Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген |
Жалпы билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 544, 2014-жылдын 17-сентябры № 535, 2019-жылдын 17-июнундагы № 295, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121, 2022-жылдын 1-августундагы № 425, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 690, 2023-жылдын 4-августундагы № 389, 2024-жылдын 22-февралындагы N 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Жалпы билим берүү уюмунун ишин уюштуруу
3. Билим берүү процесси
4. Билим берүү процессинин катышуучулары
5. Жалпы билим берүү уюмун башкаруу
6. Мүлк жана материалдык-финансылык каражаттар
7. Эл аралык кызматташтык
8. Жалпы билим берүү уюмун жоюу жана өзгөртүп уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү жобо төмөнкү жалпы билим берүү уюмдары үчүн типтүү болуп саналат:
- жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырган мектептер;
- жогорку окуу жайларында окууга багытталган гуманитардык жана табигый-илимий профилдик сабактар боюнча кошумча (тереңдетип) даярдоону камсыздаган жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырган (жалпы башталгыч билим берүү программаларын да ишке ашырууга мүмкүн) гимназиялар;
- кесипке чейинки даярдоого же келечекте жөндөмдүү балдардын кесиптик ишине багытталган табигый-илимий же техникалык профилдеги сабактар боюнча кошумча (тереңдетип) даярдоону камсыздаган жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырган (жалпы башталгыч билим берүү программаларын да ишке ашырууга мүмкүн) лицейлер.
Ушул Типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмдар үчүн үлгүлүү жобо болуп эсептелет.
Ушул Жобонун негизинде тийиштүү типтеги жана түрдөгү жалпы билим берүү уюмдардын жоболору иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жана ушул Жобонун негизинде жалпы билим берүү уюму өзүнүн уставын иштеп чыгат.
2. Жалпы билим берүү уюму үзгүлтүксүз билим берүү системасынын негизги бөлүгү болуп саналып, мамлекет тарабынан кепилдик берилген милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим алууну, ошондой эле акысыз жалпы орто билим алуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
3. Жалпы билим берүү уюмунун иши төмөнкү принциптерге негизделет:
- республиканын бардык жарандарынын сапаттуу билим алуу укуктарына теңдиги;
- гумандуулук жана жалпы адамзаттын баалуулуктарынын артыкчылыгы;
- жарандуулук жана патриоттук;
- билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
- окутуунун динден тышкары мүнөзү;
- академиялык эркиндик жана ак ниеттик;
- жоопкерчиликтик жана натыйжалуулук.
4. Жалпы билим берүү уюму өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана өзүнүн уставын жетекчиликке алат.
5. Жалпы билим берүү уюмунун негизги максаттары деп мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруунун жана турмуштук компетенцияларына жетишүүнүн негизинде окуучулардын инсандык жалпы маданиятын калыптандыруу, кесиптик билим берүү программаларын аң-сезимдүүлүк менен тандоо жана андан ары өздөштүрүү үчүн негиз түзүү, жарандуулукка тарбиялоо, адамдын укуктары менен эркиндигин урматтоо, толеранттуу болуу, Мекенин, үй-бүлөсүн жана курчап турган айлана-чөйрөнү, эмгекти сыйлоо, сергек жашоо адаттарын калыптандыруу эсептелинет.
6. Жалпы билим берүү уюму адамдын, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн окуучуларды окутууну жана тарбиялоону жүргүзүп, инсандын ден-соолугун сактоону камсыздаган жана ар тараптан өнүгүүсүнө, анын ичинде өз алдынча жана кошумча билим алуу зарылчылыгын канааттандыруу боюнча дагы ылайыктуу шарттарды түзөт.
7. Жалпы билим берүү уюму мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн сапаты, билим берүү жана тарбиялоо процессин уюштурууда окуучулардын жашына жараша психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, шыктуулуктарына жана жөндөмдөрүнө колдонулуучу тариздердин, усулдардын жана каражаттардын шайкештиги, алардын өмүрлөрүн жана ден соолуктарын коргоо талаптары, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жооп тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүү күндүзгү таризде жүзөгө ашырылат.
Окуучулардын физиологиялык жана психологиялык акыбалдарына байланыштуу жалпы билим берүү программалары үй-бүлөлүк жана жекече билим алуу тариздеринде өздөштүрүлүшү мүмкүн.
Жалпы билим берүү уюмунун бардык баскычтарында негизги жалпы билим берүү программаларын ийгиликтүү өздөштүргөн окуучулар өз алдынча билим алуу таризин - экстернаты - колдоно алышат.
Күндүзгү-сырттан (кечки) билим алуу таризи жалпы билим берүү уюмунун 6-11 (12)-класстарында ишке ашырылышы мүмкүн.
Үй-бүлөлүк, жекече, күндүзгү-сырттан (кечки) билим алуу, экстернат же ар кандай тариздердин айкалышкан түрүндөгү жалпы билим берүү программаларынын өздөштүрүү шарты жана тартиби уюштуруучусу же уюштуруучулары (мындан ары - уюштуруучу) тарабынан жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталат жана окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен түзүлгөн келишимге ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Билим алуунун бардык тариздеринде конкреттүү негизги жалпы билим берүү программасынын чегинде бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарты иштейт.
10. Жалпы орто билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана вариативдүүлүгүн камсыз кылууга, инсандын шыгына, жөндөмүнө жана ден-соолугунун абалына ылайыкташтырып окутуунун жана тарбиялоонун ыңгайлуу шарттары менен камсыздалган билим берүү инфраструктурасын түзүү максатында, билим берүүнүн мазмунуна коюлуучу конкреттүү маселелер менен талаптарга жана бюджеттик каржылоо шарттарына ылайык ар кандай типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдары түзүлүшү мүмкүн. Алардын ишкердүүлүктөрү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2. Жалпы билим берүү уюмунун ишин уюштуруу
11. Жалпы билим берүү уюму юридикалык жак катары уставы, эсептөө жана башка счеттору, мамлекеттик жана (же) расмий тилдеринде почталык дареги жазылган мөөрү, бурч-мөөрү (штампы) жана бланктары, бекитилип берилген мүлкү бар уюм болот.
12. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартип боюнча мамлекеттик аттестациядан (аккредитациядан) өтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жалпы билим берүү уюму уюштуруучунун же ал ыйгарым укук берген органдын макулдугу боюнча юридикалык жак же филиал статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүп, аларды өз алдынча мүлк менен камсыздайт. Түзүмдүк бөлүмдөр өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүн ачууга укуксуз.
Юридикалык жак же филиал статусун алган түзүмдүк бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүшөт.
Жалпы билим берүү уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик аттестациясы (аккредитациясы) Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын негизинде өткөрүлөт.
Берилген ишеним каттын негизинде иш алып барган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин дайындалышы жалпы билим берүү уюмунун уставына ылайык жүргүзүлөт.
14. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана келишимдин негизинде кесиптик уюмдарын жана бирикмелерин (педагогикалык ассоциацияларды, союздарды, окутуу-усулдук бирикмелерди ж.б. кеңештерди жана уюмдарды) түзүүгө жана (же) алардын иштерине катышууга укуктуу.
14-1. Жалпы билим берүү уюму билим берүү процессинин катышуучулары жөнүндө жеке мүнөздөгү маалыматтардын купуялуулук режимин сактоого жоопкерчилик тартат.
Жеке мүнөздөгү маалыматтарды топтоо окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында жалпы билим берүү уюмдарында ички колдонуу үчүн гана жүргүзүлөт.
Кызматтык абалына байланыштуу жеке маалыматтарга ээ болгон жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлери билим берүү процессинин катышуучулары жөнүндө жеке маалыматтардын купуялуулук режимин сактоого жоопкерчилик тартышат.
Жеке мүнөздөгү маалыматтарды топтоо жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Окуучулардын акысыз медициналык тейлөөсүн саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жалпы билим берүү уюмуна атайын бекитилген медициналык кызматкер жүргүзөт. Жалпы билим берүү уюмунун администрациясы менен бирдикте медициналык кызматкер да алдын-ала дарылоо иш-чараларын жүргүзүү, окуучулардын санитардык-тазалык ченемдери, тамактанууларынын сапаты жана режими боюнча жооп тартат.
Медициналык кызматкердин иш жүргүзүшү үчүн жалпы билим берүү уюмунда атайын бөлмө каралат, ошондой эле медициналык кызматкердин билдирмеси боюнча билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы алдын алуу дарылоо каражаттары менен камсыздайт.
16. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Жалпы билим берүү уюмунда класстардын саны жарандардын тапшырган арыздарына жана санитардык-тазалык эрежелери менен класстардын толукталышынын чектүү ченемдердин негизинде жалпы билим берүү процессин жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттарга байланыштуу болот.
18. Жалпы билим берүү уюмунун класс-комплектеринин толукталышынын чектүү ченемин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Чакан комплектүү жалпы билим берүү уюмунун класстарынын толукталышы тийиштүү шарттар жана каражаттардын болушуна жараша белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №690 токтомунун редакциясына ылайык)
Чакан комплектүү жалпы билим берүү уюмунун класстарынын толукталышы тийиштүү шарттар жана каражаттардын болушуна жараша белгиленет.
19. Жалпы билим берүү уюму окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суранычтары боюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актысынын негизинде акы төлөнүүчү узартылган топторду ачууга укуктуу.
20. Жалпы билим берүү уюмунда балдардын психикалык жана физиологиялык деңгээлинин окууга толук даяр эместигин жоюу максатында алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суранычтарын эске алып, уюштуруучунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын негизинде компенсациялуу окутуу класстары ачылышы мүмкүн.
21. Жалпы билим берүү уюмунда уюштуруучусунун макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын негизинде акыл-эсинде жана дене түзүлүшүндө кынтыгы бар окуучулар үчүн атайын (коррекциялоочу) класстары ачылышы мүмкүн.
Окуучуларды атайын (коррекциялоочу) класстарга которуу (жиберүү) алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу боюнча билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы тарабынан Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык жүргүзөт.
3. Билим берүү процесси
22. Жалпы билим берүү уюму билим берүү процессин негизги жалпы билим берүү программаларынын деңгээлдерине ылайык мектептик билим берүүнүн үч баскычында жүргүзөт:
- жалпы башталгыч билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү - 4 жыл);
- жалпы негизги билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү - 5 жыл);
- жалпы орто билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү - 2 жыл).
23. Жалпы билим берүү уюмуна 6-7 жашка толгон балдар кабыл алынат, ар бир класста окутуунун узактыгы бир окуу жылынан кем эмес.
24. Башталгыч жалпы билим берүүнүн милдеттери болуп окуучуларды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү, алардын окуудагы, жазуудагы жана саноодогу жалпы билүүлөрү менен жөндөмдөрүн, логикалык ой жүгүртүү элементтерин жана таанып-билүү ишин, өз алдынча билим алуунун жана өзүн-өзү уюштуруунун жөнөкөй ыкмаларын, жүрүм-турум жана сүйлөөнүн маданиятын, өздүк тазалыгынын негиздерин жана жашоонун сергек адаттарын өздөштүрүү эсептелет.
Жалпы башталгыч билим берүү негизги жалпы билим алуу үчүн база болуп саналат.
25. Жалпы негизги билим берүүнүн милдеттери болуп окуучуларды инсан катары тарбиялоо, түзүү жана калыптандыруу үчүн социалдык жактан өзүн-өзү аныктоого, өз алдынча иш тажрыйбасын өздөштүрүүгө жана өзүн-өзү көзөмөлдөөгө багытталган шыктарын жана компетенцияларын өнүктүрүү эсептелет.
Жалпы негизги билим берүү жалпы орто билим, башталгыч жана орто кесиптик билим алуу үчүн база болуп саналат.
26. Жалпы орто билим берүү жалпы билим берүүнүн аяктоочу этабы болуп, окуучулардын туруктуу компетенцияларын жана чыгармачылык шыктарын өнүктүрөт, ошондой эле дифференцияланган окутуунун жана кесипти же эмгектенүүнү аң-сезимдүү тандоо үчүн даярдоонун негизинде өз алдынча окуу көнүгүүлөрүн калыптандырууну камсыздайт.
Жалпы орто билим башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга база болуп берет.
Жалпы билим берүү уюмундагы Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамы аныктаган экстернат таризинен тышкары тездетилген окутуу программалары боюнча жалпы орто билим берүүгө жол берилбейт.
Акыл-эсин жана (же) дене түзүлүшүн коррекциялоого муктаж балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Жалпы билим берүү уюмунда тийиштүү шарттар болсо окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суранычтарына ылайык ар кандай окутуу профилдерин жана багыттарын киргизүү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Конкреттүү жалпы билим берүү уюмунда жалпы орто билим берүүнүн мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана негизги жалпы билим берүү программаларынын негизинде аныкталып, жалпы билим берүү уюму өз алдынча ишке ашырат.
Жалпы билим берүү уюму мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык өз алдынча иштеп чыккан модифицияланган жалпы билим берүү программаларынын экспертизасын педагогикалык багытта иштеген илимий-изилдөө институту өткөрөт.
28. Жалпы билим берүү уюмунун окутуу тилин (тилдерин) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруучу аныктайт жана жалпы билим берүү уюмунун уставында бекитилет.
Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили деп аныкталган кыргыз тилин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окутат. Кыргыз Республикасында расмий тили катары орус тили, ошондой эле бир чет тил, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Билим берүү министрлиги) бекиткен Базистик окуу планына ылайык окутулат.
29. Жалпы билим берүү уюмунун тийиштүү шарттары (педагогикалык кадрлар, окутуу-усулдук каражаттар, материалдык-техникалык жабдуулар ж.б.) болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, негизги жалпы билим берүү программаларынан тышкары да кошумча билим берүү программаларын ишке ашыра алат жана кошумча билим берүү кызматын (келишимдин негизинде) көрсөтө алат.
30. Кошумча билим берүү программалары жана кошумча билим берүү кызматы окуучулардын жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдуктары менен тийиштүү шарттар түзүлсө өткөрүлөт.
31. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыны жетекчиликке алып, баа коюу системасын, окутуунун жана тарбиялоонун тариздерин, ыкмаларын жана усулдарын, ошондой эле окуучулардын которуу сынактарынын мезгилдүүлүгүн жана тариздерин тандоого укуктуу.
32. Жалпы билим берүү уюмунда Базистик окуу планынын негизинде иштелип чыккан иш окуу планы боюнча билим берүү процесси өткөрүлөт.
Окуучулардын окуу жүктөмү чектелген жүктөмдүн ченеминен ашпаш керек жана Базистик окуу планынын окуу сабактарын окутууга бөлүнгөн сааттарынын санынан төмөн болбош керек.
Башталгыч мектеп үчүн аптада беш күндүк, негизги жана орто мектептер үчүн аптада алты күндүк иш режими билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы менен макулдашылып, уставда белгиленет.
Окуучулардын сабактарынын режими Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
33. Жалпы билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрдан башталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
Мектепте билим берүүнүн I-II-III-баскычтарында окуу жылынын созулушу, мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын мөөнөттөрүн эсептебегенде, 34 аптадан кем эмес, ал эми биринчи класста - 33 аптаны түзөт.
Окуу жылынын ичинде каникулдардын созулушу 30 календардык күндөн кем эмес, жайында 14 календардык күндөн кем эмести түзөт. Биринчи класстын окуучуларына окуу жылынын ичинде кошумча бир апталык каникулдар берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы билим берүү уюмунун биринчи классында сабактын созулушу 40 минутаны, ал эми экинчиден он биринчи класстарга чейин 45 минутаны түзөт.
Жалпы билим берүү уюму жылдык (календардык) окутуу жүгүртмөсүн билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы менен макулдашып, бекитет.
34. Мамлекеттик билим берүү саясатын ишке ашырган жалпы билим берүү уюмдарынын ишин мамлекеттик контролдоону билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органдары жүргүзөт.
Мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмунун ишин мамлекеттик контролдоочу анын уюштуруучусунун макулдугу менен билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
35. Жалпы орто билим берүүнүн сапатынын кепилдигинин негизги таризи болуп жаңы типтеги жалпы билим берүү уюмдарынын аныкталган тартипте беш жылда бир жолу өткөрүлүүчү мамлекеттик аттестациясы (аккредитациясы) эсептелинет.
4. Билим берүү процессинин катышуучулары
36. Жалпы билим берүү уюмунун окуу процессинин катышуучулары болуп окуучулар, педагогикалык кызматкерлер (мындан ары - мугалимдер) жана окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) эсептелинет.
37. Жалпы билим берүү уюмуна бекитилген аймакта жашаган окуу жашындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн бардыгы арыздарынын жана аныкталган үлгүдөгү медициналык маалымкаттарынын негиздеринде мектепте билим берүүнүн бардык баскычтарына кабыл алуулары сыноосуз, акчалай жана башка төлөмдөрсүз өткөрүлөт.
38. Сабактарды тереңдетип окутуучу мектептерге, лицейлерге жана гимназияларга кирүүчүлөр арыздарынын негизинде тестирлөө таризинде кабыл алынышат. Жалпы билим берүү уюму тарабынан иштелип чыккан жана билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы менен макулдашылган тестирлөөнүн шарттары окууга кирүүчүлөрдүн даярдык деңгээлдерин аныктоого жана ушул типтеги жалпы билим берүү уюмунда тереңдетилген деңгээлдеги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрө алган даярдыгы барларды тандай алууга багытталат.
Атайын жатак-мектептерге окуучуларды кабыл алуу, аларды атайын жатак-мектептин бир түрүнөн башкасына которуу психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялардын корутундулары боюнча Билим берүү министрлиги аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
39. Жалпы билим берүү уюму кабыл алып жатканда окуучуларды жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) өзүнүн уставы жана окуу процессин жөнгө салуучу башка да жердиктүү документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
40. Окуучулардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары менен милдеттери ушул Жобонун негизинде жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
41. Окуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы билим берүү уюмун ар кайсы этабына окууга кирүүгө жана билим алуунун таризин тандоого;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги жана акысыз жалпы орто билим алууга;
- кошумча билим берүү кызматын, анын ичинде акы төлөнүүчү да таризде алууга;
- жалпы билим берүү уюмунун китепканасынын, маданияттык-спорттук жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныкташкан тартиптер боюнча бекер тамактанууга жана медициналык тейлөөгө, жүргүнчү автотранспортто жүрүүнүн жеңилдиктерин пайдаланууга;
- уставда аныкталган таризде жалпы билим берүү уюмун башкарууга катышууга;
- балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
- инсандык кадыр-баркты урматтоого жана маалымат эркиндигине, өзүнүн жеке көз карашын жана ынанымдарын эркин айтууга;
- жалпы билим берүү уюмунда болууну, анын ичинде күзөт системасын уюштуруу аркылуу коопсуздукту камсыздоого;
- жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү аяктаганда мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерин өз учурунда алууга ж.б. укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 690 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
42. Окуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жалпы билим берүү уюмунун уставын тутууга жана аткарууга;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кыргыз жана башка да улуттардын салттарын, жалпы билим берүү уюмунун башка окуучуларынын жана кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
- ички тартипти сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун, анын ичинде мектептик кийим талаптарын аткарууга;
- жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө этиеттик мамиле кылууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен окуучулардын кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
43. Жалпы билим берүү уюмундагы тартип окуу процессинин бардык катышуучуларын инсандын кадыр-баркын урматтоосунун негизинде жолго салынат.
Окуучуларга карата кара күч, эмоционалдык жана психологиялык зомбулукту колдонууга жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Жалпы билим берүү уюмундагы тартип окуу процессинин бардык катышуучуларын инсандын кадыр-баркын урматтоосунун негизинде жолго салынат.
Окуучуларга карата кара күч жана психикалык зомбулук ыкмаларын колдонууга кескин тыюу салынат.
44. Жалпы билим берүү уюму окуучулардын жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугусуз жалпы билим берүү программаларында жана Базистик окуу планында каралбаган жумуштарды аткарууга жол берилбейт.
45. Окуучуларды коомдук-саясый жана диний партиялар менен уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө кирүүсүнө (өтүүгө), ошондой эле ушул партиялар менен уюмдардын иштерине, агитациялык кампаниялар менен саясий акцияларына катышуусун мажбурлоого жол берилбейт.
46. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүү бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы менен аяктайт.
Тийиштүү класстардын негизги жалпы билим берүү программаларын толук өлчөмдө өздөштүргөн окуучулар жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча кийинки класска которулат.
Өткөн класстын (баскычтын) негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрбөгөн окуучулардын Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык жалпы билим берүү уюмунун кийинки классында (баскычында) окуусуна жол берилбейт.
47. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн жалпы билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) тапшырылат.
Жалпы билим берүү уюму жалпы негизги же жалпы орто билим берүүнү аяктабаган окуучуга аныкталган үлгүдөгү маалымкат тапшырат.
48. Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүрүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчүгө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык жалпы билим берүү уюмунун герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билиминин артыкчылыгы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) тапшырылат.
Бир же бир нече сабактарды өздөштүрүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчү "Айрым сабактарды өздөштүрүүдө жетишкен өзгөчө ийгиликтери үчүн" деген Мактоо грамотасы менен сыйланат.
Бардык сабактар боюнча эң жакшы чейректик, жылдык жана жыйынтыктоочу баалары бар көчүрүү класстарынын окуучулары "Окуудагы эң жакшы ийгиликтери үчүн" деген Мактоо баракчасы менен сыйланышат.
49. Жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими жана балдардын иштери боюнча комиссиянын макулдугу боюнча укукка каршы иш-аракеттерди жасаган жана жалпы билим берүү уюмунун уставын көп жолу одоно бузгандыгы үчүн он беш жашка чыккан окуучуларды, педагогикалык таасир этүүнүн чектүү чарасы катары жалпы билим берүү уюмунан чыгарууга жол берилет.
Балдардын иштери боюнча комиссия ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) менен бирдикте чыгарылган окуучуну башка жалпы билим берүү уюмунда окуусун улантуу же ишке орноштуруу боюнча чечимин бир ай ичинде кабыл алат.
Жетим балдарды жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) багуусунан ажыраган балдарды жалпы билим берүү уюмунан чыгаруу жөнүндө чечим тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдөрдүн макулдугу менен кабыл алынат.
50. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы билим берүү уюмун тандап, окуусун улантуу үчүн окутуунун бардык этабына балдарын жиберүүгө жана билим алуунун таризин тандоого;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде окуучулардын жалпы орто билим алуу укугун сактоону талап кылууга;
- балдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
- уставда аныкталган таризде жалпы билим берүү уюмунун башкаруусуна катышууга;
- билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органына балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча кайрылууга укуктуу.
51. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- балага жалпы орто билим алуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- балдардын күч-кубатына жана психикалык ден-соолуктарына ар дайым камкордук көрүүгө;
- баланын инсандык намысын урматтап, аны улуттук, тарыхый, руханий-маданияттык байлыктарын жана элдик салттарды, Мекенин, айлана-чөйрөнү урматтоого тарбиялоого;
- жалпы билим берүү уюмунун уставындагы өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин аткарууга жана балдарынын тарбиясына жана балдары жалпы билим берүү уюмдарына зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жооп берүүгө.
52. Ушул Жобонун 52 жана 53-пункттарында каралбаган ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) башка укуктары жана милдеттери жалпы билим берүү уюмунун уставында бекитилиши мүмкүн.
53. Жалпы билим берүү уюмун мугалимдер менен толуктоо (комплектөө) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлүп, уставында аныкталат.
Мугалимдер үчүн негизги жумуш берүүчү болуп жалпы билим берүү уюму эсептелет.
Педагогикалык кызматка билими жөнүндө диплому, тийиштүү педагогикалык квалификациясын ырастаган педагогикалык адистикке ээ болгон аламдар кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 544 токтомуна ылайык төртүнчү абзацы күчүн жоготкон)
Соттолгон же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга жалпы билим берүү уюмунда иштөөгө жол берилбейт.
Педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы №544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №690токтомдорунун редакцияларына ылайык)
54. Мугалимдердин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзүлгөн келишим менен жөнгө салынат.
55. Мугалимдер төмөнкүлөргө укуктуу:
- окутуунун жана тарбиялоонун усулдарын, жалпы билим берүү программаларын, окутуу-усулдук комплектерди, окуучулардын билимин баалоонун усулдарын өз алдынча тандоого жана колдонууга;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, окутуу жана тарбиялоо усулдарынын негиздеринде автордук жалпы билим берүү программасын, окуу китебин, окутуу-усулдук колдонмолорун иштеп чыгууга жана колдонууга;
- алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жүзөгө ашырууга;
- өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
- кесиптик иши үчүн тийиштүү шарттарды талап кылууга;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин жана дасыгын жогорулатууга (бул максатта жалпы билим берүү уюмунун администрациясы мугалимдерди кайра даярдоо жана дасыктарын жогорулатуу курстарында окутуу үчүн тийиштүү шарттарды түзөт);
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык өз ыктыяры менен аттестацияланууга;
- уставында аныкталган таризде жалпы билим берүү уюмун башкарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган кошумча социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге.
56. Мугалимдер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- педагогикалык этиканы жана жалпы билим берүү уюмунун уставын тутууга жана аткарууга;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде окуучулардын негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүлөрүн камсыздоого;
- окуучулардын өзгөчөлүктөрүн, ишке чеберчилик менен мамиле кылууларын өнүктүрүүгө, жүрүм-турумдарынын жогору ахлактык сапаттарын тарбиялоого;
- билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен кызматтык дасыктык талаптарга ылайык келүүгө;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин ар дайым өркүндөтүүгө жана дасыктарын жогорулатууга;
- окуучуларга карата моралдык жана күч ыкмаларын колдонбоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен мугалимдердин кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
57. Педагогикалык жүктүн өлчөмү окуу планы боюнча сааттардын санына, жалпы билим берүү уюмунун кадрлар менен камсыздыгына жана башка да иш шарттарына жараша аныкталат.
Окуу планынын сааттарынын саны азайтылбаса же класстардын саны кыскартылбаса, окуу жылынын башында белгиленген окутуу жүктөмүнүн өлчөмү (педагогикалык иши) окуу жылынын ичинде жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын демилгеси менен бир ставкадан төмөн кыскартылбайт.
Жаңы окуу жылынын башында окутуу жүгүн белгилөөдө, бул жалпы билим берүү уюму негизги иш орду болуп саналган мугалимдер үчүн класстарда сабак өтүү өлчөмү жана окутууну улантуу сакталат.
58. Мугалимдердин макулдугусуз кесиптик милдеттери жана эмгек келишими менен каралбаган жумуштарга тартууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурлардан тышкары, эмгек келишими менен каралбаган жумушту аткарууга мугалимдин каршы болушу аны кызматтан бошотууга негиз боло албайт.
59. Жалпы билим берүү уюмунун башка категориядагы кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери тийиштүү типтеги дасыктык мүнөздөмөлөрү жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
5. Жалпы билим берүү уюмун башкаруу
60. Жалпы билим берүү уюмун башкаруу Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына, ушул Жобого жана жалпы билим берүү уюмунун уставына ылайык демократиялык, ачык-айкындык, өз алдынчалык жана мамлекеттик-коомдук кызматташтык принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
61. Жалпы билим берүү уюмунда тең башкаруунун тариздери болуп жалпы чогулуш, педагогикалык кеңеш, камкорлук кеңеш, ата-энелер комитети, окуучулардын өз алдынча башкаруулары жана башка кеңештер эсептелинет.
Жалпы билим берүү уюмунун тең башкаруу органдарын шайлоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
62. Жалпы билим берүү уюмун түздөн-түз жетектөөнү директор жүзөгө ашырат.
Жалпы билим берүү уюмунун директорунун кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жарандары дайындалат:
- педагогикалык жана (же) билим берүү чөйрөсүндө иштеген башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар;
- жалпы билим берүү уюмунда 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык, анын ичинде Жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына ылайык директордун же директордун орун басарынын кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажы бар;
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө башкы кызмат ордунда 2 жылдан; билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө улук кызмат ордунда 3 жылдан; аймактык билим берүү органдарынын алдындагы методикалык кабинеттердин жетекчиси кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык иш стажы бар;
- атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн);
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү, илимий ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды, жалпы билим берүү уюмунун ишин пландоонун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишинин натыйжалуулугун баалоо жана персоналды башкаруу методдорун, документ жүгүртүү ыкмаларын, ички тартип эрежелерин, административдик жана жарандык мыйзамдарды, билим берүүдөгү каржылоону, мектептик билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттар менен коомдук уюмдардын укуктарын жана функцияларын билген;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билген;
- билим берүү сапатын жогорулатуунун билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун билген, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгон, пайдалануучунун деңгээлинде IT технологияларын колдоно билген;
- аракетке жөндөмдүү, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими чыгарылбаган;
- соттуулугу болбогон;
- медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен алектенүү укугу чектелбеген.
Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси конкурстук тандоонун негизинде 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындалат, сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү өткөн учурда иш берүүчү менен 5 жылга мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт.".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 79 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Директордун орун басарын жана материалдык-жоопкерчиликтүү кызматкерди кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жалпы билим берүү уюмунун директорунун сунуштамасы боюнча билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органы тарабынан жүргүзүлөт.
Педагогикалык жана башка кызматкерлерди жумушка алууну жана кызматтан бошотууну жалпы билим берүү уюмунун директору Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзөт.
Мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмунун директорун, директордун орун басарын, педагогикалык жана башка кызматкерлерин кызматтарга дайындоо жана кызматтан бошотуу анын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде жана уставына ылайык жүргүзөт.
64. Жалпы билим берүү уюмунун директору ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), мамлекеттин жана коомдун алдында өзүнүн кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана жалпы билим берүү уюмунун уставына ылайык жекече түрдө жооп тартат.
65. Директор:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" жана "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамдарын, жалпы орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын сактап, ишке ашырат;
- билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органынын макулдугу боюнча педагогикалык кеңеш менен бирдикте жалпы билим берүү уюмунун негизги өнүгүү багыттарын аныктап, ишке ашырат;
- жарандардын жалпы орто билим алуу зарылчылыктарын канааттандырат;
- администрациялык-аткаруу органдарында жана башка мекемелерде жалпы билим берүү уюмунун укуктарын жана кызыкчылыктарын көздөйт жана коргойт;
- мугалимдерди жана техникалык персоналды тандоону жана жайгаштырууну жүргүзөт, педагогикалык кеңештин ишин жетектейт;
- билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы менен макулдашылган окуу планын мугалимдер менен бирдикте жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана негизги жалпы билим берүү программаларынын чегинде окуучуларды билимдеринин жеткиликтүүлүгүн жана сапаттуулугун камсыз кылат;
- класстан тышкары иштердин мазмуну аркылуу окуучулардын тарбиялоо ишин камсыздайт жана көзөмөлдөйт;
- мугалимдердин дасыктарын жогорулатууга жана алардын кесиптик өсүшүнө шарттарды түзөт, ошондой эле алардын аттестациясын өткөрөт;
- билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерин тапшырууну уюштурат жана аларды даярдоо үчүн бүтүрүүчүлөр жөнүндө тапшырылуучу маалыматтын тактыгын камсыздайт жана жооп тартат;
- балалыкты коргоо, жашы жетишпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча талаптарды контролдойт жана сактайт;
- жалпы билим берүү уюмунун каржылык-чарбачылык ишин жетектейт жана контролдойт:
- гранттардын жана инвестициялардын, ата-энелердин өз эрки менен тапшырган төгүмдөрүн, анын ичинде кошумча билим берүү кызматынан түшкөн кирешелерди да, натыйжалуу пайдаланууну контролдойт жана жекече түрдө жооп берет;
- жалпы билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын эсепке алуу жана сактоо, техникалык коопсуздугун жана санитардык-тазалык режимин сактоо, окуучулардын жана кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жооптуу болот жана алар үчүн жооп тартат;
- жетектеген билим берүү уюмунда өрткө каршы коопсуздук боюнча, ошондой эле окуу учурунда окуучулардын жана кызматкерлердин өмүрлөрүнө жана ден-соолуктарына коркунуч келтирген же алардын өмүрлөрүнө алып келген учурлардын татаалдыгына жана күнөөсүнүн деңгээлине жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигин жекече түрдө тартат;
- кызматтык милдеттерге, жалпы билим берүү уюмунун уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка да милдеттерди аткарат.
6. Мүлк жана материалдык-финансылык каражаттар
66. Жалпы билим берүү уюмунун уставдык ишин камсыз кылуу максатында уюштуруучу же ал ыйгарым укук берген орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте өзүнө таандык менчикти же өзү үчүнчү тараптан күрөөгө алган имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана башка мүлктү жалпы билим берүү уюмуна бекитип берет.
Жалпы билим берүү уюмуна жер үлүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган тартипте бекитилип берилет.
Жалпы билим берүү уюмуна бекитилип берилген мүлк билим берүү максатынан тышкары алынып коюлушу жана (же) ээликтен ажыратылышы мүмкүн эмес.
Жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучусу же ал ыйгарым укук берген орган жалпы билим берүү уюмунун имаратын пайдаланууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жалпы билим берүү уюмунун имараттарын тиешелүү техникалык, санитардык, өрткө каршы, экологиялык жана архитектуралык-эстетикалык абалда кармоого;
- объектти пайдалануунун бүткүл ченемдик мөөнөтүнүн ичинде, пайдалануу учурунда оңдоп-түзөө иштерин кошкондо долбоорлук-сметалык жана техникалык документтерди, техникалык көзөмөлдөө журналдарын сактоого;
- пайдаланылып жаткан имараттардын техникалык абалына беш жылда бир жолудан кем эмес экспертиза жүргүзүүгө;
- пайдаланылып жаткан объекттерге мезгил-мезгили менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө, имараттарды пайдаланууга көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Жалпы билим берүү уюму уюштуруучусунун макулдугу менен ашканасын жана спорттук залын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөгө берүүгө укуктуу.
Эгерде, жалпы билим берүү уюмунун негизги фонддорун үчүнчү тараптын пайдасына ажыратуу каралса, жалпы билим берүү уюму бүтүм түзүүгө укуксуз.
68. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмунун мүлкүн жана каржылоо ресурстарын топтоо булактары болуп:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
- уюштуруучу болуп саналган жекече жана юридикалык жактардын, чет өлкөлөрдүн жана жарандарынын каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган бюджеттен тышкаркы ишкердүүлүктөн түшкөн жалпы билим берүү уюмунун өзүнүн каражаттары;
- депозиттик салымдардан түшкөн кирешелер;
- жекече жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн да өз ыктыярлары менен кошкон каражаттары, кайрымдуулуктары жана максаттуу төлөмдөрү;
- кредиттер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка да булактар эсептелет.
69. Жекече жана юридикалык жактар белек, кайрымдуулук же керээз катары берген акчалай каражаттарына, мүлккө жана менчик объектилерине, ошондой эле өз ишкердүүлүгүнөн түшкөн кирешелерден жана ошол кирешеге сатып алынган менчиктик объектилерине да жалпы билим берүү уюмунун менчиктик укугу бар.
70. Жалпы билим берүү уюму өзүнүн карамагындагы акчалай каражаттарынын жана менчигинин чегинде өз милдеттери боюнча жооп берет. Жалпы билим берүү уюмуна көрсөтүлгөн акчалай каражаты жетпей калса, анда анын милдеттери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруучусу жооп берет.
71. Республикалык жана муниципалдык билим берүү уюмдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, каржылоо каражаттары болсо, жалпы билим берүү уюмдарын ченемдерден ашык каржылашы мүмкүн.
72. Жалпы билим берүү уюмунун финансылык-чарбачылык ишин мамлекеттик контролдоону текшерүү органдары тийиштүү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүшөт.
7. Эл аралык кызматташтык
73. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте чет өлкөлүк ишканалар (мекемелер, уюмдар) менен түз байланыш түзүүгө жана банк мекемелеринде валюталык эсептерин ачууга укуктуу.
8. Жалпы билим берүү уюмун жоюу жана өзгөртүп уюштуруу
74. Окуу жылынын аягында жалпы билим берүү уюму жоюлса же өзгөртүп уюштурулса, билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр) менен макулдашып, аларды башка жалпы билим берүү уюмдарына которуу боюнча жоопкерчилигин өзүнө алат.
75. Жалпы билим берүү уюмунун жоюлушу жана өзгөртүп уюштурулушу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлдүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамында аныкталган тартипте ишке ашырылат.