Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-июлу № 332
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 «Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесине почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 «Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 25-пунктча менен толукталсын:
«25) почта байланышынын мамлекеттик тармагы аркылуу гана кызмат көрсөтүү.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-июлундагы № 54 (3503) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |