Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 55
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
- 4-пунктта:
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"брондоо - автобуста орунду күн мурунтан, анын ичинде автоматташтырылган электрондук системалар аркылуу жүрүү үчүн резервдөө;";
он сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ташуу келишими - жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлүүчү автомобиль транспорту менен кызмат көрсөтүүлөрдө, анын ичинде автоматташтырылган электрондук системалар аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу субъекттеринин ортосундагы макулдашуу;";
төмөнкүдөй мазмундагы элүү биринчи, элүү экинчи абзацтар менен толукталсын:
"электрондук билет - автоматташтырылган электрондук системалар аркылуу алынган, жүргүнчүлөрдү автотранспорт каражаты менен ташуу боюнча кызматтарды жүргүнчүлөрдүн пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү, ташуучу менен жүргүнчүнүн ортосунда ташуунун ачык келишими түзүлгөндүгүн ырастоочу электрондук документ;
электрондук багаж билети - автоматташтырылган электрондук системалар аркылуу сатып алынган, багажды кабыл алуу жана ташуу үчүн төлөмдү ырастоочу электрондук документ.";
- 67-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тапшырыктар боюнча жүргүнчүлөрдү дайыма ташууну уюштурууда алардын жөнөгөн убактысы жана орду боюнча үзгүлтүксүз каттамдарда рейстик автобустардын ишин кайталоого жол берилбейт.";
- 71-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"71. Линияда иштеп жаткан айдоочу кыймылдын каттамын жана отургучтардын санын, жол баракчасын жана жүргүнчүлөрдүн тизмесин көрсөтүү менен тапшырыкчы менен жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимди же автоматташтырылган электрондук системалар аркылуу түзүлгөн келишимди алып жүрүүгө тийиш.";
- 81-пункттун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Уюмдардын, ошондой эле жарандардын автобустарга тапшырыктары жазуу жүзүндө же келишим түзүү аркылуу, анын ичинде автоматташтырылган электрондук системалар аркылуу түзүлгөн келишимде таризделет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |