Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августу № 402
Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 311-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын бекитүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 18-августундагы № 66 (3515) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |