Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-июлу № 374
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 30-ноябрындагы чечимин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
- 39-пунктта:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Тоорукта жер участогуна ижара укугу берилген учурда комиссия аныктаган ижара акысынын өлчөмү старттык нарк болуп саналат.";
мамлекеттик тилдеги текстте төртүнчү абзац бешинчи абзац болуп саналсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Комиссиянын протоколунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 3 күндүн ичинде жер участогун тоорукка коюу же жер участогун түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алат.";
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Комиссия жер участогун тоорукка коюудан же жер участогун түз сатуу жолу менен берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, комиссия баш тартууну негиздөө менен протоколду тариздейт. Комиссиянын протоколунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 3 күндүн ичинде жер участогун тоорукка коюудан же жер участогун түз сатуу жолу менен берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат";
- 55-пункттагы "Тооруктан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Комиссиянын протоколунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 3 күндүн ичинде тоорук өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 63-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- утулуунун себебин көрсөтүү менен жеңүүчү деп таанылбаган тооруктун катышуучусунун аты-жөнү же аталышы.";
- 65-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"65. Тооруктун жана түз сатуулардын жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ыйгарым укуктуу орган ага кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде:
- тооруктун жеңүүчүсү же жер участогун түз сатуу жолу аркылуу сатып алуучу менен жер участогун сатып алуу-сатуу же ижаралоо келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- тооруктун жеңүүчүсү же жер участогун түз сатуу жолу аркылуу сатып алуучу менен жер участогун сатып алуу-сатуу же ижаралоо келишимин түзөт;
- жеңүүчү деп таанылбаган тооруктун катышуучусуна себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жер участогуна менчик же ижара укугун берүүдөн баш тартууну берет.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |