Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июлундагы № 502 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 387
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери 1-тиркемеге ылайык;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине кирген адвокаттардын өндүрүшүндөгү жарандык, административдик жана кылмыш-жаза иштери боюнча акы төлөө каралган стадиясы аяктаганга чейин акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому менен белгиленген тарифтер жана тартип боюнча жүргүзүлөт;
2) «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлбөгөн жарандык жана администрациялык иштер боюнча стадия аяктаганга чейин жана стадия аяктагандан кийин квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү токтотулат.
3. Бул токтомдун 2-пунктунда каралган учурларда жана тартипте өз күчүн сактаган жоболорду кошпогондо, төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
1-тиркеме
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн ТАРИФТЕРИ
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында жарандык иштер боюнча квалификадиялуу юридикалык жардамды алууга укуктуу адамдарга (мындан ары - алуучу) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгүнө адвокаттарга акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча ишке ашырылат:
1) доону/арызды, мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү жана башкаларды түзүү (анын ичинде иштин материалдары изилдөө, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, суроо-талапты түзүү, алуучу менен маектешүү) боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
2) жарандык ишти биринчи инстанциядагы сотто кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
3) жарандык иш сотко келип түшкөн күндөн тартып биринчи инстанциядагы сотто эки айдан көп каралган учурда адвокаттын сот жыйналышына ар бир кийинки катышуусу - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
4) жарандык ишти апелляциялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, эгерде адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышса (даттанууну түзүү, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
5) жарандык ишти апелляциялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, эгерде адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышпаса (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, даттанууну түзүү, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
6) жарандык иш сотко келип түшкөн күндөн тартып апелляциялык инстанцияда эки айдан көп каралган учурда адвокаттын сот жыйналышына ар бир кийинки катышуусу - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
7) жарандык ишти кассациялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, эгерде адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышса (даттанууну түзүү, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
8) жарандык ишти кассациялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, эгерде адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышпаса (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, даттанууну түзүү, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
9) жарандык иш боюнча кассациялык даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып эки айдан көп кассациялык инстанцияда каралган учурда адвокаттын сот жыйналышына ар бир кийинки катышуусу - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
10) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотко катышкан болсо, жаңы ачылган же жаңы жагдайлар боюнча жарандык ишти кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - ар бир инстанция үчүн 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
11) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотко катышпаса, жаңы ачылган же жаңы жагдайлар боюнча жарандык ишти кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч, ар бир кийинки инстанция үчүн 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
12) кайра ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча жарандык иш келип түшкөн күндөн тартып эки айдан көп кайра каралган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, адвокаттын сот жыйналышына катышуусу үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
13) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотко катышкан болсо, жарандык иш сот тарабынан жаңы кароого жиберилген учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - ар бир инстанция үчүн 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
14) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотко катышпаса, жарандык иш сот тарабынан жаңы кароого жиберилген учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч, ар бир кийинки инстанция үчүн - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
15) жарандык иш боюнча сот актыларын аткаруу стадиясында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
16) жарашуу же медиация келишими боюнча соттук талашты жөнгө салууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
17) талаштын маңызы боюнча эмес маселелер боюнча кароого кабыл алынган сот актыларына даттануу боюнча апелляциялык же кассациялык инстанцияда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - ар бир инстанция үчүн 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч (даттанууну берүү жана катышуу);
18) утурлама доо берүүдө, бир нече доо талаптарын бир өндүрүшкө бириктирүүдө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттор тарабынан кошумча акы төлөнөт - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттарга акы төлөө төмөнкүдөй тарифтер боюнча жүргүзүлөт:
1) административдик доону түзүү боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтөрдү жана башка процессуалдык документтерди (анын ичинде иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, суроо-талаптарды түзүү, алуучу менен маектешүү) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
2) биринчи инстанциядагы сотто административдик ишти кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
3) биринчи инстанциядагы сотто административдик иш боюнча административдик доо ал сотко келип түшкөндөн тартып эки айдан көп каралган учурда адвокаттын сот жыйналышына ар бир кийинки катышуусу үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
4) эгерде адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышкан болсо, апелляциялык инстанциядагы административдик ишти кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (даттанууну түзүү, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
5) апелляциялык инстанцияда административдик ишти кароодо адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышпаса (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, даттанууну түзүү, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
6) административдик иш сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айдан көп апелляциялык инстанцияда каралган учурда адвокаттын соттук жыйналышка ар бир кийинки катышуусу үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
7) эгерде адвокат биринчи же апелляциялык инстанциядагы сотко катышса, административдик ишти кассациялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (даттанууну түзүү, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
8) эгерде адвокат биринчи же апелляциялык инстанциядагы сотко катышпаса, административдик ишти кассациялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, даттанууну түзүү, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
9) административдик иш боюнча кассациялык даттануу кассациялык инстанцияда ал келип түшкөн күндөн тартып эки айдан көп каралган учурда адвокаттын сот жыйналышына ар бир катышуусу үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
10) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардын сотуна катышкан болсо, жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча административдик ишти кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди даярдоо, соттук жыйналыштарга катышуу) - ар бир инстанция үчүн 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
11) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардын сотуна катышпаса, жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча административдик ишти кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди даярдоо, соттук жыйналыштарга катышуу) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч, кийинки инстанциялар үчүн - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
12) жаңы ачылган же жаңы жагдайлар боюнча администрациялык ишти кайра карап чыгууда ал келип түшкөн күндөн тартып эки айдан көп квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, адвокаттын ар бир сот жыйналышына катышуусу үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
13) эгерде адвокат сотко биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанцияларга катышса, административдик иш сот тарабынан жаңы кароого жиберилген учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - ар бир инстанция үчүн 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
14) эгерде адвокат сотко биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанцияларга катышпаса, административдик иш сот тарабынан жаңы кароого жиберилген учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдарын изилдөө, талдоо жана иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процессуалдык документтерди түзүү, сот жыйналыштарына катышуу) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч, кийинки инстанциялар үчүн - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
15) административдик иш боюнча сот актыларын аткаруу стадиясында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
16) талаштын маңызы боюнча эмес маселелерди кароо боюнча кабыл алынган сот актыларына даттануу боюнча апелляциялык же кассациялык инстанцияда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - ар бир инстанция үчүн (даттанууну берүү жана катышуу) 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч.
3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча алуучуларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттарга акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча жүргүзүлөт:
1) түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү укук бузган адамды кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
2) түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү шектүүнү кармоо учурунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
3) күндүзгү убакта укук бузган адамды кармоо учурунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
4) шектүүнү күндүзгү убакта кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
5) эгерде кезметчи адвокат укук бузган адамдын макулдугу менен чакырылса жана процессуалдык аракеттерди жасоо үчүн келсе, бирок алуучу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында коргоону жүзөгө ашырган адвокаттан баш тартса, укук бузган адамды кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
6) эгерде кармалган адамдын макулдугу менен кармоону жүргүзгөн адам тарабынан кезметчи адвокат процессуалдык аракеттерди жасоо үчүн чакырылса, бирок алуучу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттан баш тартса, шектүүнү кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
7) күндүзгү убакта кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүүдө соттордо (тергөө судьясы) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
8) түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүүдө соттордо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч;
9) бөгөт коюу чарасын колдонуу (узартуу/өзгөртүү) жөнүндө маселени чечүүдө соттордо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (тергөө судьясы), анын ичинде сырттан, күндүзгү убакта - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
10) түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү, анын ичинде сырттан бөгөт коюу чарасын колдонуу (узартуу/өзгөртүү) жөнүндө маселени чечүүдө соттордо (тергөө судьясы) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч;
11) кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын (укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары) чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ар бир арыз, өтүнүч, даттануу үчүн - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
12) прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүү органдарынын токтомдоруна, чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда, ошондой эле тараптардын арыздарын, өтүнүчтөрүн кароодо биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - тергөө судьясынын ар бир чечими үчүн - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
13) апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотто тергөө судьясынын чечимдерине даттануу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (даттанууну берүү жана сотко катышуу) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
14) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кармоонун мыйзамдуулугу маселеси боюнча соттун чечимине даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
15) квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн кайрылган адамдын статусун жана/же киреше деңгээлин ырастаганга чейин кылмыш-жаза иши боюнча, адвокаттын милдеттүү катышуусуна кирбеген иштердин категориялары боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү (камакта кармоону жана бөгөт коюу чарасын тандоону кошпогондо, кечиктирилгис тергөө аракеттерине катышуу) үчүн - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
16) мурда дайындалган же алуучу тарабынан чакырылган адвокат сотко чейинки өндүрүшкө 5 суткадан көп, соттук териштирүүгө жүйөлүү себептерсиз (адвокатты алмаштыруу) 3 эседен көп катышуу мүмкүн эмес болгон учурда адвокаттын катышуусу милдеттүү болгон кылмыш-жаза иши боюнча адамга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
17) кылмыш-жаза иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (кармоо учурунда адвокаттын катышуусу үчүн акы төлөөнү кошпогондо, кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү, бөгөт коюу чарасын тандоо, прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин токтомдорун, чечимдерин, аракеттерин, аракетсиздигин даттануу, ошондой эле тараптардын арыздарын, өтүнүчтөрүн кароодо) - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
18) кылмыш-жаза иши козголгон күндөн тартып эки айдан көп кылмыш-жаза иши иликтенген учурда адвокаттын түздөн-түз катышуусунун ар бир кийинки айы үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
19) биринчи инстанциядагы соттун стадиясында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
20) кылмыш-жаза иши эки айдан көп каралган учурда ар бир кийинки айдын сот процессинде адвокаттын түздөн-түз ар бир катышуусу үчүн (анын ичинде процессти адвокаттын демилгеси боюнча эмес кийинкиге калтыруу) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
21) жыйынтыктоочу сот актысы чыгарылганга чейин кабыл алынган соттордун токтомдоруна/аныктамаларына даттануулар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн -20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
22) апелляциялык инстанциядагы соттун стадиясында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн -60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
23) кылмыш-жаза иши бир айдан көп каралган учурда адвокаттын сот жыйналышына ар бир кийинки катышуусу үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
24) кассациялык инстанциянын стадиясында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
25) өкүмдү аткаруу, анын ичинде адвокаттын ишти изилдөө стадиясында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
26) сотко чейинки өндүрүш стадиясында, биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда көп эпизоддуу иштер боюнча (эки же андан көп) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн кошумча акы төлөнөт - ар бир эпизод үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
27) сотко чейинки өндүрүш стадиясында, биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн кошумча акы төлөнөт - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч;
28) жаңы же жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш-жаза ишин кароодо же кылмыш-жаза ишин жаңы кароого кайтарууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - соттун ар бир инстанциясы үчүн 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
29) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотко катышпаган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ишти изилдегени, кардар менен жолуккандыгы үчүн кошумча төлөм жүргүзүлөт - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
30) пенитенциардык тутумдун органдарына барганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - айына 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч.
4. 1, 2 жана 3-пункттарда белгиленген акы төлөөнүн тарифтери адвокаттын алуучуларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү менен байланышкан бардык чыгымдарын (административдик-аймактык бирдиктин чегинде жүрүүнүн транспорттук чыгымдар, кеңсе буюмдарын сатып алуу, байланыш акысы, адвокаттардын кеңсесин жана жабдууларын ижарага алуу ж.б. үчүн) камтыйт, буга иш сапар чыгымдары кирбейт.