КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 394
Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында пайдалануучуга багытталган санариптик платформаларды жана сервистерди ишке киргизүү жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн инновациялык ыкмаларын жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн;
- калктын арасында пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүүгө байланышкан тиешелүү уюштуруучулук-техникалык чараларды көрсүн;
- зарыл болгон учурда пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн төлөм уюмдарын мыйзамдарда белгиленген тартипте тартсын;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын туруктуу негизде онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоону караган ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизсин.
2. Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоонун убактылуу тартиби 2024-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3541) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |