Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 327
Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө
"Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Креативдүү индустриялар паркы түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Креативдүү индустриялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.
3. "Креативдүү Индустриялар Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясын белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
2) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясынын ишин камсыз кылуу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |