Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 389
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 62-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо:
- 62-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62. Жалпы билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти директор жүзөгө ашырат.
Жалпы билим берүү уюмунун директорунун кызмат ордуна жогорку педагогикалык билими бар жана 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык, анын ичинен жалпы билим берүү уюмунун типтүү штатына ылайык директордун же директордун орун басары кызматында 2 жылдан кем эмес стажы же адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн), ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын, психологияны, менеджментти жана билим берүүнү каржылоону, мектептик билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттардын жана коомдук уюмдардын укуктарын жана функцияларын билген Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.
Жалпы билим берүү уюмунун директорун дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Бир эле адам жалпы билим берүү уюмунун директорунун ишин ошол эле жалпы билим берүү уюмунда жалпысынан 10 жылдан ашык жүргүзө албайт.
Конкурска катышууга төмөнкү адамдарга жол берилбейт:
- педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыратылгандар же чектелгендер;
- соттуулугу барлар, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн кылмыш куугунтугуна алынгандар, соттуулугу барлар (жоюлганына карабастан);
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар;
- медициналык каршы көрсөтмөлөрү барлар.
Республикалык бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмунун директору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү уюмунун директору - билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тиешелүү региондук органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
Кесиптик көндүмдөрдү жана кызмат орундарына ылайыктуулугун аныктоо максатында эмгек келишимин түзүүдө милдеттүү түрдө 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү белгиленет.
Сыноо мөөнөтүн өтөп жаткан мезгилде жалпы билим берүү уюмдарынын директоруна карата талаптар билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин эмгек келишимин бузуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмунун директорун кызмат ордуна которуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 690 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун алтынчы- онунчу абзацтары.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |