Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Долбоор |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 394 токтомуна) |
Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоонун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоонун убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын автоматтык режимде кайра каттоо үчүн багытталган жана жеке жактарга жайылтылат.
2. Транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын онлайн режимде мамлекеттик кайра каттоо (мындан ары - транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоболорго жана ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн багытталган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркеме же төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
сатуучу - жеке жак - транспорт каражатынын ээси;
сатып алуучу - төлөөнү жүзөгө ашырган жана транспорт каражатын сатып алуучу болуп саналган жеке жак;
адис - арыздарды кароого жана транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
"Транспорт каражаттарынын регистри" АМС - транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы;
"Face ID" бетти таануу сервиси - адамдын ким экендигин ырастоо максатында аны идентификациялоо үчүн бетти таануунун биометриялык технологиясы;
электрондук колтамга - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн колдонулат.
Ушул Тартипте колдонулуучу башка түшүнүктөр транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде пайдаланылат.
2. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо тартиби
4. Транспорт каражатын онлайн-кайра каттоо үчүн маалыматтык ресурста, анын ичинде "Face ID" бетти таануу сервиси аркылуу авторизациялоо үчүн аралыктан идентификациядан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууга тийиш.
5. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоого өтүнмө берет.
6. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо төмөнкү учурларда мүмкүн:
- сатуучу "ТК кароо" АМС аркылуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан алдын ала визуалдык кароодон өткөн учурда. "ТК кароо" АМСте ырасталган транспорт каражатын онлайн-кайра каттоо үчүн кароонун жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү 30 күндү түзөт;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик жана жарандык процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле нотариалдык конторалардын, банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын каттары жана кабарлоолору боюнча транспорт каражатына карата тыюу салуу же чектөөлөр болбогондо;
- "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСте транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар жана туумдар боюнча карыздары жөнүндө маалыматтар болбогондо;
- транспорт каражатына салыктык карыз болбогондо.
Бул Тартип кандайдыр бир чектөөлөрдөн бош транспорт каражаттарына жайылтылат. Мында аныкталган чектөөлөрдү алып салуу сатуучу тарабынан жүргүзүлөт.
7. Сатуучу жана сатып алуучу бир транспорт каражатын кайра каттоодо транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоонун бир эле сервисин (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын же башка санариптик инструменттерди) пайдаланууга тийиш.
8. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн сатуучу төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзүүсү зарыл:
- сатуучунун ким экендигин ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
- "Транспорт каражаттарын кайра каттоо" кызмат көрсөтүүсүн тандоо;
- сатуучунун бир нече транспорт каражаттары болгон учурда тизмеден ээликтен ажыратылуучу транспорт каражатын тандоо;
- эгерде сатуучу никеде турган учурда сатып алынган транспорт каражатын ээликтен ажыратып жатса, жубайы транспорт каражатын ээликтен ажыратууга макулдугун берүү үчүн транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде онлайн-идентификациялоодон өтүүсү зарыл;
- кайра катталуучу транспорт каражатынын наркын көрсөтүү;
- сатып алуучунун жеке идентификациялык номерин киргизүү.
Алдынкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаты болгон учурда, уруксатты транспорт каражатынын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө жол берилет.
9. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде каттоо арызынын электрондук формасы толтурулгандан кийин сатып алуу-сатуу келишими автоматтык режимде түзүлөт, ага сатуучу электрондук колтамга менен кол коёт жана транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу сатып алуучуга кабарлоо жөнөтүлөт.
10. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн сатып алуучу төмөнкүдөй иш-аракеттерди жүргүзүүсү зарыл:
- сатып алуучунун ким экендигин ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
- транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүн тандоо;
- автомототранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин жана энчилүү мамлекеттик каттоо белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдан сатып алынган сертификат болгон учурда сертификаттын номерин көрсөтүү;
- транспорт каражатын сатып алуу-сатуу келишимине электрондук колтамга аркылуу кол коюу;
- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төлөө. Төлөм электрондук формада жүргүзүлөт.
Төлөм системаларынын оператору төлөө фактысын ырастаган учурда сатып алуу-сатуу келишими транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСке жөнөтүлөт.
11. Арыз "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСке жөнөтүлгөндөн кийин транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси кабыл алынган датаны жана убакытты көрсөтүү менен транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө сатуучуну жана сатып алуучуну автоматтык режимде кабарлайт.
12. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо жумуш убагында, транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттө жүргүзүлөт.
3. Арыздарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
13. Арыз кабыл алынган учурдан тартып адис транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- транспорт каражатын ээликтен ажыратуу боюнча келишимди күбөлөндүрүүгө;
- сатып алуучуга транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана транспорт каражатына мамлекеттик каттоо номердик белгисин берүүгө.
14. Электрондук колтамга менен кол коюлган жана транспорт каражатын сатып алуу-сатуу келишиминин тараптары кол койгон электрондук арызды алгандан кийин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган сатып алуучуга транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик каттоо номердик белгисин берет.
15. Сатып алуучу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү, ошондой эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин колдонуудагынын ордуна алууга укуктуу.
4. Корутунду жоболор
16. Электрондук формада кызматтарды көрсөтүү процессинде берилген маалымат (жеке маалыматтарды кошкондо) пилоттук долбоордун катышуучулары тарабынан санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, блоктоодон, сыртка чыгып кетүүдөн жана жеке максаттарда, ошондой эле ушул Тартипке каршы келген максаттарда пайдалануудан корголууга тийиш.
17. Пилоттук долбоорго катышуучулар пилоттук долбоордун алкагында аларга белгилүү болгон маалыматка санкцияланбаган жетүү жана жайылтуу үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
18. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражатын онлайн-кайра каттоодо берилген документтердин аныктыгы жана маалыматтарды киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.