Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
|
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы № 402 токтомуна) |
Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдиктин белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу жол-жобосун регламенттейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоочу салык төлөөчү;
2) тобокелдиктерди башкаруу системасы (мындан ары - ТБС) - ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесин аткарбоо жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугунун тобокелдиктерин аныктоого багытталган системасы;
3) ТБС аныктай турган товарлардын импортунун салык салынуучу наркы (мындан ары - ТИСН) - Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу, тобокелдиктин белгилери бар товардын наркы, ал ТБСны колдонуу менен аныкталат;
4) арыз (FORM STI-136) - товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз (FORM STI-136);
5) ЕАЭБ КНС - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын кошумча нарк салыгы;
6) расмий өкүл (дистрибьютор, дилер) - даярдоочу завод же анын соода үйү менен дистрибьютордун же дилердин статусун ырастоочу дистрибьютордук же дилердик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу) бар соода уюму, ал дистрибьютордун же дилердин статусун ырастайт.
Бул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарында аныкталган маанилерде түшүнүлөт.
3. ТИСН ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу Товарларды импортунун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ TH) 10 белгиден турган цифралык коду бар товарларына коюлат.
4. Тизмек ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
5. Ташылып келген товар үчүн эсептөөлөрдө колдонулуучу ЕАЭБге мүчө мамлекеттин валютасынын курсу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык импорттолгон товарларды эсепке алууга кабыл алган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
2. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга карата ТИСН аныктоо жана колдонуу
6. Маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, түзүлүштөрдүн салык салынуучу наркын кошпогондо, ТИСНдин өлчөмү ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык аныкталуучу тиешелүү товардык позициянын орточо баасын эске алуу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ТИСН = Об - (Об * 30%)
мында:
Об - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон товарлардын орточо баасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарлардын орточо баасы акыркы (отчеттук) алтымыш күн үчүн салык төлөөчүлөр тарабынан берилген арыздардын (FORM STI-136) маалыматтарынын, ошондой эле салык төлөөчүлөр тарабынан акыркы (отчеттук) алтымыш күн үчүн квартал сайын таризделген электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтарынын негизинде ЕАЭБ ТЭИ TH коддорун тандоо жолу менен аныкталат.
8. ТИСНдин өлчөмү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ТЭИ TH кодуна ылайык импорттолгон товарлар үчүн квартал сайын белгиленет.
Эгерде кийинки мезгил үчүн ТИСН ушул Тартипте аныкталган тартипте белгиленбесе, өткөн мезгил үчүн белгиленген ТИСНдин өлчөмү колдонулат.
Маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнө, түзүлүштөргө ТИСНдин өлчөмү идентификациялоо оператору тарабынан берилген Мамлекеттик идентификациялоо системасынын маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын негизинде аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
9. ТИСНдин өлчөмү математикалык тегеректөө эрежелерин эске алуу менен улуттук валютада белгиленет (көрсөткүчтөрдүн 50 тыйындан аз мааниси болсо, аз жагына тегеректелет, 50 тыйын жана андан ашык болсо, сомго чейин тегеректелет).
10. Эгерде импорттоочу Тизмекке киргизилген товарды ташып келүүнү жүзөгө ашырса жана келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде товардын баасын ТИСНдин белгиленген өлчөмүнөн аз көрсөтсө, ЕАЭБ КНС боюнча салыктык милдеттенмени кыйыр салыктар боюнча салыктык отчетто маалыматтарды чагылдыруу менен ТИСНдин белгиленген өлчөмүн колдонуу аркылуу эсептелет.
Мисалы: салык төлөөчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан 10000 кг өлчөмүндөгү товарды ташып келди. Келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде 1 кг үчүн баасы 20 россия рубли өлчөмүндө көрсөтүлгөн. Импорттолгон товарларды эсепке алуунун эң акыркы датасы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн дата эсептелген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу 1 россия рубли үчүн 1,06 сомду түздү. Улуттук валютага которгондо 1 кг наркы - кг үчүн 21,2 сом (20 * 1,06). Тизмекке ылайык товарга ТИСН өлчөмү 1 кг үчүн 23,5 сомду түзөт. Мындай учурда ташылып келген товарга Тизмекте көрсөтүлгөн ТИСНдин өлчөмү колдонулат.
11. Эгерде импорттоочу Тизмекке киргизилген товарды ташып келсе жана келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде товардын баасын ТИСНдин белгиленген өлчөмүнөн жогору көрсөтсө, ЕАЭБ КНС боюнча салыктык милдеттенмеси келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша ТИСНди колдонбостон эсептелет.
12. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды тиешелүү коштоочу документтери жок ташып келүү фактылары аныкталган учурда ЕАЭБ КНС Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жана төмөнкү формула боюнча эсептелген орточо бааны колдонуу менен салык органы тарабынан чегерилүүгө тийиш:
Об = ТИСН/70%.
13. Товарларды ташып келүүдө импорттоочу тарабынан ЕАЭБдин КНС боюнча тийиштүү отчету берилбеген фактылар аныкталса, ЕАЭБ КНСи ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык эсептелүүгө жатат жана салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
14. Эгерде импорттоочу анын расмий өкүл (дистрибьютор же дилер) деген статусун ырастоочу документти көрсөткөн учурда маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, түзүлүштөрдү кошпогондо, товарларга карата ЕАЭБдин КНС боюнча салыктык милдеттенмеси товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша ТИСН колдонулбастан эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
15. ТИСНдин белгиленген өлчөмү менен макул болбогон импорттоочу бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди салык органына берүүгө укуктуу.
16. Салык органы бүтүмдүн тараптары колдонгон товардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесинин 4-бөлүгүн, 139-беренесинин 5-7-бөлүктөрүнө ылайык карап чыгат.
Эгерде салык органы тарабынан берилген ырастоочу документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негиздүү деп таанылса, КНС боюнча салыктык милдеттенме келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша ТИСН колдонулбастан эсептелет.
Эгерде салык органы тарабынан берилген ырастоочу документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негизсиз деп таанылса, КНС салык органы тарабынан ТИСНди колдонуу менен чегерилүүгө тийиш.
17. Ушул Тартиптин 14, 15-пункттарында көрсөтүлгөн товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:
- колдонуудагы бааларды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен материалдык ресурстарды жана товарларды жеткирүү боюнча келишим/контракт;
- инвойс/эсеп-фактура (кагаз же электрондук документ түрүндө);
- товардык-транспорттук коштомо кагаз (кагаз же электрондук документ түрүндө);
- ташылып келүүчү товардык-материалдык баалуулуктар үчүн төлөмдү ырастоочу төлөм документи (мындан ары - ТМБ) же себебин көрсөтүү менен ТМБ акы төлөнбөстөн жөнөтүлгөндүгү жөнүндө күбөлөндүрүүчү жеткирүүчүнүн тиешелүү документи;
- ЕАЭБдин техникалык регламентине шайкештик сертификаты же ветеринардык жана фитосанитардык сертификат же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ЕАЭБ укугунун талаптарына ылайык стандарттарга шайкештик жөнүндө декларация сыяктуу ТЭИ TH коду көрсөтүлгөн документ.
|
| Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдиктин белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибине тиркеме |
Форма
Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркынын өлчөмү белгиленген товарлардын ТИЗМЕГИ
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ TH коду | ТИСН өлчөмү | Өлчөө бирдиги |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|