Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 319
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:
- 19-пункттун 11-пунктчасында "4 айга чейинки мөөнөттө ишке ашырылат" деген сөздөр "канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн максаттуу багытталган ветеринардык дары каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо күбөлүктөрүн кошпогондо, 45 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө ишке ашырылат, аларды каттоо мөөнөтү коопсуздуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча сыноолорду жүргүзүү менен 14 жумуш күндү түзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 268 "Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентте:
- 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн максаттуу багытталган тоют кошумчаларына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо күбөлүктөрүн кошпогондо, тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоо жүргүзүү процесси каттоо документтеринин толук комплекти берилген күндөн тартып арыз ээсине каттоо күбөлүгү берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан 45 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат, аларды каттоо мөөнөтү коопсуздуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча сыноолорду жүргүзүү менен 14 жумуш күндү түзөт.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 319
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасындагы канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна ылайык күчүн жоготту)