Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-июлу № 362
2023-2024-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-2024-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) 2023-2024-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу планын бекитсин;
2) 2023-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку окуу жайларына мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчетту берсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору 2023-2024-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларга кеткен чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
2023-2024-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү
Тармак | Код | Адистик | Гранттардын саны | |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 380 | |||
| 560001 | Дарылоо иши (адис) | 210 | |
560003 | Медициналык-профилактикалык иш (адис) | 50 | ||
560002 | Педиатрия (адис) | 100 | ||
560006 | Медайым иши (адис) | 20 | ||
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 130 | |||
| 532200 | Укук коргоо иши | 130 | |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 100 | |||
| 770100 | Командалык тактикалык мотоаткыч аскери (бакалавр) | 50 | |
770200 | Чек ара иши (бакалавр) | 50 | ||
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 206 | |||
| 570014 | Актёрдук искусство (адис) | 18 | |
570013 | Үн режиссурасы (адис) | 4 | ||
570006 | Кинооператордук (адис) | 12 | ||
570019 | Хореография педагогикасы (адис) | 12 | ||
570015 | Режиссура (колдонуу чөйрөлөрү боюнча) (адис) | 20 | ||
570029 | Социалдык-маданий иш (адис) | 38 | ||
570002 | Театр таануу (адис) | 3 | ||
570005 | Кино таануу (адис) | 3 | ||
570027 | Адабий чыгармачылык (адис) | 3 | ||
570009 | Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) (адис) | 20 | ||
570010 | Дирижёрлук (аткаруучу жамааттардын түрлөрү боюнча) (адис) | 5 | ||
570008 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) (адис) | 43 | ||
570011 | Композиция (адис) | 2 | ||
570012 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) (адис) | 7 | ||
570004 | Музыка таануу (адис) | 2 | ||
570018 | Хореография режиссурасы (адис) | 4 | ||
550600 | Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр) | 10 | ||
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 20 | |||
| 530800 | Эл аралык мамилелер (магистр) | 10 | |
530500 | Юриспруденция (магистр) | 5 | ||
580100 | Экономика (магистр) | 5 | ||
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 4711 | |||
Кен казуу иши | 620001 | Колдонмо геодезия (адис) | 20 | |
620100 | Геодезия жана аралыктан байкаштыруу (бакалавр) | 38 | ||
620100 | Геодезия жана аралыктан байкаштыруу (магистр) | 10 | ||
630001 | Колдонмо геология (адис) | 31 | ||
630002 | Геологиялык чалгындоо технологиясы (адис) | 15 | ||
630003 | Кен казуу иши (адис) | 58 | ||
630004 | Кен казуу жана мунайгаз өндүрүшүндөгү физикалык процесстер (адис) | 10 | ||
630100 | Колдонмо геология (магистр) | 5 | ||
630400 | Мунайгаз иши (бакалавр) | 15 | ||
630400 | Мунайгаз иши (магистр) | 5 | ||
650200 | Металлургия (бакалавр) | 15 | ||
| 650200 | Металлургия (магистр) | 5 | |
Бардыгы: |
|
| 227 | |
Гуманитардык адистиктер | 530100 | Философия (бакалавр) | 10 | |
530200 | Политология (бакалавр) | 25 | ||
530200 | Политология (магистр) | 8 | ||
531400 | Дин таануу (бакалавр) | 35 | ||
531400 | Дин таануу (магистр) | 6 | ||
531500 | Аймак таануу (бакалавр) | 10 | ||
540100 | Социология (бакалавр) | 25 | ||
540100 | Социология (бакалавр) | 8 | ||
540200 | Социалдык иш (бакалавр) | 63 | ||
570600 | Китепкана таануу жана документ жүргүзүү (бакалавр) | 18 | ||
571200 | Музеология жана маданий, тарыхый мурас объекттерин коргоо (бакалавр) | 10 | ||
| экспер. | Архив таануу | 15 | |
Бардыгы: |
|
| 233 | |
Саламаттык сактоо | 560001 | Дарылоо иши (адис) | 65 | |
560002 | Педиатрия (адис) | 15 | ||
560003 | Медициналык-профилактикалык иш (адис) | 23 | ||
Бардыгы: |
|
| 103 | |
Компьютердик технологиялар | 510200 | Колдонмо математика жана информатика (бакалавр) | 100 | |
510200 | Колдонмо математика жана информатика (магистр) | 15 | ||
580500 | Бизнес-информатика (бакалавр) | 16 | ||
590100 | Маалыматтык коопсуздук (бакалавр) | 30 | ||
590100 | Маалыматтык коопсуздук (магистр) | 5 | ||
710100 | Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр) | 109 | ||
710200 | Маалыматтык системалар жана технологиялар (бакалавр) | 88 | ||
710200 | Маалыматnык системалар жана технологиялар (магистр) | 5 | ||
710300 | Колдонмо информатика (бакалавр) | 69 | ||
710300 | Колдонмо информатика (магистр) | 10 | ||
710400 | Программалык инженерия (бакалавр) | 60 | ||
710400 | Программалык инженерия (магистр) | 5 | ||
| 710500 | Интернет технологиялар жана башкаруу (бакалавр) | 14 | |
710600 | Компьютердик лингвистика (бакалавр) | 25 | ||
710600 | Компьютердик лингвистика (магистр) | 5 | ||
Бардыгы: |
|
| 548 | |
Маданият | 570025 | Графика (адис) | 10 | |
570022 | Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (адис) | 10 | ||
570020 | Дизайн (адис) | 10 | ||
570024 | Живопись (адис) | 10 | ||
570021 | Интерьерлер жана жабдуулар (адис) | 10 | ||
570026 | Скульптура (адис) | 10 | ||
Бардыгы: |
|
| 60 | |
Билим берүү | 510100 | Математика (бакалавр) | 20 | |
510100 | Математика (магистр) | 6 | ||
510400 | Физика (бакалавр) | 19 | ||
510400 | Физика (магистр) | 5 | ||
520100 | Химия (бакалавр) | 15 | ||
520100 | Химия (магистр) | 5 | ||
520200 | Биология (бакалавр) | 20 | ||
520200 | Биология (магистр) | 10 | ||
520400 | География (бакалавр) | 15 | ||
520400 | География (магистр) | 5 | ||
530400 | Тарых (бакалавр) | 15 | ||
530400 | Тарых (магистр) | 10 | ||
531000 | Филология (бакалавр) | 43 | ||
531000 | Филология (магистр) | 7 | ||
532000 | Дене тарбия (бакалавр) | 219 | ||
532000 | Дене тарбия (магистр) | 10 | ||
550001 | Кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил (адис) | 19 | ||
550100 | Табигый-илимий билим берүү (бакалавр) | 189 | ||
550100 | Табигый-илимий билим берүү (магистр) | 5 | ||
550200 | Физика-математикалык билим берүү (бакалавр) | 307 | ||
550200 | Физика-математикалык билим берүү (магистр) | 9 | ||
550300 | Филологиялык билим берүү (бакалавр) | 391 | ||
550300 | Филологиялык билим берүү (магистр) | 10 | ||
550400 | Социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавр) | 124 | ||
550500 | Технологиялык билим берүү (бакалавр) | 23 | ||
550600 | Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр) | 68 | ||
550700 | Педагогика (бакалавр) | 305 | ||
550700 | Педагогика (магистр) | 20 | ||
550800 | Кесиптик билим берүү (бакалавр) | 28 | ||
550800 | Кесиптик билим берүү (магистр) | 8 | ||
Бардыгы: |
|
| 1930 | |
Өнөр жайы | 570400 | Дизайн (бакалавр) | 5 | |
570700 | Костюм жана текстиль искусствосу (бакалавр) | 39 | ||
580600 | Логистика (бакалавр) | 31 | ||
580600 | Логистика (магистр) | 5 | ||
650100 | Материал таануу жана материалдардын технологиясы (бакалавр) | 17 | ||
650300 | Машина куруу (бакалавр) | 15 | ||
650300 | Машина куруу (магистр) | 3 | ||
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (бакалавр) | 12 | ||
650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар (магистр) | 4 | ||
650500 | Колдонмо механика (бакалавр) | 17 | ||
650500 | Колдонмо механика (магистр) | 4 | ||
680100 | Прибор куруу (бакалавр) | 5 | ||
680200 | Биотехникалык системалар жана технологиялар (бакалавр) | 15 | ||
690100 | Электроника жана наноэлектроника (бакалавр) | 15 | ||
690100 | Электроника жана наноэлектроника (магистр) | 7 | ||
690600 | Телематика (бакалавр) | 10 | ||
700200 | Техникалык системаларда башкаруу (бакалавр) | 14 | ||
700200 | Техникалык системаларда башкаруу (магистр) | 5 | ||
700300 | Технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү автоматташтыруу | 10 | ||
700500 | Мехатроника жана робототехника (бакалавр) | 28 | ||
700500 | Мехатроника жана робототехника (магистр) | 5 | ||
700600 | Стандартташтыруу, сертификаттоо жана метрология (бакалавр) | 19 | ||
700600 | Стандартташтыруу, сертификаттоо жана метрология (магистр) | 5 | ||
700800 | Техникалык физика (бакалавр) | 15 | ||
700800 | Техникалык физика (магистр) | 5 | ||
720100 | Химиялык технология (бакалавр) | 30 | ||
720100 | Химиялык технология (магистр) | 5 | ||
740100 | Өсүмдүк сырьёсунан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 15 | ||
740100 | Өсүмдүк сырьёсунан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 4 | ||
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр) | 15 | ||
740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр) | 3 | ||
740300 | Продукциялардын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (бакалавр) | 23 | ||
740300 | Продукциялардын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (магистр) | 4 | ||
740600 | Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы (бакалавр) | 14 | ||
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (бакалавр) | 26 | ||
740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (магистр) | 3 | ||
760300 | Техночөйрөлүк коопсуздук (бакалавр) | 18 | ||
760300 | Техночөйрөлүк коопсуздук (магистр) | 5 | ||
Бардыгы: |
|
| 475 | |
Айыл чарба | 520900 | Биоэкология (бакалавр) | 15 | |
520900 | Биоэкология (магистр) | 5 | ||
610001 | Ветеринария (адис) | 101 | ||
610200 | Агрономия (бакалавр) | 55 | ||
610200 | Агрономия (магистр) | 5 | ||
610300 | Агроинженерия (бакалавр) | 54 | ||
610300 | Агроинженерия (магистр) | 5 | ||
610400 | Зоотехния (бакалавр) | 15 | ||
610400 | Зоотехния (магистр) | 3 | ||
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (бакалавр) | 39 | ||
610600 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (магистр) | 5 | ||
610880 | Балык өстүрүү жана аквакультура (бакалавр) | 15 | ||
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (бакалавр) | 15 | ||
620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (магистр) | 5 | ||
720200 | Биотехнология (бакалавр) | 35 | ||
720200 | Биотехнология (магистр) | 10 | ||
730100 | Токой иштери жана ландшафттык курулуш (бакалавр) | 15 | ||
730100 | Токой иштери жана ландшафттык курулуш (магистр) | 5 | ||
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (бакалавр) | 30 | ||
760100 | Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (магистр) | 10 | ||
Бардыгы: |
|
| 442 | |
Байланыш | 690300 | Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (бакалавр) | 36 | |
690300 | Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (магистр) | 5 | ||
690200 | Радиотехника (бакалавр) | 14 | ||
690200 | Радиотехника (магистр) | 5 | ||
Бардыгы: |
|
| 60 | |
Курулуш | 750002 | Темир жолдорду, көпүрөлөрдү, транспорттук туннелдерди куруу (адис) | 10 | |
750100 | Архитектура (бакалавр) | 25 | ||
750100 | Архитектура (магистр) | 5 | ||
750200 | Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (бакалавр) | 12 | ||
750300 | Архитектуралык мурасты реставрациялоо жана реконструкциялоо (бакалавр) | 14 | ||
750400 | Шаар куруу (бакалавр) | 17 | ||
750400 | Шаар куруу (магистр) | 5 | ||
750500 | Курулуш (бакалавр) | 128 | ||
750500 | Курулуш (магистр) | 35 | ||
Бардыгы: |
|
| 251 | |
Транспорт | 670100 | Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (бакалавр) | 10 | |
670100 | Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (магистр) | 5 | ||
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (бакалавр) | 25 | ||
670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (магистр) | 5 | ||
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (бакалавр) | 33 | ||
670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы (магистр) | 5 | ||
Бардыгы: |
|
| 83 | |
Башкаруу | 580900 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (магистр) | 80 | |
Бардыгы: |
|
| 80 | |
Экология | 520800 | Экология жана жаратылышты пайдалануу (бакалавр) | 44 | |
Бардыгы: |
|
| 44 | |
Туризм | 600100 | Сервис (бакалавр) | 5 | |
600200 | Туризм (бакалавр) | 37 | ||
600300 | Мейманкана иши (бакалавр) | 5 | ||
Бардыгы: |
|
| 47 | |
Энергетика | 640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (бакалавр) | 10 | |
640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (магистр) | 5 | ||
640200 | Электр энергетикасы жана электр техникасы (бакалавр) | 100 | ||
640200 | Электр энергетикасы жана электр техникасы (магистр) | 5 | ||
|
|
| 120 | |
Жогорку окуу жайларга кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди пайдалануучу адамдарга берилүүчү гранттар: | ||||
2023-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн гранттардын саны | 50 | |||
төмөнкүлөрдү кабыл алуу үчүн гранттардын саны: I, II топтогу майыптардын катарындагы жарандарды, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына, бала кезинен майыптарга теңештирилген адамдарды; майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды(*) | 286 | |||
2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон, "кайрылман" статусуна ээ болгон адамдардын балдары үчүн гранттардын саны | 22 | |||
чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны | 75 | |||
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны | 20 | |||
| 6000 | |||
Эскертүү (*) Айылдык жаштардын катарындагы адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык негизде окууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине ылайык аныкталган квотанын алкагында кабыл алынат.