Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-июлу № 334
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кесиптик орто билим берүү уюмдарына кабыл алууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартибинде:
- 2-пункттагы "(эгер окуу 3 жыл болсо)" деген сөздөр "(эгер окуу 2 жыл болсо)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. КООЖдордун адистиктеринин тизмеси жана бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрүнүн негизинде жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо белгиленген тартипте түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. КООЖдор боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы ведомстволук баш ийүүсүндө КООЖдор бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, адистиктер боюнча келишимдик (акы төлөнүүчү) негизде кабыл алуу планы КООЖдор тарабынан лицензияга ылайык түзүлөт.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. КООЖдор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү адистиктеринин тизмесине ылайык тиешелүү адистиктер боюнча кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттары болгон учурда гана жарандарды окууга кабыл алууну жарыялоого укуктуу.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышы, лицензиялык талаптардын, ошондой эле КООЖдорго кабыл алууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иштөө тартибин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну КООЖдун жетекчиси тарабынан дайындалуучу жооптуу катчы уюштурат.";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. КООЖго кабыл алуу жөнүндө арыз абитуриент тарабынан автоматташтырылган маалыматтык система - билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн КООЖдорго каттоо жана кабыл алуу үчүн портал аркылуу электрондук түрдө берилет. КООЖго кабыл алуу жөнүндө арыз берүүдө абитуриент электрондук түрдө төмөнкү документтерди тапшырат:
- паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн;
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктү же орто жалпы билими жөнүндө аттестатты жана кесиптик башталгыч билими жөнүндө дипломду же анын дубликатын;
- аскердик билетин же катталуу күбөлүгүн;
- керектүү сандагы сүрөтүн (3x4 - 6 даана);
- эгерде абитуриент ушул Тартиптин 32, 33 жана 34-пункттарында көрсөтүлгөн жеңилдиктерге укуктуу болсо, ырастоочу документтерди.
КООЖго окууга кабыл алынган абитуриенттер кийин кабыл алуу комиссиясына ушул пунктта көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын берет.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Документтерди электрондук түрдө кабыл алуу жана каттоо учурдагы жылдын 1-июлунан тартып 30-августуна чейин жүргүзүлөт.";
- 19-пункттагы "жыл сайын иштеп чыгышат, бекитишет жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Тартипке каршы келбөө жагынан өз билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашышат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Тартипке каршы келбөө бөлүгүндө ушул кабыл алуу эрежелерин жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын негизги жалпы же орто жалпы билими жөнүндө мамлекеттик документке эквиваленттүү билими жөнүндө документти көрсөтүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билими жөнүндө документтерди экспертизалоо билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген билиминин мазмунунун деңгээлинин шайкештиги жөнүндө маалымкатты берүүсүз жол берилбейт.";
- 21-пункт "аны текшерүү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү же жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы орточо баа аныкталат жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
"211. Адистиктер боюнча конкурс (медициналык адистиктерден, маданият, искусство, дене тарбия чөйрөсүндөгү адистиктерден тышкары) жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү орточо баанын негизинде конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдөөчү предметтер боюнча бааларды эске алуу менен өткөрүлөт.
Жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү орточо бааны жана конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдөөчү предметтер боюнча бааны аныктоо тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Эгерде бир орунга аттестаттагы же күбөлүктөгү орточо баа жана конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдөөчү предметтер боюнча баалары бирдей болгон абитуриенттер талапкер болсо, КООЖдун кабыл алуу комиссиясы алар үчүн кошумча кирүү сынактарын өткөрөт.
Медициналык адистиктер жана маданият, искусство, дене тарбия чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча конкурс КООЖ тарабынан өз алдынча өткөрүлгөн кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент алган баллдын суммасы жана аттестаттагы орточо баа боюнча өткөрүлөт.
Маданият, искусство, дене тарбия чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча конкурс КООЖ тарабынан өз алдынча өткөрүлгөн кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлөт.";
- 22-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөттөрү жыл сайын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кирүү сынактары бланктык же компьютердик тестирлөө, оозеки же жазуу түрүндөгү экзамен, угуу, көрүү ж.б. түрдө өткөрүлөт. Өзгөчө абалда, өзгөчө кырдаалда ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кирүү сынактарын онлайн режимде өткөрүүгө жол берилет.";
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. КООЖдун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен КООЖдун кабыл алуу эрежелеринде кирүү сынактары өткөрүлүүчү предметтердин тизмеси, КООЖдун адистиктери боюнча профилдөөчү предметтердин тизмеси, кирүү сынактарын өткөрүү формасы жана апелляцияларды кароо тартиби аныкталат.";
- 251-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Кабыл алуу кирүү сынактары аяктагандан кийин жүргүзүлөт жана учурдагы жылдын 30-августунан кечиктирилбестен аяктайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 311-пункт менен толукталсын:
"311. КООЖдорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жыл сайын бекиткен ушул категориядагы адамдар үчүн бюджеттик орундардын квотасынын чегинде конкурстун негизинде абитуриенттердин төмөнкү категориялары (ырастоочу документтери болгон учурда) кабыл алынат:
- I, II топтогу майыптар;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болгон окуялардын натыйжасында каза болгон адамдардын балдары;
- кайрылман статусу бар адамдар.
КООЖдун кабыл алуу комиссиясы конкурстук негизде абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде адистиктер боюнча квоталарды бөлүштүрөт. Арыз КООЖго бюджеттик орундар бөлүнгөн адистиктерге конкурска катышуу үчүн берилиши мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн категориялар үчүн арналган квоталар толук талап кылынбаган учурда алар жалпы шарттарда КООЖдун кабыл алуу комиссиясынын чечими боюнча конкурска катышкан башка абитуриенттердин арасында бөлүштүрүлүшү мүмкүн.";
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Жакшы баа болгон учурда бюджеттик орундарга тандалып алынган КООЖдогу олимпиаданын предмети профилдөөчү болгон адистиктерге эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (ушул жылы 1-3-орундарды алгандар) конкурстан тышкары кабыл алынат.
Жакшы баа болгон учурда окуунун акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга төмөнкүлөр конкурстан тышкары кабыл алынат:
- томолой жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (ушул жылдын 1-октябрына карата 18 жашка чейинки жана 18 жашка толгон балдар);
- КООЖдо тандап алган даярдоо багыты жана адистиги боюнча окууга медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу каршы келбеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- тандаган КООЖдогу олимпиада предмет профилдөөчү болгон адистиктерге эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (ушул жылы 1-3-орундарды алгандар).".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 18-июлундагы № 57 (3506)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |