байкоочу кеңеши:
1) КИП ишине жалпы жетекчиликти, контролду жана координациялоону жүзөгө ашырат;
2) КИП ишинин жыйынтыктары жөнүндө ар жылдык отчетту, отчеттук жыл аяктагандан кийин 90 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтөт;
3) КИП дирекциясынын уставын жана бюджетин бекитет;
4) КИП дирекциясынын директорун дайындайт жана четтетет;
5) КИП резиденти статусун берүү жана КИП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алат;
6) КИП резиденти статусун алууга арыздын электрондук формасын бекитет;
7) КИП резиденти катары катталган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин КИП резиденти тарабынан берилүүчү отчеттун электрондук формасын аныктайт;
8) КИП резиденттеринин реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт;
9) алты айдан кем эмес мезгилге КИП ишинин милдеттерин жана көрсөткүчтөрүн аныктайт;
10) КИП дирекциясынын административдик түзүмүн бекитет;
11) КИП дирекциясы тарабынан иштелип чыккан алдыдагы иштердин жылдык пландарын жана аларды ишке ашыруу боюнча финансылык пландарды карайт, алардын негизинде аларды андан ары аткаруу жөнүндө чечим кабыл алат;
12) квартал сайын КИП дирекциясынын планда каралган иштердин жана иш-чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматын угат;
13) жүргүзүлүп жаткан иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана КПИ дирекциясынын бюджетин пайдалануу боюнча сунуштарды берет;
14) Байкоочу кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышына контролдоо жүргүзөт;
15) КИП резиденттеринин ишинин маселелери боюнча сунуштарын, ошондой эле контролдоочу органдар, КИП дирекциясы берген маалыматтарды карайт;
16) КИП дирекциясы тарабынан КИП ишине мониторинг жүргүзүү тартибин аныктайт;
17) КИП дирекциясы тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын карап чыгат;
18) мамлекеттик органдардан (кызмат адамдарынан), башка уюмдардан, анын ичинде КИП резиденттеринен анын иши үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды сурайт;
19) Байкоочу кеңештин чечими милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
61 иштин түрүнүн креативдүүлүгүн аныктоо үчүн КИП дирекциясы тарабынан берилген критерийлерди бекитет;
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
7. КИП дирекциясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан КИП резиденттеринин ишине туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн, ошондой эле креативдүү индустриялар секторун башка изилдөөлөрдүн жана алардын абалын баалоонун негизинде Байкоочу кеңеш:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине иштин түрлөрүн КИП режими колдонулуучу иштердин түрлөрүнүн тизмегине киргизүү же алып салуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине креативдүу индустрияларды өнүктүрүү жана креативдүү ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды жөнөтөт;
3) КР Улуттук статистика комитетине креативдүү индустриялар секторлоруна тиешелүү маалыматтарды статистикага киргизүү боюнча сунуштарды берет;
4) экономиканын бардык секторлорунда креативдүү ишкердиктин үлүшүн көбөйтүү, креативдүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү, бөлүштүрүүнү жана жайылтууну кошо алганда, креативдүү индустрияларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышкан субъекттердин өз ара аракеттенүүсүнүн институционалдык шарттарын жана механизмдерин түзүү, ошондой эле кадрларды даярдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
5) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизет:
- креативдүү индустриялар (креативдүү кластерлер, креативдүү инкубаторлор, атайын жабдууларды жамааттык пайдалануу борборлору) үчүн аялдардын, жаштардын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды креативдүү индустриялар секторунда өзүн чыгармачылык жактан өнүктүрүүнү жана ишке орноштурууну камсыз кылуучу жеткиликтүү инфраструктураны түзүү;
- креативдүү индустрияларда жумуш орундарынын санын көбөйтүү;
- тарыхый-маданий, материалдык эмес мурастардын элементтерин коммерциялык жана коммерциялык эмес пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камтыган маалыматтык камсыздоо системасын түзүү боюнча;
6) креативдүү ишкердик үчүн зарыл болгон билим берүү системасын өнүктүрүү жана компетенцияларды өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгат;
7) индустриялардын өнүгүшүнүн негизги тренддерин жана негизги көйгөйлөрүн аныктоо максатында республиканын айрым креативдүү индустрияларын, анын ичинде "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде каралган креативдүү индустриялардын тизмегине кирбегендерине аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат.
8. Байкоочу кеңеш креативдүү ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен туруктуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, креативдүү индустриялар чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын жана башкаруу чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышат, КИПти өнүктүрүү жана колдоо программаларын иштеп чыгууга катышат.
9. Байкоочу кеңеш өз ишине ата мекендик жана эл аралык эксперттик жана илимий уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле креативдүү индустриялар боюнча айрым адистерди тартат.
4. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу
10. Байкоочу кеңештин ишин Байкоочу кеңештин төрагасы (төрага жок учурда - анын орун басары) жетектейт. Байкоочу кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан өз ичинен шайланат.
11. Байкоочу кеңештин төрагасы:
1) Байкоочу кеңештин ишин жетектейт;
2) Байкоочу кеңештин жыйналыштарын алып барат;
3) Байкоочу кеңештин чечимдерине жана жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт;
4) Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
5) мамлекеттик органдар, башка уюмдар жана жеке жактар менен мамилелерде Байкоочу кеңештин атынан чыгат;
6) Байкоочу кеңештин иш пландарын бекитет;
7) Байкоочу кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырат, алардын күн тартибин бекитет;
8) Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык башка функцияларды аткарат.
12. Байкоочу кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Байкоочу кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча Байкоочу кеңештин жыйналышын өткөрүүнү демилгелөөгө, ошондой эле каралып жаткан маселелерди талкуулоодо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууда баяндамаларды, билдирүүлөрдү жасоого, сунуштарды киргизүүгө жана КИП дирекциясынан маалымат алууга;
2) Байкоочу кеңештин жыйналышына катышпаган учурда каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө, ал эми Байкоочу кеңештин мүчөсү кабыл алынган чечимге макул болбосо, ал өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө жана протоколго киргизүүгө жана Байкоочу кеңештин төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу;
3) Байкоочу кеңештин курамынан чыгууга.
13. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) КИП кызыкчылыгында аракеттенүүгө, өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алууга;
2) Байкоочу кеңештин кезектеги жана кезексиз жыйналыштарына жеке өзү катышууга жана Байкоочу кеңештин жыйналыштарына катышуу мүмкүн эместиги жөнүндө анын катышпагандыгынын себебин көрсөтүү менен кабарлоого;
3) купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого.
14. Байкоочу кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Байкоочу кеңештин кезексиз жыйналышы төмөнкүдөй чакырылышы мүмкүн:
1) Байкоочу кеңештин мүчөсүнүн демилгеси боюнча;
2) беш же андан ашык КИП резиденттеринин сунушу боюнча;
3) КИП дирекциясынын сунушу боюнча.
15. Байкоочу кеңештин жыйналышы анын курамынын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси болгондо укуктуу деп эсептелет.
16. Байкоочу кеңештин жыйналышынын Байкоочу кеңештин төрагасы (төрага жок учурда - анын орун басары) алып барат.
17. Байкоочу кеңештин чечимдери Байкоочу кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Байкоочу кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага Байкоочу кеңештин жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып үч иш күндүн ичинде жыйналышка катышкан Байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрү кол коюшат.
18. Байкоочу кеңештин жыйналышы коммуникациялык технологиялардын жардамы менен өткөрүлүшү мүмкүн. Мындай жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби Байкоочу кеңештин чечими менен аныкталат.
19. Байкоочу кеңештин чечими сырттан добуш берүү жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
20. Сырттан добуш берүү өткөрүлгөн учурда Байкоочу кеңештин чечимдери Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
21. Сырттан добуш берүү жөнүндө билдирүүдө жооп жиберилүүчү почтанын дареги, добуш берүү үчүн маселелер жана жооп андан кеч эмес жиберилүүгө тийиш болгон убакыт камтылат.
22. Сырттан добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протокол даярдалат, ага Байкоочу кеңештин кезектеги жыйналышында кол коюлат.
23. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин коомдук башталышта жана акысыз негизде жүзөгө ашырышат.
24. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык-методикалык жактан камсыз кылуу КИП дирекциясы тарабынан ишке ашырылат.