Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июлундагы № 502 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 387 токтомуна) |
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укугу бар адамдарга (мындан ары - алуучу) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатка акы төлөөнүн тартибин жөнгө салат.
2. Алуучуларга квалификациялуу юридикалык жардам Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине (мындан ары - реестр) киргизилген адвокаттардын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы (мындан ары - Кызмат) менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт.
3. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алуучуга кылмыш-жаза, жарандык же административдик иш же укук бузуулар жөнүндө иш боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Кызматтын координатору (мындан ары - координатор) адвокатты дайындайт.
4. Нөөмөттө турган адвокат алуучуну кылмыш-жаза, жарандык же административдик иш же укук бузуу жөнүндө иш боюнча кезметчилик учурунда бештен көп эмес санда ишке. тартылышы мүмкүн. Реестрде турган адвокаттардын саны чектелген административдик-аймактык бирдиктерде иштеген адвокаттар буга кирбейт.
5. Координатордун чечими менен дайындалган адвокат кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүнүн стадиясы аяктагандан кийин, беш жумуш күндүн ичинде адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын регистрин (мындан ары - регистр) түзөт, арыз менен координаторго кайрылат жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген формага ылайык квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча отчет (мындан ары - отчет) менен чогуу кабыл алуу-өткөрүү акты боюнча берет.
Регистрди жүргүзүүнүн тартиби жана формасы Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен биргеликте иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
6. Координатор адвокаттан регистрди жана отчетту алгандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка төлөө, токтото туруу же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышы керек. Кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн координатор жеке жоопкерчилик тартат.
7. Эгерде алуучудан даттануу болсо, даттануунун маңызы боюнча кароого чейин, координатор көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка акы төлөөнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
8. Координатор адвокатка акы төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди төмөнкү учурларда кабыл алат:
1) эгерде адвокат алуучуга квалификациялуу юридикалык жардамды координатордун чечиминин негизинде эмес, өзүнүн демилгеси боюнча көрсөтсө, кылмыш иши боюнча адам кармалган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү учурларын кошпогондо же бекитилген график боюнча нөөмөттө турган адвокат тарабынан укук бузуулар жөнүндө иш, ошондой эле тергөөчүнүн токтомунун же сот актысынын негизинде адвокат тартылган иштер боюнча;
2) эгерде адвокат кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүнүн стадиясына катышкандыгын ырастаган регистрди жана отчетту тапшырбаса, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында кылмыш-жаза, жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын ишинин сапатынын бекитилген стандарттарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында адамды кармоо жөнүндө иштер боюнча;
3) эгерде адвокатка карата алуучунун даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча мыйзамдарга ылайык таасир этүү чаралары колдонулса.
9. Кылмыш-жаза, жарандык же административдик иштер боюнча адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам алуучуга адвокатка көз каранды болбогон себептер боюнча толук көлөмдө көрсөтүлбөсө (алуучунун квалификациялуу юридикалык жардамды андан ары алуудан баш тартуусу, алуучу квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн анык эмес маалымат бергенде, алуучунун квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун жокко чыгарган финансылык абалы өзгөргөндө, адвокатты алмаштырганда, адвокат же квалификациялуу юридикалык жардамды алуучу ооруганда жана/же өлгөндө, макулдашуу боюнча адвокатты тартуу), адвокатка акы төлөө ал тартылган стадиянын иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттарга акы төлөөнүн тарифтеринин 50%ы (элүү пайыз) өлчөмүндө жүргүзүлөт.
10. Адвокатка акы төлөө же төлөөдөн баш тартуу тууралуу координатордун чечиминин бир нускасы тиешелүү иш боюнча регистрге көктөлөт, экинчи нускасы чечим чыгарылган күнү адвокатка жиберилет.
11. Координатордун төлөөнү токтото туруу же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечими административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, ал эми андан кийин сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
12. Алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка акы төлөө Кызмат тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
13. Кызмат акы төлөө жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин он жумуш күндөн кеч эмес адвокаттын алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу жолу менен акы төлөөнү жүзөгө ашырат.
Киреше салыгын кармап калуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр салыктар жөнүндө мыйзамдарда жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарынын тарифтерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
14. Адвокаттын иш сапарга байланыштуу чыгымдары мамлекеттик кызматчылар үчүн каралган ченемдер боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
15. Адвокатты иш сапарга жөнөтүү адвокат берген арыздын жана координатордун чыгарган чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Адвокатты иш сапарга жиберүү иш сапар күбөлүгүн берүү менен таризделет.
Координатор адвокатты бир административдик-аймактык бирдиктен башкасына иш сапарга жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга төмөнкүдөй учурларда укуктуу:
- белгилүү бир административдик-аймактык бирдиктин аймагында реестрге киргизилген адвокат жок болсо;
- белгилүү бир административдик-аймактык бирдиктин аймагында реестрге киргизилген адвокаттардын катышуусунун мүмкүн эместиги (бул аймакта адвокаттардын ишинин көптүгүнө, кызыкчылыктардын кагылышынын болушуна, адвокаттын оорусу себептери боюнча).
Эгерде алуучунун катышуусу менен тергөө аракеттери ушул административдик аймактык бирдиктин чегинен тышкары кылмыш-жаза ишине тергөө жүргүзүп жаткан адам тарабынан жүргүзүлсө, координатор адвокатты бир административдик-аймактык бирдиктен башкасына иш сапарга жиберүү жөнүндө чечим чыгарат.
Иш сапар менен байланышкан адвокаттын чыгымдарын төлөө тууралуу чечим адвокат тарабынан ырастоочу документтер берилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде координатор тарабынан кабыл алынат.
16. Адвокаттын иш сапар менен байланышкан чыгымдарын төлөө координатордун чечими чыккан учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде Кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
17. Алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокаттарга акы төлөө жөнүндө жана адвокаттардын иш сапар чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө чечимдердин аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүзөгө ашырат.