Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 08-апрели № 193
Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 3-июлундагы № 332, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7,
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун өркүндөтүүнү жана жүргүзүлгөн пилоттук долбоордун натыйжалары боюнча салыктык башкаруу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык;
3) Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
4) Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелери 4-тиркемеге ылайык;
5) Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар 5-тиркемеге ылайык;
6) Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2022-жылдын 31-декабрынан тартып кайра каттоо жана/же оңдоо учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга жооп бербеген контролдук-кассалык машиналар каттоого алынбары;
2) ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга ылайык келбеген, фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды пайдаланган субъекттер аларды 2023-жылдын 1-июлуна чейин колдонууга укуктуу экендиги;
3) алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрлөрү менен кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча контролдук-кассалык машиналарга карата талаптар 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирери;
4) товарларды идентификациялоо (товарларды маркалоо) каражаттарынын коддору жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде чагылдырууну милдеттүү камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү тууралуу талаптарды аткаруу мөөнөттөрү 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирери;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156 "Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган контролдук-кассалык машиналар 2022-жылдын 1-январынан тартып контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга тийиш. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган контролдук-кассалык машиналарды кошпогондо, бул контролдук-кассалык машиналардын моделдери субъектке же андан кийин субъектке сатуу үчүн башка жакка сатууга чейин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтүүгө тийиш экендиги;
6) ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган, 2022-жылдын 1-январынан тартып ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган программалык контролдук-кассалык машиналар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга тийиш экендиги;
7) соода операцияларын жүзөгө ашырууда же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө субъекттин ишин автоматташтыруу үчүн арналган программалык камсыздоону жана/же программалык-аппараттык комплекстерди пайдалануу менен басылып чыгарылган товардык чектерди контролдук-кассалык чекти бербестен сатып алуучуга (кардарга) берүүгө тыюу салынары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №705, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарды бекитсин;
2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган программалык контролдук-кассалык машинага ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жөнүндө техникалык корутунду алуу боюнча чараларды көрсүн;
3) 2022-жылдын 31-декабрына чейинки колдонуу мөөнөтү менен контролдук-кассалык машиналардын убактылуу реестрин түзсүн жана ага ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана субъекттер тарабынан пайдаланылып жаткан контролдук-кассалык машиналарды контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өткөрбөстөн киргизсин;
4) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте фискалдык модулдардын жана ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган контролдук-кассалык машиналардын иштөө технологияларын коргоону жана сактоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ломбарддарды электрондук документ түрүндө күрөө билеттерин тариздөөгө которуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик алымдын жана нотариалдык аракеттерди жүргүзүүдө көрсөтүлгөн квалификациялык юридикалык жардам үчүн алынуучу акча каражаттарынын суммалары жөнүндө маалыматтарды берүү максатында ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен "Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалыматтык системасын интеграцияласын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибинде:
20-пункту "көрсөтүлгөн суммадан" деген сөздөрдөн кийин "бир эсептик көрсөткүчкө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартибинде:
17-пунктундагы "көрсөтүлгөн суммадан" деген сөздөрдөн кийин "бир эсептик көрсөткүчкө" деген сөздөр менен толукталсын.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 3-июлундагы № 332, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Тизме Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесин, ошондой эле ККМди колдонуудан бошотуунун шарттарын жана мөөнөтүн аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларын жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен акчалай эсептешүүлөр, эгер ушул Тизмеде башкача белгиленбесе, иштин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча ККМди колдонбостон жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) баалуу кагаздарды сатуу;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) шаардык коомдук транспортто жүрүү үчүн жол жүрүү билеттерин жана талондорду сатуу;
4) поезддердеги жүргүнчүлөр жүрүүчү вагондордо жана самолёттордо чай жана башка коомдук тамак-аш продукцияларын сатуу;
5) жеке мүнөздөгү (гувернантка, бала багуучу, бакчачы, үй кызматчылары) жана мал кайтаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
6) автобустарды жана микроавтобустарды пайдалануу менен коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
7) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте мындай маалыматтык системаны ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен милдеттүү интеграциялоо шартында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга заказ кылуу үчүн колдонулуучу жүргүнчүлөрдү жеңил транспорт менен ташуу (такси кызматтары) жана такси кызматынын жана курьердик кызматтын маалымат системасын пайдалануу менен курьерлер менен товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
8) жүктөрдү кол арабасы менен ташуу, базарларда жана эл көп чогулган башка жерлерде радио аркылуу жарыялоо, телевизиондук антенналарды орнотуу, үй шартында кир жуу, мал союу, малдын терисин жана жүнүн даярдоо, малдын жүнүн тароо жана жүнүн тытуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
9) Кыргыз Республикасынын жарандары жалдаган чек ара аймактарында жеке эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттардын кызматтары;
10) мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана батирлерди суткасына ижарага берүүдөн тышкары, жеке менчик кыймылсыз мүлктү турак жай үчүн жалдоого берүү (ижарага берүү) боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызмат көрсөтүүлөрү;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрү;
13) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү, алар тарабынан накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнү кошпогондо;
14) кардарга же электрондук квитанция аркылуу, же смс-кабарлоо жөнөтүү менен, же төлөм жүргүзүүнүн, анын ичинде төлөм уюмунун перифериялык түзүлүштөрүн жана башка төлөм инструменттерин колдонуу менен төлөмдү ырастоонун башка жолдору менен чектерди берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жасалган мындай операциялар жөнүндө алар тарабынан маалыматтарды берүү шартында төлөм уюмдарынын, төлөм системасынын операторлорунун жана алардын агенттеринин кызмат көрсөтүүлөрү;
15) мамлекеттик алымдын жана нотариалдык аракеттенди жасоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн алган акча каражаттарынын суммасынын ичинде кардарга кагаз жүзүндө жана/же электрондук документ түрүндө ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды берүүнү камсыз кылган "Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен квитанция берүү шартында нотариалдык иш жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
16) коммуналдык төлөмдөрдүн чыгымдарын жабуу үчүн каражаттарды жыйноо бөлүгүндө курулуш уюмдарынын (куруучулардын) кызмат көрсөтүүлөрү;
17) банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасын пайдалануу менен таризделүүчү электрондук документ түрүндөгү күрөө билеттерин берүү жана мындай маалыматтык системаны ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен милдеттүү интеграциялоо шарттарында ломбарддардын кызмат көрсөтүүлөрү;
18) диний уюмдардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн диний уюмдардын диний буюмдарды жана диний адабияттарды диний имараттарда жана көчөдөгү күркөлөрдө сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле ырасым, диний ырым-жырымдар жана жөрөлгөлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
19) алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды гезит-журнал күркөлөрүндө сатуу;
20) кол арабаларды, көчмө прилавкаларды, чатырларды, боз үйлөрдү, күркөлөрдү жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүү продукциясын, айыл чарба продукциясын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
21) цистерналардан/челектерден квас, сүт, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
22) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23) мындай программалык каражатты фискалдык модуль менен милдеттүү интеграциялоо жана контролдук-кассалык чектин милдеттүү реквизиттерине ылайык келген реквизиттерге ээ документтер берилген шартта субъекттин ишин автоматташтырууга арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражатын пайдалануу менен товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу (субъекттин жана объектинин маалыматтары; операцияны каттоонун номери, датасы жана убактысы; товар, кызмат көрсөтүү же жумуш жөнүндө маалыматтар; операциянын жыйынды суммасы; төлөмдүн түрү; чектин QR-коду жана башкалар);
24) камсыздандыруу боюнча, анын ичинде камсыздандыруу агенттеринин жана камсыздандыруу брокерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү;
25) почта байланышынын мамлекеттик тармагы аркылуу гана кызмат көрсөтүү;
26) өзгөчө режимдеги соода зоналарында ишке салык төлөгөн салык төлөөчү тарабынан товарларды сатуу;
27) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28) ачкычтарды жана кулпуларды даярдоо жана оңдоо;
29) жасалма гүлдөрдү жана аза гүлчамбарларын жасоо;
30) I топтогу майыптар тарабынан көрсөтүлүүчү дарылоочу массажынын кызмат көрсөтүүлөрү;
31) төмөнкүлөрдү оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр:
а) телевизорлорду, радиоприемниктерди, видеокамераларды, магнитофондорду, CD, DVD;
б) муздаткычтарды, микротолкундуу мештерди, кир жуугуч жана үтүктөөчү машиналарды, кондиционерлерди жана башка тиричилик приборлорун;
в) бут кийим жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды;
г) жеке пайдалануудагы башка буюмдарды (велосипед, кийим, аң-тери, тигүү, трикотаж жана галантерея буюмдары, китептер, музыкалык аспаптар, оюнчуктар);
32) кесүүчү аспаптарды оңдоо жана курчутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
33) эмеректерди ондоо жана реставрациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
34) акы төлөнүүчү дааратканалардын кызмат көрсөтүүлөрү;
35) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен мындай соода платформасын милдеттүү түрдө интеграциялоо шартында электрондук соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода платформасын пайдалануу менен товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу.
36) патенттин негизинде иш жүргүзүүдө салык төлөөчү тарабынан товарларды сатуу.
2-1. Ушул Тизменин 2-пунктунун 5, 6, 8-10, 22, 27-34-пунктчаларында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүргүзүүчү субъекттер патенттин негизинде иш жүргүзгөн шартта ККМди колдонуудан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Белгилүү мөөнөткө чейин ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу субъекттердин тизмеси жана ККМди колдонуудан бошотуу мөөнөттөрү төмөнкү таблицада берилген.
| Таблица |
№ | Субъекттер тарабынан патенттин негизинде жүргүзүлүүчү иштин түрлөрү | Бошотуу мөөнөттөрү | |
Бишкек жана Ош шаарларында | башка административдик аймактык бирдиктерде | ||
1 | Соода борборлорунда жана үйлөрүндө жайгашкан, аянты 10 (он) кв. метрге чейинки түйүндөрдө товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
2 | Алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын саткан түйүндөрдү кошпогондо, убактылуу түйүндөрдү (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулмаларды) пайдалануу менен коомдук тамактануу жайларында кызмат көрсөтүү | 2024-жылдын 1-июлуна чейин | 2024-жылдын 1-июлуна чейин |
3 | Алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарын кошпогондо, соода залынын аянты 30 (отуз) кв. метрге чейин болгон күркөлөрдө, павильондордо, контейнерлерде, вагончолордо, чатырларда, боз үйлөрдө, ларектордо, көчмө прилавкаларда жана убактылуу темир конструкцияларда товарларды сатуу | 2024-жылдын 1-июлуна чейин | 2024-жылдын 1-июлуна чейин |
4 | Ушул Тизменин 2-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу (такси кызмат көрсөтүүлөрү) жана курьер тарабынан товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү | 2025-жылдын 1-январына чейин | 2025-жылдын 1-июлуна чейин |
5 | Калктан айнек идиштерди, утилдештирилүүчү сырьену жана металлдын сыныктарын кабыл алуу | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
6 | Алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, баалуу металлдардан жана таштардан жасалган ювелирдик буюмдарды кошпогондо, базарларда, кичи базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу, алардын аймагында жайгашкан төмөнкүлөр кирбейт: - соода залынын аянты 50 кв. метр жана андан жогору болгон дүкөндөр; - агайын жабдылган жана соода жүргүзүүгө арналган имараттарда жана курулмаларда жайгашкан, алардын жайгашкан, жайгашкан жеринин туруктуулугу менен мүнөздөлгөн, соода залынын аянты 50 кв. метр жана андан жогору болгон стационардык соода объекттери; - соода залынын аянты 50 кв. метр жана андан жогору болгон, окшош жабдылган жана товарды көрсөтүүнү жана сакталышын камсыз кылуучу павильондор, контейнерлер жана башка стационардык эмес соода түйүндөрү | 2024-жылдын 1-июлуна чейин | 2024-жылдын 1-июлуна чейин |
7 | Тамак-аш продуктуларынан тышкары, эл керектөөчү товарларды аянты 7 (жети) кв. метрге чейинки күркөлөрдө жана ларектордо чекене сатуу | 2023-жылдын 1-апрелине чейин | 2023-жылдын 1-апрелине чейин |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Интернет тармагында товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу боюнча иш жүргүзгөн субъекттер калк менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө накталай акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурун кошпогондо, 2025-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ККМди колдонбоого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
4-1. Калк менен эсептешүүлөрдү накталай эмес формада гана, дистанттык төлөм формаларынын инструменттерин, QR-төлөмдөрдү, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын, идентификацияланган электрондук капчыктарды жана башка перифериялык түзүлүштөрдү, ошондой эле төлөм системасы тарабынан сунушталган, алардын жардамы менен субъекттер үчүн накталай эмес төлөмдөрдү өз пайдасына кабыл алуу мүмкүнчүлүгү берилген бардык мобилдик тиркемелерди колдонуу менен жүзөгө ашыруучу субъекттер соода операцияларында же иштерди аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө ККМди колдонбоого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Тизмеге киргизилген иштерди жүргүзүүчү субъекттер ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында ККМди ыктыярдуу тартипте каттоого жана колдонууга укуктуу.