Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 347
2023-2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023—2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кесиптик орто билим берүү уюмдарында бюджеттик орундарга окутууга чыгымдар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте министрликтерге жана ведомстволорго каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдары боюнча 2023-2024-окуу жылына бюджеттик негизде билим алуучуларды кабыл алуу планын буйрук менен бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме
2023—2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны
Шифр | Адистиктердин аталышы | Бюджеттик орундардын саны |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | ||
050303 | Чет тил | 40 |
050501 | Кесиптик окутуу (тармактар боюнча) | 20 |
050601 | Музыкалык билим берүү | 50 |
050704 | Мектепке чейинки билим берүү | 155 |
050709 | Башталгыч класстарда окутуу | 500 |
050711 | Социалдык педагогика | 20 |
050721 | Дене тарбия | 65 |
070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 25 |
070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча) | 10 |
070903 | Скульптура | 10 |
070907 | Живопись | 10 |
080106 | Финансы (тармактар боюнча) | 20 |
080107 | Салык жана салык салуу | 10 |
080110 | Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) | 20 |
080114 | Жер-мүлктүк мамилелер | 20 |
080403 | Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо | 15 |
110201 | Агрономия | 30 |
110301 | Айыл чарбасын механикалаштыруу | 10 |
110302 | Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу | 60 |
110305 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы | 30 |
110902 | Ихтиология жана балык өстүрүүчүлүк | 10 |
111102 | Айыл чарбасындагы ишкердик | 10 |
111201 | Ветеринария | 75 |
120101 | Колдонмо геодезия | 15 |
120301 | Жерге жайгаштыруу | 35 |
130305 | Мунай жана газ кендерин иштетүү жана эксплуатациялоо | 30 |
130403 | Ачык кен иштери | 15 |
130404 | Пайдалуу казылмалар кендерин жер астында иштетүү | 15 |
130504 | Мунай жана газ скважиналарын бургулоо | 20 |
140206 | Электр станциялары, тармактар жана системалар | 25 |
140212 | Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) | 60 |
140613 | Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча) | 15 |
150411 | Өнөр жай жабдууларын жана сантехникалык түзүлүштордү монтаждоо жана техникалык эксплуатациялоо (тармактар боюнча) | 20 |
151001 | Машина куруунун технологиясы | 25 |
190503 | Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан тышкары) | 45 |
190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана ондоо | 70 |
190605 | Котөрүп-ташуучу, курулуш жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо | 25 |
190701 | Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (транспорттун түрлөрү боюнча аба транспортунан тышкары) | 25 |
210406 | Байланыш тармактары жана коммутациялык системалар | 15 |
210407 | Байланыш каражаттарын эксплуатациялоо | 15 |
220206 | Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 46 |
230108 | Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча) | 10 |
230109 | Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо | 125 |
230110 | Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө | 20 |
230111 | Компьютердик системаларды программалоо | 30 |
230115 | Компьютердик тармактар | 25 |
250403 | Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо | 20 |
260202 | Нан, кондитер жана акшак азыктарынын технологиясы | 20 |
260204 | Ачыткы өндүрүү жана шарап жасоо технологиясы | 20 |
260303 | Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы | 35 |
260903 | Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы | 40 |
270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 60 |
270110 | Ички сантехникалык түзүлүштөрдү жана желдеткичтерди монтаждоо жана эксплуатациялоо | 40 |
270206 | Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо | 25 |
270301 | Архитектура | 45 |
270401 | Нарктык инжиниринг | 10 |
280201 | Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо | 15 |
280401 | Жсрлерди мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо | 15 |
Экспер. | Гидротехникалык курулуш | 15 |
Бардыгы: | 2301 | |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | ||
060101 | Дарылоо иши | 275 |
060102 | Акушердик иш | 275 |
060104 | Медициналык-профилактикалык иш | 50 |
060107 | Профилактикалык стоматология | 50 |
060109 | Медициналык айым иши | 525 |
060110 | Лабораториялык диагностика | 150 |
060112 | Медициналык массаж | 10 |
Бардыгы: | 1335 | |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | ||
050723 | Дене тарбия жана спорт | 25 |
070102 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 123 |
070104 | Вокалдык искусство | 24 |
070106 | Хордогу дирижерлук | 18 |
070109 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) | 12 |
070113 | Музыка теориясы | 9 |
070201 | Актердук өнөр | 24 |
070301 | Балет искусствосу | 40 |
070601 | Дизайн | 16 |
070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча) | 18 |
070907 | Живопись | 25 |
071202 | Китепкана таануу | 33 |
071402 | Социалдык-маданий иштер (түрлөрү боюнча) | 60 |
100105 | Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу | 8 |
Бардыгы: | 435 | |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | ||
160901 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | 20 |
160902 | Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен тейлөө | 20 |
160904 | Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | 20 |
Бардыгы: | 60 | |
Жалпы | 4131 | |